Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

"Кылым шамы": Митингчилер уруксат суроого милдеттүү эмес


Митинг уюштуруу тууралуу алдын ала маалымдоо милдет эмес, укук. Бул тууралуу бүгүн "Кылым шамы" укук коргоо борбору билдирүү тараттты.

Анда "Тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө билдирүүнүн жоктугуна, билдирүүнүн түрү, мазмуну менен берүү убактысынын сакталбагандыгына байланыштуу аны өткөрүүгө тыюу салууга жана чектөөгө, ошондой эле аны тийиштүү түрдө камсыздоодон баш тартууга жол берилбейт" деп Конституциянын 34-беренесинде жазылганы айтылат.

"Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери анын бошотулушун талап кылып 27-февралда Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында митинг өткөргөн.

Шаардык милициянын маалымат катчысы Олжобай Казабаев акциянын уюштуруучулары бул иш-чараны өткөрүү тууралуу алдын ала маалымдабаганы үчун жазага тартылышы ыктымалдыгын айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG