Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:34

Жогорку Кеңеш Кумтөрдү кайрадан текшерип чыгууну чечти. Өзбекстан ЖККУга мүчөлүгүн токтотконун жарыялады.

Өзбекстан өзү билет...

Өзбекстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчөлүгүн токтотконун 28-июнда жарыялады. Ташкендин бул кадамы мурунку СССРдин аймагында таасирин калыбына келтирүүгө аракеттенип жаткан Москва үчүн олуттуу сокку. Андан сырткары Бажы биримдигин кеңейтүү багытындагы Орусиянын аракеттери да жемиштүү болбошунан кабар берет.

Президенттик кызматка киришкенден кийин Владимир Путин тышкы сапарын алгачкы болуп Өзбекстанга жасап, бул мамлекеттин региондогу салмагын жогору баалаган эле. Путиндин сапары орус-өзбек мамилеси өрдөө жолунда болоорун кепилдегендей болгон. Бирок андай эместигин Ташкендин акыркы кадамы тастыктады.

Азыркы кезде Өзбекстан эмне себептен мындай кадамга барды деген суроолор жаралып турат. Айрымдар муну Ош окуясында ЖККУнун аракетсиздигине байланыштырса, башкалар Ташкендин Вашингтон менен жакындашып, Ооганстандан чыгарыла турган куралды Өзбекстанда калтыруу, мүмкүн аскердик база жайгаштыруу максаты менен байланыштырууда.

Экинчи вариант чындыкка көбүрөөк жакындай. Анткени АКШнын куралын көп өлчөмдө алуу менен Өзбекстандын аскерий тармагы НАТОнун стандартына бет алат. Бул Ташкенди Москва менен байланыштырып турган дагы бир жиптин үзүлүшүнө, көз карандысыздыгынын артышына алып келет. Ошондуктан буга Москва каршы чыгып, эки ортодо келишпестик пайда болгондой.

Андан сырткары Ташкен АКШнын аскерий базасын Өзбекстанда жайгаштырууга макул болушу мүмкүн. Эгерде маселе ушундай болуп чыкса, анда Ташкендин ЖККУдан чыгуусуна жүйө бар. Себеби ЖККУда жаңы жетишилген келишимге ылайык, уюмга мүчө мамлекеттин аймагына алыскы чет өлкөлөрдүн аскердик базасын жайгаштыруу үчүн ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн ар биринин макулдугу керек. Өзбекстан үчүн ЖККУ өлкөлөрүнөн уруксат сурап отуруу ойго келбеген иш.

Кыргыз парламентинин коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрагасы Токон Мамытов Өзбекстан буга чейин эле ЖККУнун формалдуу гана мүчөсү болуп келгенин белгилеп, анын мүчөлүктөн чыгуусун мындайча чечмеледи:

- Өзбекстан - эгемендүү мамлекет. Ошондуктан Өзбекстан кандай чечим кабыл албасын, биз аны сыйлашыбыз керек. Мен бул жерде кандайдыр бир тескери кете турган жараянды көргөн жокмун. Өзбекстан көп тараптуу мамиледен көрө, эки тараптуу мамилени өнүктүрүүгө өтүү туура экенин эч качан жашырчу эмес. Ошондуктан азыркы чечими ушуга байланыштуу деп ойлойм. Экинчиден, глобалдык жараяндарга байланыштуу болсо керек.

Токон Мамытовдун айтымында, Өзбекстан алты ай бою ЖККУнун мүчөсү катары кала берет. Анткени уюмдан чыгуу ниети алты ай мурун маалымдалышы керек. Өзбекстан ЖККУда өзүн ыңгайлуу сезбегени үчүн ушундай кадамга барды. Демек ЖККУнун ар бир мүчөсү өзүн ыңгайлуу сезиш үчүн уюмду реформалоо зарылдыгы келип турат.

Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Мирослав Ниязов Өзбекстандын чечими Москва үчүн жагымсыз болду деп эсептейт. Анын айтымында, Ташкендин бул кадамы ЖККУ үчүн дурус эмес:

- Бул ЖККУ үчүн жакшы көрсөткүч эмес. ЖККУну бириктирип, коопсуздук багытында чогуу аракет жасайлы деген максатына Орусия жетпей жатат. Келечекте коопсуздугубузду бирге сактасак болот эле. Бирок ар бир мамлекеттин өзүнүн көз карашы бар. Өзбекстандын өзүнүн көз карашы бар болсо керек. Аны менен биз макул болобузбу, макул болбойбузбу, бирок бул Өзбекстандын эрки.

Мирослав Ниязов Ташкендин кадамы АКШнын Ооганстан саясаты, андан чыгарыла турган куралга байланыштуу экенин четке каккан жок.

Ташкендин жакын кошуналары менен да мамилеси жакшы эмес. Акыркы мезгилде Тажикстан менен мамилеси кескин курчуп турат. Кыргызстандын дарегине да Өзбекстандан нааразылык көбүрөөк айтыла баштады. Маселен, акыркы күндөрү Ташкен Сохту айланып өтүүчү жол, Камбар-Ата ГЭСинин курулушу боюнча терс пикирлерин билдирди.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмун түзүү келишимине 1992-жылы Ташкенде кол коюлган. 1999-жылы Өзбекстан уюмдан бир ирет чыгып, Анжиян окуясынан кийин кайра мүчөлүгүн калыбына келтирген эле.

Эки кармашта тең бийлик утуш менен чыкты

Кыргызстандын ички саясаты мурунку апталарда башталган жараяндардын жыйынтыкталышы менен коштолду. Башкы прокуратура жана Улуттук коопсуздук кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевди эки айга абакка отургузууга жетишти. Ал эми парламент Кумтөргө байланыштуу токтомун кабыл алды.

Эки маселеде тең оппозиция ийгиликке жетише алган жок. Узак мөөнөттүк келечекте ким мөөрөйлүү болуп чыгышы белгисиз. Тактап айтканда, бийлик тактикалык жеңишке жетишти. Бирок келечектеги стратегиялык кармаштарда эки маселе тең кайсы тараптын пайдасына ойноору белгисиз.

Маселен, Түлеевди алсак. Мурдагы мэр шаарды автобус, троллейбустар менен камсыздоо, тазалоо жана жолдорду оңдоо, иретке келтирүү менен элдин эсинде калган. Аны коррупционер деп канча айыптаган менен эл эсинде иштеген мэр катары турат. Анын үстүнө азыркы мезгилде Бишкек шаардык кеңешине шайлоого кармаш күчөп келатат.

”Прогресс” фондунун жетекчиси Адил Турдукулов:

- Ошол эң негизги себеп болуш керек деп ойлойм. Анткени шаардык кеңешке шайлоого даярдык оппозиция тараптан да, бийлик тараптан да абдан күчтүү болуп жатат. Бул жерде ортого коюлган байге абдан чоң. Анткени шаардык кеңеш шаардын маселелери менен алек болбостон, бүткүл республикага таасири тийип турат.

Нариман Түлеевди коррупциянын символу катары көргөндөр да жок эмес. Маселен, “Апрель байрагы” уюмунун мүчөлөрү Түлеевдин камалашын жактап акцияга чыгышты. Уюмдун мүчөсү Тариэл Искаков:

- Бизде коррупционер кармалса эле кайра бошотулат. Бизге Түлеевби, же башкабы айырмасы деле жок. Негизгиси мамлекеттин мүлкүн жеген адамдар жазасын тартабы, бул аягына чыгабы деп көзөмөл кылалы дедик.

Нариман Түлеевдин камакка алынышы бир жагынан депутаттардын кол тийбестиги шарттуу экенин көрсөтсө, экинчи жагынан коррупцияга каршы күрөштө бийликтин укуругу узундугун, кимди болбосун жоопко тартууга мүмкүнчүлүгү бар экенин көрсөттү. Демек күрөш реалдуу болсо, анда алдыда дагы камакка алуулар күтүлөт.

Нариман Түлеевдин камакка алынышы депутаттардын үрөйүн учурбаса да, түмөн түйшүккө салды. Парламентте маселе көтөрүлүп, Түлеевди кармоонун мыйзамдуулугун текшерген депутаттык комиссия дароо түзүлдү. Күтүлгөндөй эле адегенде комиссия мүчөлөрү депутатты кармоодо мыйзам бузуулар болгонун белгилеп, башкы прокурор Аида Салянова жана УКМКнын башчысы Шамил Атахановду кызматтан алуу маселесин көтөрүп чыкмак болду. Бирок соңунда комиссия мүчөлөрү ага дааган жок. Алар мыйзам бузуулар болсо да аны УКМКнын башчысы жана башкы прокурор өзү талдап алсын деген жыйынтыкка келишкенин парламентте жарыялашты.

Маалым болгондой, Кумтөр маселесин оппозициялык фракциянын лидери көтөрүп чыкты. Депутаттык комиссияны да жетектеген Садыр Жапаров өз иликтөөсүнүн соңунда Кумтөр боюнча мурунку жетишилген келишимдерди жокко чыгарып, алтын кенин Кыргызстанга кайтарууну көздөгөн радикалдуу чечимди сунуштады.

Кумтөргө байланыштуу жумшак чечим калк ичинде кандай ойлорду пайда кылаарын түшүнгөн башкаруучу коалиция адегенде мындай чечимге каршы чыга албай, бирок акырындап демилгени колуна алды. Соңунда “балта көтөрүлгөнчө - дөңгөч эс алат” дегендей күзгө чейин Кумтөрдү дагы бир ирет текшерип чыгууну чечишти.

Кабыл алынган чечимге ылайык, 5-июлга карай мамлекеттик комиссия түзүлөт. Комиссия октябрь айына чейин иликтөөсүн жүргүзүп, 1-ноябрга чейин парламентке жасалган иш тууралуу маалыматын берүүгө тийиш.

Эгерде мамлекеттик комиссиянын чечими азуусуз болуп чыкса, Кумтөрдө азыркыдай абал кала берсе, анда бул бийлик Кумтөргө карата Акаев жана Бакиевдин саясатын улантты деген кеп пайда болот. Бул бийликтегилерге келечекте упай алып келбейт.

Кыргыз парламентиндеги Кумтөргө байланыштуу кызуу талаш-тартыштар “Центерра Голддун” акцияларынын баасынын кескин арзандашына алып келди.

Өкмөт аман калды

Жогорку Кеңештин жайкы эс алууга кетер алдында өкмөттү кетирүү боюнча “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракцияларынын аракети ишке ашпай калды. Маселени парламенттин күн тартибине алып чыгууга жетиштүү кол топтолду. Ал төрагага тапшырылды. Бирок маселе каралбай калды. Анын натыйжасында өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун бир буту үзөңгүдөн чыгарылгандай абалда калды.

Маселенин “абада асылган” бойдон калышына КСДП фракциясы кызыкдар болду. Президент жана анын фракциясы азырынча “оюнга” кошулбай турууну чечти.

Фракция лидери Чыныбай Турсунбеков аны мындайча негиздеди:

- Кыргызстанда туруктуулук керек. Өзгөчө туристтик эки айлык сезонду жакшы өткөрүп алышыбыз керек. Мен биринчи кезекте мына ушундай көз караш менен караганда өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин кароо туура эмес деп эсептейм. Экинчиден, албетте өкмөткө кине койо турган олуттуу себептер бар. Биринчиден, экономикалык абал оор болуп турат. Экинчиден, сот реформасын колдоонун чабалдыгы.

Президент жана анын фракциясы тарабынан колдоо болбогондуктан, эки ортодо “ойногон” депутаттардын саны да көбөйүп кетти. Муну “Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Камчыбек Ташиев мындайча мүнөздөдү:

- Демилге көтөрүп, кол койгон депутаттардын арасынан көпчүлүгү өздөрү кол коюп алып, анан кийин өкмөт, министрлер менен сүйлөшүп алып, өздөрүнүн жеке, үй-бүлөсүнө байланышкан жумуштарын бүтүрүп, кайрадан өздөрүнүн атын сызып салган депутаттар бар. Соодалашуунун негизинде көптөгөн депутаттар өкмөт менен коюн-колтук алышып калды. Бул маселе бүгүн каралабы, эртең каралабы, кайсы күндө болгондо да өкмөттүн кызматтан кетиши бышып жетилди. Жакынкы арада ал маселе чечилиш керек.

Ошентип башкаруучу коалиция ичинен чыккан чабуулга өкмөт туруштук бергендей болду. Бул ирет да Өмүрбек Бабанов бул жагынан президент Атамбаевге милдеткер болуп калды.

Бирок жергиликтүү кеңештерге, анын ичинде Бишкек шаардык кеңешине шайлоого өз партиялары менен жарышка чыгып жаткан президент менен өкмөт башчы бири-бирин атаандаш көрүп, соңунда жолдору эки айры кетиши мүмкүн. Ага жол бербеш үчүн Өмүрбек Бабанов тизгинин бир аз тартыш керек. Ансыз да Бабанов жана анын “Республикасы” баарын ээлеп алды деген нааразылык КСДПнын катарында абдан күчтүү. Ошондуктан депутаттардын колун топтоп, Бабановдун тагдырын илинчекке илип коюу көп күчтөргө ыңгайлуу.

Өкмөттү парламент эле эмес, Максим Бакиевдин мурунку өнөктөштөрү да сотко берип, айласын кетирүүдө.

Азыркы кезде өкмөт эл аралык соттордо Азия универсал банктын кожоюну Михаил Надель жана “Манас" банкынын” ээси Валерий Белокондун доо арыздарын майтарууга камданууда.

Өкмөттүн аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Мамыровдун айтымында, Наделдин доосуна каршы туруу үчүн өкмөт "Winston & Strawn LLP" аттуу эл аралык юридикалык компанияны тандап алды. Бул компанияга кызматы үчүн 1 млн. доллар төлөнөөрү айтылууда. Ал эми Валерий Белоконь менен соттошууда Кыргызстандын кызыкчылыгын "Lorenz" аттуу юридикалык компания коргомокчу.

Бул соттошуулардан кайсы тараптын утуп чыгаары азырынча белгисиз. Бирок мөөрөйгө коюлган байге ондогон миллион доллар болору талашсыз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG