Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:15

Арзыкулова: Зайналиев үч айда миллион сомдой киреше тапкан


Ашым Зайналиев.
Ашым Зайналиев.

Бишкекте тийиштүү лицензиясы жана диплому жок эле дарыгерлик менен алектенип жаткан Ашым Зайналиев үч айда миллион сомдой киреше табат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин Лицензия берүү бөлүмүнүн башчысы Бурул Арзыкулова билдирди:

- Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш башкармалыгынын сунушу менен биздин ички аудит бөлүмү эсептеп чыккан. 2016-жылдын июль-сентябь айларында 996 миң 590 сом киреше тапканы аныкталган.

Ашым Зайналиев Бишкектин Көк-Жар конушунда онкологиялык илдеттерди дарылаган клиника ачып алган. Былтыр 5-июлда анын колунда дарыланган 56 жаштагы аял көкүрөгүн кестирип салгандан кийин каза тапкан. Саламаттыкты сактоо министрлиги күч органдарына кайрылып, кылмыш ичи ачылган. Учурда бул иш сотко өтүү алдында турат.

Ал тапта дагы бир оорулуу көз жумганын “Ракка чогуу каршы турабыз” деп аталган коомдук фонддон маалымдашты.

Ашым Зайналиев өз дарегине айтылган айыптарды четке кагып келүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG