Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:04

Узап бараткан жумада президент Алмазбек Атамбаев Экинчи Дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына арналган Кытайдагы салтанатка катышып келди. Саясий партиялар 4-сентябрдан тарта үгүт өнөктүгүн баштады. Өкмөт башчы Темир Сариев жаңы экономикалык программасын жарыялады.

Үгүт башталды, жыйынтык кандай болот?

4-сентябрдан тарта 14 партия республика боюнча үгүт өнөктүгүн баштады. Ушул убактан добуш берүүгө бир күн калганга чейин партиялар үгүт иштерин жүргүзүшөт.

“Төшөгүңө жараша бутуңду соз” дегендей, партиялар чөнтөгүнө жараша телерадио, гезит-журнал, интернет жана кесипкөй үгүттөөчүлөр аркылуу өз үнүн, программасын жеткирүүгө аракеттенишет. Партиялардын шайлоого арналган каражатынын көпчүлүк бөлүгү көмүскө жол менен таратылса да, мыйзамдуу жол менен жумшай турган акчанын көлөмү көп нерседен кабар берет.

БШК көзөмөлдөп турган мына ошол каражаттын көлөмүнө көз сала турган болсок, анын өлчөмү боюнча “Өнүгүү” партиясы алдыга ат салдырбай келатат. Бул партия шайлоо фондуна 84 млн. сом салып, анын 82 млн. сомун жумшаган. Экинчи орунда 72 млн. сом менен “Республика Ата-Журт”, андан кийин КСДП 69 млн. сом менен, “Ата Мекен” 54 млн. сом, “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” 29 млн. сом менен турат. Калган тогуз партия 5-10 млн. сомдун тегерегинде шайлоо фондуна акча салышкан.

Партиялардын программаларына келсек, алар негизинен окшош. Ошондуктан кайсы партия солчул, кайсы партия оңчул же калктын кайсы катмарына кайсы партия басым жасарын ажыратып билүү кыйын.

Бирок көпчүлүк партиялардан айырмаланып азыркы бийлик системасын жоопкерсиз деп атап, конституциялык реформаны убада кылган партия “Республика Ата-Журт” болууда. Радикалдуу чакырык менен чыккан “Эгемен Кыргызстан” партиясы күрөөгө өз убагында акча салбады деп, БШКа тарабынан шайлоодон четтетилди. Ал “Атамбаевсиз бийлик, КСДПсыз парламент” деген ураанды көтөрүп чыгууну көздөгөн эле.

Шайлоолор Кыргызстандын туруктуулугу үчүн ар дайым чоң сыноо болуп келген. Аны эске алган бийлик шайлоого бара турган партия лидерлерин эртелеп теске салып, аларды көзөмөлгө алууда бир топ ийгиликке жетишти. Дээрлик бардык партия лидерлеринин президенттин дарегине сын айтуудан жайтайлоосунун, айрым учурларда тизмелерин макулдашуусунун сыры да ушул жакта жатат.

Бул жагынан алганда шайлоо жараяны бийликтин бекем көзөмөлүнө алынгандай. Бирок шайлоо мезгилиндеги адилетсиздик, административдик ресурсту опсуз пайдалануу нааразылыктын булагы болуп чыгышы деле ыктымал.

Күзгү парламенттик шайлоого катышпаган саясатчы Эркин Алымбеков шайлоонун тынч өтүүсү бийликтин аракетине жараша болот дейт:

Эркин Алымбеков

Эркин Алымбеков

- Эгер КСДПны жана клон партияларды өткөрөбүз деп, элдин эркин бурмаласа, ошондо тегеректеги кара күчтөрдүн баары шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразылыгын колдонуп, жаңжал чыгарышы мүмкүн.

Эркин Алымбеков биометрикалык технологияны колдонуу менен “бир адам - бир добуш” эрежесин ишке ашыруу бийлик тарабынан бурмаланышы мүмкүн дейт. Мындай пикирин ал БШКадагы системдик администраторлор, соттор бийликтин колунда деген жүйө менен бекемдейт.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы конуштарда кошумча шайлоо участокторун ачуу сыяктуу аракеттери келишпестиктин себеби болушу мүмкүн деген пикирде:

- Мыйзамга каршы келген жол менен участкалык шайлоо комиссияларын түзүп, чыр-чатактын болушуна негиз түзүп жатышат. Биринчиден, Конституция, Шайлоо кодекси боюнча дагы паспортсуз шайлоого катышууга мүмкүн эмес. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин айланасындагы жаңы конуштарда 39 шайлоо участогун ачып, форма 2 деген менен эле шайлай беришет деп атат. Бул мыйзамга каршы келет.

Азиза Абдирасулова Конституция, Шайлоо кодекси биометрикалык маалыматы жок эле добуш берүүнү кепилдерин, ошондуктан бул жерде да чатактын булагы жатканын кошумчалады.

Өкмөт башчы Темир Сариев чыр-чатактар чыкпашы үчүн шайлоодо жеңилген партиялар утулганын моюнга алып, четке чыгышы керектигин эскертүүдө. Андай эскертүүлөр ар бир шайлоо алдында айтылып келет. Бирок аны уккандар дайым эле боло бербейт.

Атамбаевдин Кытайга сапары

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кытайга сапары 2-сентябрда башталды. 3-сентябрда ал Бээжинде аскердик парадга көз салган мамлекет башчыларынын, жогорку даражалуу коноктордун катарында турду. Бул күнү Кытай Экинчи Дүйнөлүк согушта Жапонияны жеңгенинин 70 жылдыгын майрамдады.

Сапар учурунда кыргыз өкмөтү менен кытай өкмөтүнүн ортосунда кызматташуу боюнча үч документке кол коюлду. Анын бири чек араларда кызматташуу багытында болсо, экинчиси тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташууга байланыштуу болду. Ал эми үчүнчү келишимдин финансылык өзөгү бар. Ал келишимге ылайык Кытай Кыргызстанга 350 млн. юань грант бөлөт. Бул каражатка кыргыз бийлиги Бишкек шаарынын көчөлөрүн оңдоону пландаштырууда. Чындыгында 350 млн. юань Кыргызстан ченеминде чоң акча. Анткени ал азыркы курс менен эсептегенде 3.5 млрд. сомдун тегерегинде суммага барабар. Бул Кытай тарап Кыргызстанга бермекчи болгон 1 млрд. юань гранттын биринчи бөлүгү болуп калмакчы

Президент Алмазбек Атамбаевдин 31-августтагы билдирүүсүнө караганда, Бээжинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу талкууланмак. Алмазбек Атамбаев бул жолдун курулушу Кыргызстан үчүн пайдасыз деп 2013-жылы билдирген. Анын ордуна Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан багытында темир жол куруу максатка ылайыктуу экенин жарыялаган. Бирок аны куруу реалдуу эместиги көпчүлүккө маалым.

Кыргыз бийлиги Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча пикирин өзгөртүп, быйыл февраль айында Бээжинде келишимге жетишилген. Мына ошол келишимдин негизинде жолдун техника-экономикалык негиздемеси аяктоо алдында турат.

Кыргыз темир жолунун долбоорлоо жана куруу департаментинин башчысы Канат Абдырахманов негиздеме сентябрь айында түзүлөрүн маалымдады:

- Бүгүнкү күндө биз техника-экономикалык негиздемесин аяктап атабыз. Ушул айдын аягына карай толук бүтүрөбүз. Багыты боюнча айтсам, Торугарттан кирет. Торугарт-Ат-Башы ГЭСи-Макмал-Жалал-Абадга түшөт.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууда жолдун эни боюнча келишпестик чыккан. Бирок февралдагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Кытай тарап темир жолдун эни 1 метр 52 сантиметр болушуна макул болгон. Мындай стандартта КМШ мамлекеттеринин поезддери жүрөт. Буга чейин темир жолдун эни Кытай стандартына ылайык болот деп болжонуп, ал Орусиянын кескин каршылыгын жараткан. Кыргыз тараптын темир жолун курууну токтотуп коюусу ал кезде Москванын позициясына байланыштуу экени боолголонгон. Кыязы, 2014-жылдагы Украин кризисинен кийин Орусия менен Кытайдын жакындашуусу темир жолдун тагдырына да таасир эткендей.

Кыргызстан коомчулугунда темир жолду куруунун акысы үчүн Кытай кендерди алат деген каңшаар кептер чыккан. Бирок кыргыз өкмөтү жолду курууда жер участогун бөлүп берүү менен гана катышарын Кытай тарапка билдирген.

Саясат таануу илимдеринин доктору Аалыбек Акуновдун ырасташынча, темир жолдун курулушу Кыргызстанга пайдалуу:

- Бизге темир жол аябай эле керек. Анын биз аркылуу өткөнү жакшы. Улуу Жибек жолу деле биз аркылуу өткөн. Жол өткөн жер өнүгөт. Темир жолдун жээгине кампалар курулат, инфраструктура өнүгөт. Биз деңиз жолуна чыкпайбыз. Мындай шартта кандай варианты болсо деле темир жол бизге жакшы.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун Кыргызстандагы бөлүгү 2012-жылдагы эсепте 430 чакырым келип, баасы 6 млрд. доллардын тегерегинде деп болжонгон. Андан кийин жолдун багыттары жана пландары өзгөртүлгөн. Ошондуктан техника-экономикалык негиздеме даяр болгондон кийин темир жолдун баасы, аны куруунун жана өзүн-өзүн актоонун мөөнөттөрү айкын болмокчу.

Белгилүү болгондой Алмазбек Атамбаев Кытайдан кийин эле Иранга иш сапарга барды. Ал Ирандын лидери Хасан Роухани менен жолугуп, бир катар документтерге кол коюлганы маалымдалды.

Темир Сариевдин жаңы программасы

Өкмөт келерки жылдын бюджетин түзүп, аны парламенттин кароосуна жиберүүгө даяр экендигин ырастады. Бирок Жогорку Кеңеш 1-сентябрдан бери кворумдун жоктугуна байланыштуу пленардык отурумуна чогула албай жатат. Мындан кийин да депутаттардын сессияга чогулуусу күмөн. Анткени алардын көпчүлүгү кайрадан парламентке келүү үчүн үгүт өнөктүгүн жүргүзүүгө чыгып кетишти. Ошондуктан келерки жылдын бюджетин жаңы парламент жаңы өкмөттүн сунушу менен кабыл алышы мүмкүн.

Бирок Темир Сариев парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен өкмөт башында кала берерине ишенич артып алганбы, шайлоо жыйынтыгын күтпөй, 2017-жылга чейинки өкмөттүн иши боюнча программалык билдирүүсүн жарыялады. Бирок программадагы айрым жоболорду аткаруу үчүн бир-эки жыл эмес, андан көп убакыт талап кылынат. Маселен, Темир Сариев колго алууну көздөгөн экспортту, кесиптик билим берүүнү, финансылык тармакты өнүктүрүү сыяктуу иштер кыска мөөнөттө жемишин бериши кыйын.

Анткен менен Сариевдин билдирүүсүндөгү азыркы кезде жүргүзүлүп жаткан акча-насыя саясатын өзгөртүү максаты өзгөчө мааниге ээ. Темир Сариев акча саясаты инфляцияны ооздуктоого эле эмес, экономиканын өсүшүнө да багытталышы керек дейт.

Ал азыркы валюта саясатын импортту колдоого багытталганын белгилеп, эми аны экспортту колдоого буруу аркылуу балансташтыруу керектигин билдирди. Белгилүү болгондой, импортту колдогон өлкө улуттук валютасын туруктуу кармоого кызыкдар. Ал эми экспортту колдоо үчүн валютанын арзандашына жол берүү максатка ылайыктуу. Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев Темир Сариевдин программасында айтылгандар негизинен туура, бирок аны жүргүзүү жеңил эмес деген ойдо:

Айылчы Сарыбаев

Айылчы Сарыбаев

- Акча саясатын экспорт үчүн жүргүзүү - акчанын курсун өйдө же ылдый кылуу деген сөз. Эми бул механизмди негизинен дүйнөдөгү эң чоң өнүккөн өлкөлөр колдонуп келет. Ошол эле Америка Кошмо Штаттары, Кытай сыяктуу чоң-чоң өлкөлөр. Ал эми тырмактай Кыргызстан эч кандай экономикасы жок, эч нерсеси жок, экспорт эмес, ички базарын камсыздай албаган өлкө, анан туруп экспорт үчүн акча саясатын өз алдынча жүргүзүүсү өтө эле кыйын болушу керек.

Бирок Кыргызстанда акча-насыя саясаты инфляцияны ооздуктоо үчүн эле эмес, экономиканы өстүрүүгө багытталышын колдогон адистер деле бир топ. Маселен, экономика адиси Эркин Сакиев өзүнүн макалаларында Улуттук банктын саясаты инфляцияны ооздуктоо, акча курсун кармоого багытталбай, экономикалык өсүштү камсыздоого багытталышы керек деген пикирди билдирип келет. Бирок экономикасы өтө алсыз, импорттон көз каранды өлкөдө мындай саясат гиперинфляция, акчанын кунунун кетүүсүнө алып келчү опурталдуу кадам экени эскертилип келет.

Темир Сариев тобокелге барып, өлкөнүн финансы-акча саясатын өзгөртүүгө убактысы, мүмкүнчүлүгү жетишеби, аны айтуу кыйын. Анын үстүнө босогодо шайлоо турат.

Азыркы өкмөт даярдаган бюджетке келе турган болсок, ал 27 млрд. сомдук тартыштык менен түзүлгөн. Бюджеттин кирешеси 120 млрд. сомго жакын, чыгашасы 147 млрд. сомдон ашуун деп белгиленген.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG