Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:46

Кыргызстанда президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү соңуна чыкты. Анын жүрүшү мурдагы өнөктүктөрдөн эмнеси менен айырмаланды? Маалымат каражаттары бир талапкерге тарттыбы?

30-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Шайлоо жарыялангандан кийин ага талапкер катары катышуу ниетин билдиргендердин саны 86 киши болгон эле. Азыркы күнгө карай 16 талапкер калды.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүп, тизмелер БШКнын сайтына жайгаштырылды. Ага ылайык, азыркы мезгилге карай өлкөдө 3 млн. 34 миңден ашуун шайлоочу бар экени маалым болду.

Өткөн жылы парламенттик шайлоодо алардын саны 3 миллион 4 миңден ашуун болгон эле. Анда кошумча тизмеге киргизилгендердин саны 200 миңге чукулдап, бул парламенттик шайлоодогу эң ири жаңжалды пайда кылган жана шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизген.

Бул ирет да шайлоочулардын саны 3 миллион 34 миң экенинен күмөн санагандар жок эмес. Алар муну Орусия, Казакстанда жүз миңдеген мекендештердин эмгек миграциясында жүрүшү менен негиздешүүдө.
Эмгек мигранттарынын добуш берүүсү үчүн жетиштүү шарт түзүлбөгөнү айтылууда.

Мисалы, 500 миңден 1 миллионго чейин кыргыз мигранты бар Орусиянын аймагында үч гана добуш берүү участогу ачылган. Жүз миңдеген адамдардын мына ушул үч участокто добуш берүүсү мүмкүн эмес. Анын үстүнө Орусиянын жери абдан кең жана эмгек мигранттары мына ошол кең аймактын алыскы булуң-бурчуна чейин тарап кеткен.

Кыргызстан боюнча жалпысынан 2289 шайлоо участогу түзүлгөн. Ал участоктордо 30-октябрда эртең мененки саат сегизден кечки саат сегизге чейин добуш берүү уюшулат.

Байкоочулардын баркы

Мына ошол добуш берүүлөргө 56 өлкөдөн келген 725 байкоочу көз салат. Аларга кошумча миңдеген жергиликтүү байкоочулар да болот. Адатта мына ушул эл аралык байкоочулар шайлоо, референдумдардын мыйзам чегинде болгонун өздөрүнүн корутунду, билдирүүлөрү менен тастыктап же төгүндөп кетишет.

Бирок акыркы мезгилде байкоочулардын салмагы да, кадыры да төмөндөп баратканы айтылууда. Бул кыргыз мамлекетиндеги акыркы мезгилдеги башаламандыктарга, маселени укук, мыйзам аркылуу эмес, кимдин көчөгө чыгарган кишиси көп болсо, ошонун пайдасына чечүү калыптанып келатышы менен түшүндүрүлөт.

Ошондуктан Батыштан жана башка жактан келген байкоочуларга легитимдүүлүк эмес, шайлоо, референдумдардын ири жаңжалсыз, коопсуз маанайда бүтүүсү негизги фактор болуп калгандай.

Жолугушуулар кандай уюштурулду?

Талапкерлердин үгүт өнөктүгү 25-сентябрда башталып, 29-октябрда аяктады.

Үгүт өнөктүгү, шайлоочулар менен жолугушуулар эркин жүрдү. Айрым үгүт плакаттарын бузууларды эсепке албаганда, олуттуу чагымдар, кара пиарлар болгон жок. Бирок гезиттерде жөнсүз ушактар жарыяланып жатты.
Коомдук телеканалдын иш алып баруусу Акаев, Бакиев мезгилине салыштырмалуу бир топ башкача болуп калды. Бирок керек учурларда бир талапкерге тарткан учур Коомдук телеканалда орун алды.

Бийлик органдары талапкерлер менен шайлоочулардын жолугушуусун уюштурууну бир жактуу жүргүзүштү. Тагыраак айтканда, бийлик талапкери үчүн жолугушуулар уюштурулуп, калган талапкерлер четте калышты.

Ал эми уюштуруу дарамети, штабы күчтүү саналуу талапкерлер жолугушууларды өздөрү уюштурду жана алар бул жагынан ийгиликтерге жетишкени байкалып турду. Башкача айтканда, алдыңкы талапкерлердин жолугушууларына миңдеген шайлоочулар чогулуп, алар өздөрүнүн программасын, көз караштарын жеткирип, эл менен түздөн-түз байланыша алды.

Маалымат каражаттары кандай иштеди?

Үгүт өнөктүгүнүн маанилүү бөлүгү - телерадио жана гезиттер аркылуу маалымат жеткирүү. Бул багытта талапкерлер шайлоочуларга өздөрүнүн үнүн, программасын жеткирүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Бирок телеканалдарда, маалымат каражаттарында бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлгөн жок. Сыналгы жана радиодогу үгүт өнөктүгүнө Маалыматтык укук борбору байкоо салган. Бул уюмдун юристи Нуржан Мусаева телеканалдарда бардык талапкерлерге бирдей шарт болбогонун тастыктайт:

- Электрондук маалымат каражаттар боюнча айтсак, тең салмаксыз маалыматтар да берилип жатты. Көбүнчө маалымат программаларында үгүт материалдарын берүүдө мыйзам бузуулар болгон. Мисалы, Жалал-Абаддагы 7-канал, Коомдук телерадиокомпаниясы. Буларда көп эреже бузуулар болгон. Мисалы, маалымат программаларында рекламалык негизде берилет деген жазуусу жок эле үгүт багытындагы маалыматтарды берип жатышты. Талапкерлерге бирдей шарт түзүлгөн жок. Административдик ресурс колдонулуп жатканы эч кандай талдоосуз эле билинип турат.

Нуржан Мусаеванын айтымында, Коомдук телеканал бир талапкерге артыкчылык берип, анын мурунку иштерин даңазалап көп көрсөтүүгө аракет жасады.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев Коомдук телеканалда мурунку мезгилдерге караганда өзгөрүүлөр болгону менен бир талапкерге тартып койгон жагдайлар да орун алганын белгиледи:

- Коомдук телеканалдын иш алып баруусу Акаев, Бакиев мезгилине салыштырмалуу бир топ башкача болуп калды. Бирок керек учурларда бир талапкерге тарткан учур Коомдук телеканалда орун алды. Бирок жалпысынан алганда башка каналдарга караганда калысыраак чыгып жатат. Айрым каналдар эч чеги жок эле каралап жатты.

"Гезиттер ушактарга көп басым жасап кетти", - дейт Нуржан Мусаева:

- Гезиттерде көбүнчө негативдүү маалыматтар берилип жатат. Көп макалаларда адамдын жеке турмушу тууралуу жазып, жеке турмушуна кийлигишип, көбүнчө ушактарга таянып, эч бир фактысыз жазышат.

Гезиттерде үгүт өнөктүгүнүн чагылдырылышын Медиа Полис институту да иликтеген. Бул уюмдун жетекчиси Бегайым Усенова гезиттер көбүнчө шайлоого байланыштуу мыйзамдарды бузду дейт:

- Гезиттер көбүнчө “Шайлоо жөнүндөгү” мыйзамды бузуп, үгүт материалдарында акы төлөнгөнүн көрсөтүшпөдү. Андан сырткары көбүн эсе кыргыз тилдүү гезиттер маалыматтардын булагын көрсөтпөй, кээде ушактарга шилтеме жасап да жазып жатышты. Гезиттерде бир талапкерге артыкчылык берилип, башкасын каралаган макалалар болду. Маселен, бир талапкерге артыкчылык берип, анын өкмөт башчылыгы мезгилиндеги иштерине көбүрөөк орун берилип, мактоолор айтылды. Анын кызыкчылыгын көздөгөн саясат таануучулардын пикирлери, маектери жарыяланып жатты. Жалпысынан мурунку мезгилде гезиттерде Бакиев үстөмдүк кылса, эми башкасы болуп калды. Ошондуктан гезиттерде мурунку мезгилге салыштырмалуу өзгөрүү болгон жок.

Өлбөгөн административдик ресурс

Бул президенттик өнөктүктө административдик ресурс пайдаланылып, ал бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине, студенттерге жасалган кысымдар, жергиликтүү бийлик органдарынын бир талапкерге тарткан аракеттеринен байкалып турду. Мына ошонун айынан Борбордук шайлоо комиссиясы эки жогорку окуу жайдын жетекчилигине эскертүү жасады. Бийликтин талапкери да анын пайдасына административдик ресурс колдонулуп жатканын 27-октябрда теледебатта мойнуна алды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев бул өнөктүктө Кыргызстанда “көнгөн адат калган жок”, административдик ресурс колдонулду дейт:

- Мурун деле ушундай иштелчү, азыр деле ошондой иштелип жатат. Биздин шайлоодогу көнүмүш адатты өзгөртүш кыйын. Кандай болбосун бардык мүмкүнчүлүктү пайдаланууга бардыгы аракет жасашат.

Саясат таануучу Марат Казакпаев "административдик ресурсту пайдалануу орун алды, бирок анын масштабы мурункудай эмес" дейт:

- Менин оюмча административдик ресурс колдонулду. Бирок Акаев, Бакиев учурундагыдай эмес. Көбүнчө бийлик органдары бир талапкерге иштеп жатышат.

Акылбек Сариев

Акылбек Сариев

Маселе эми мына ушул административдик ресурстун добуштарды саноодо жана шайлоонун жыйынтыгын жарыялоодо пайдаланыш, пайдаланбашында калды. Бийлик тараптагылар шайлоону бир тур менен аяктоону көздөп, ошого аракет жасап жатканы, бул өлкө үчүн да ыңгайлуу болоору айтылууда. Анткени экинчи айлампада тирешүү күчөп, анын аягы кейиштүү болушу ыктымалдыгы белгиленип жатат.

БШКнын мурунку төрагасы Акылбек Сариев түзүлгөн кырдаалда бир тур менен жеңишке жетишүү татаал дейт:

- Эми талдап көргөндө бир тур менен бүтпөш керек. Бирок бир тур менен бүтүргөнгө аракет жасагандар көп. 16 киши дегендин өзү эле бир тур менен бүткөнгө мүмкүнчүлүк бербейт. Кандай болуп добуш берилет, кандай болуп жыйынтык чыгарылат, мына ошого жараша бир тур, же эки тур болот.

Ошентип бул жолку президенттик шайлоодо ким жеңери белгисиз болуп турат. Бул шайлоо мына ошонусу менен мурунку шайлоолордон айырмаланып турат. Анткени мурунку шайлоолордо кимдин жеңүүсү күн мурунтадан маалым болуп турган.

Ыйгарым укугу чектелген, бирок...

Бул шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү - президенттин ыйгарым укуктарынын олуттуу чектелүүсүнө карабай, бул кызмат үчүн күрөштүн курчтугу мурункулардан кем калбаганында болуп жатат.

Күрөштүн курчуусуна таасир эткен негизги бир нече фактор бар. Анын биринчиси, апрель окуясынан кийин бийликке келген күчтөр демилгени колдон чыгарбай, алган багытты аягына чыгарууга аракет кылуусуна байланыштуу. Алардын бийликти, өзгөчө президенттик кызматты колдон чыгарбоо аракетинин экинчи жагдайы да бар. Ал убактылуулардан башка президент бийликке келип калса, көп нерселерге жооп берүүгө туура келерине, "Мегакомдун" айланасындагы жана да башка коррупциялык иштердин кайра каралышына байланыштуу.

Албетте оппозициялык саясатчылар да катуу жол талашып, багытты бурууга бардык аракетин үрөп жатат. Анткени президенттин бийлиги канчалык азайтылбасын, анын колунда Сот, Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук кызматы, Эсеп палатасы сыяктуу таасирлүү органдар кала берген. Анын үстүнө алар бийликке келе турган болсо, баш мыйзамды өзгөртүп, күчтүү президенттик башкарууну орнотууну көздөп жатканын жашырышпайт.

Мына ушул факторлор президенттик кызмат үчүн күрөштү күчөтүп, анда административдик ресурс эле эмес, регионалдык фактор пайдаланылууда. Талапкерлер ооз жүзүндө, коомчулук алдында биримдикти айтып, бирок иш жүзүндө, маселен, команда түзгөндө, добуштарды алууда регионалдык факторго басым жасоодо. Шайлоочулардын да талапкерлердин мына ушундай амалынын жетегинде кеткендери арбын.

Бир гана Бишкекте мына ошондой көрүнүш жана тенденцияларга каршы аракет байкалып, ал эч кимге добуш бербөө чакырыгы жана аны колдогон акциялар менен коштолууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG