Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:20

"Дордой" менен "Хосилот" футбол клубдары Ошто беттешет


Бишкектин "Дордой" футбол клубу менен Тажикстандын Фархор шаарчасынын "Хосилот" командалары беттешет. Азия конфедерациясынын 2017-жылдагы кубогунун экинчи тандоо оюндарынын алкагындагы беттеш бүгүн, 21-февралда Ош шаарында Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо өтөт.

Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиришкендей мелдеш саат 15:00до башталат. Билет баасы 100 сомдон сатылат.

Аталган эки команда бир жумадан кийин Тажикстанда жооптук беттешин өткөрүшөт. Бул тандоо мелдештеринде жеңип чыккан клуб Азия конфедерациясынын кубогунун тайпалык этабына жолдомо алат.

АФК-2017 кубогунун биринчи тандоо мелдештеринде "Дордой" клубу Түркмөнстандын Балканабад шаарынын "Балкан" клубу менен таймашып Ош шаарында 31-январда болгон алгачкы беттешинде 1:1 эсебинде тең чыккан. 7-февралда Түркмөнстанда конокто ойноп, талаа ээлерин 1:2 эсебинде утуп алышкан. (ECh)

XS
SM
MD
LG