Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:12

Этностор аралык жаңжал, стратегиялык объекттерди басып алуу жана жол тосуу сыяктуу башаламандыктарды басууда куралдуу күчтөрдү колдонууга уруксат берилиши мүмкүн.

Мындай укук президенттин алдында жаңыдан түзүлө турган Куралдуу күчтөрдүн генералдык штабына берилет. Бул боюнча тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү парламент биринчи окууда жактырды. Парламенттик оппозиция болсо мыйзам долбоорундагы кризистик кырдаалдарда куралдуу күчтөрдү колдонууга кооптонуусун билдирди.

“Куралдуу күчтөр жана коргоо тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөр кризистик кырдаалда Генералдык штабдын ыкчам чечим кабыл алуусуна багытталган. Генералдык штаб куралдуу күчтөрдүн кол башчысына гана баш ийип, кризистик учурларда Коргоо министрлиги, Чек ара кызматы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Ички иштер министрлиги жана башка ушул сыяктуу аскерий күч түзүмдөрдүн башын бириктирет. Ошондой эле Генералдык штаб иш - чаралардын мерчемин бекитип, аскер бөлүктөрүнүн жана бирикмелеринин жайгашуусун аныктайт.

Коргоо министрлигинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Курманбек Насиров мында Башкы штабга кризистик кырдаалда куралдуу күчтөрдү колдонууга уруксат берүү укугу ыйгарыла турганын белгиледи:

- Мыйзамдагы өзгөртүүлөрдө кандай кырдаалдар кризистик кырдаалга кире турганы көргөзүлдү. Качан жана кандай шарттарда Куралдуу күчтөрдүн кайсыл бөлүгүн кайсыл аймакка колдонууга уруксат бере турган жагдайлар аныкталды. Баш мыйзамдын негизинде мына ошондой кризистик кырдаалдын белгилери болгон учурда куралдуу күчтөрдү колдонууга болот деген шарттар камтылды. Эмнеге дегенде 2010-жылы Оштогу коогалаңда чечим чыкпай туруп калгандыктан, үч күндө канча жаран кайтыш болду. Мына ошондуктан ыкчам негизде чечим кабыл алуу үчүн Генералдык штабга ошондой укук берүүнү сурап жатабыз.

Өзгөчө абал жана техногендик кыйроолор сыяктуу кризистик кырдаалдарга этникалык кагылышуу, стратегиялык объекттерди басып алуу жана жол тосуу сыяктуу аракеттер киргизилген. Ошол эле кезде мыйзам долбоорунда куралдуу күчтөрдү мамлекеттин ички саясий маселелерин чечүү үчүн пайдаланууга тыюу салынаары жазылган.

“Аяр” иштерди чечүүгө армиянын кереги барбы?

Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынан депутат Надира Нарматова аталган ченем киргизилгенине карабастан бул мыйзамда куралдуу күчтөрдү ички нааразылыктарды басуу үчүн колдонууга негиз берчү шарттар бар деп кооптонду:

- Жарандар акыйкат таппай, эч ким аларды укпай койгондо аргасыздан бийликке болгон нааразылыгын жолдорду тосуу аркылуу жеткирип жатышпайбы. Бул бүгүнкү күндөгү чындык. Анан ошондой учурларда куралдуу күчтөр колдонулат деп мыйзам долбоорунда атайын эскертме менен так эле көрсөтүлүп турат. Бул деген нааразылык акциясына чыккан адамдар менен куралдуу күчтөрдүн ортосундагы кагылышка себеп болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Анткени эл мыйзам чегинде аракет кылганынан майнап чыкпаганда мыйзамсыз чараларга барган учурлар аз эмес.

Мурдагы аскер прокурору, парламент депутаты Курмантай Абдиев элдик толкундоолорду басууга куралдуу күчтөрдү аралаштырбоо сунушу менен чыкты. Мына ошондуктан Абдиев ага негиз бере турган укуктук негиздер мыйзам долбоорунан алынып салынышы керектигин билдирди:

- Кандайдыр бир элдик толкундоолор учурунда куралдуу күчтөрдү колдонууга бөгөт коюшубуз керек. Куралдуу күчтөрдүн бирдиктүү жана ыкчам аракеттенгени жакшы. Бирок мына ошол эле мыйзамдын негизинде буга чейин коомдук тартипти көзөмөлдөп келген ички аскерлер менен Улуттук гвардиянын биригип жатканы кандайдыр бир кооптуу ойго түртөт. Митингдер, пикеттер же башка бир саясий же социалдык мүнөздөгү каршылык акцияларына куралдуу күчтөрдү эч качан аралаштырбоо керек. Мындай учурда кырдаалды жөнгө салуунун башка тынч жолдору колдонулат деп так жазышыбыз зарыл.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери болсо куралдуу күчтөр саясий акцияларды басууга колдонулат деп кооптонууга негиз жок дешет. Анткен менен мыйзам долбоорунда тынч саясий акциялар барып-барып жол тосуу, басып алуу сыяктуу каршылык көргөзүүгө өтүп кеткен шартта кандай чечим кабыл алынаары эске алынбай калган. Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин мүчөсү Исмаил Исаков бул мыйзам ыкчам чечим кабыл алуу үчүн зарыл экенин айтып, андагы айрым кемчиликтер талкуу учурунда оңдолгонун билдирди:

- Мында куралдуу адамдар жол тосуп, стратегиялык объекттерди басып алган же башаламандык уюштурган учурда гана куралдуу күчтөр колдонулат деген сүйлөм жазылбай калган экен. Биз аны комитетте талкуулап жатканда эле карап, оңдоолорду киргиздик. Бирок мындай элге коркунуч алып келе турган укуктук ченемдер жок. Куралдуу күчтөргө эмнелер кирет деген маселеде айрым бир так эместиктер бар экен. Анын бардыгын кийинки окууларда тактайбыз.

Коргонуу жана коопсуздукту чыңдоого багытталган бул мыйзам долбоору биринчи окуудан көпчүлүк добуш менен жактырылды. Аскерий доктринанын алкагында иштелип чыккан Куралдуу күчтөр жана коргоо тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр үч окуу менен кабыл алынат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG