Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:45

Башкаруучу коалиция күч структураларын жетектеген вице-премьер-министрлик кызматты “Ата-Журт” фракциясынын лидери Мыктыбек Абдылдаевге сунуштады.

Бул кызматты аркалап турган Шамил Атаханов Батукаев жаңжалы жана Жети-Өгүздөгү окуялардан кийин кызматтан бошотууга арызын берген эле. Оппозициялык фракциянын лидерине болгон сунуштун келечеги кандай болот?

Башкаруучу коалициянын лидери Феликс Куловдун маалымат каражаттарына билдирүүсүнө караганда, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев күч структураларын жетектеген вице-премьер-министр кызматына “Ата-Журт” фракциясынын лидери Мыктыбек Абдылдаевдин талапкерлигин сунуштаган. Башкаруучу коалициянын лидерлеринин баары бул сунушту колдоого алган.

Өкмөттүн маалымат катчысы Мелис Эржигитов бул маалыматты тастыктап, бирок расмий сунуш бериле электигин айтты:

- Оозеки сөз болгон. Бирок кат жүзүндө эч нерсе болгон эмес. Азыр башкаруучу коалицияда консультациялар жүрүп атат. Анан эми конкреттүү бир талапкерди айтуу эрте. Консультациялардын жыйынтыгы көрсөтөт.

Башкаруучу коалиция талкуулаган бул сунушту токтоо, кесипкөй саясатчыны өз тарабына тартуу жана пайдалануу катары баалоого болот. Ошол эле мезгилде Мыктыбек Абдылдаевдин статусун түшүнбөгөндүк катары кароого болот. Анткени Мыктыбек Абдылдаев азыркы кезде оппозициялык фракциянын лидери. Ал өкмөттөн түшүп жактан сунушту кабылдаш үчүн өзү жетектеген “Ата-Журт” фракциясы көпчүлүк коалицияга кошулуусу керек же өзү фракциядан чыгып, эркин депутат катары чечим кабыл алышы керек.

Мыктыбек Абдылдаев бул кыйчалыш абалдан контрсунуш берүү менен чыгууну көздөдү окшойт. Ал көпчүлүк коалицияга кайрылып, вице-премьер-министрлик кызматка Феликс Кулов же Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин карап көрүүнү сунуштаган.

“Ата-Журт” партиясынын төрагасынын орун басары Данияр Жаныкулов өкмөттөн түшүп жаткан сунушка карата мындай пикирин билдирди:

- Менин оюмча, бул эми өкмөттүн кырдаалдан чыгуу үчүн жасаган далалаты, амалы. Бул вице-премьер-министрлик кызматтын өзүнүн орду жок. Менимче, жакын адамынын көңүлү үчүн түзүлүп калган орун. Мыктыбек Абдылдаевдин ал кызматка көрсөтүлүшү сөз жүзүндө болуп жатат. Расмий сунуш болгонун уга элекмин. Эгерде сунушка макулдук берип, бара турган болсо, анда фракция толугу менен көпчүлүк коалицияга кошулушу керек. Анда коалиция бузулуп, жаңы коалиция түзүлөбү? Бул бир топ талаш-тартышты жарата турган маселе. Менин оюмча Мыктыбек Абдылдаев өзү деле ага барбайт болуш керек. Бирок эгерде сунушталган кызматка макул болуп бара кала турган болсо, анда партияда каралыш керек.

Башкаруучу коалициянын курамында да өзгөрүүлөр күтүлүп жатканы белгилүү. “Республика” фракциясы коалицияга төртүнчү болуп кошулууга камданып, эки тараптан жумушчу топтор иштеп жатканы маалым.

Жогорку Кеңештеги бул кыймылдар башкаруучу коалициядагы ыйкы-тыйкыдан кабар берет. Анын себеби Батукаев жаңжалына байланыштуу.

Азиз Батукаев

Азиз Батукаев

Белгилүү болгондой “Ата Мекен” фракциясы Батукаевдин бошотулушун кескин айыптаган. Бул фракциянын лидерлеринин бири Болот Шер башында турган депутаттык комиссия Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар күч структураларынын жетекчилерин кызматтан бошотуу талабын койгон. Аны аткарууга парламент 10 күн мөөнөт берген. Ал мөөнөт 12-июнда соңуна чыкты.

Ал эми күч структураларынын жетекчилери өз ордунда кала берүүдө. Ошондуктан “Ата Мекендин” коалициядан чыгуу маселеси көтөрүлүшү мүмкүн. Мындай шартта башка фракциялар менен коалицияны бекемдөө КСДП үчүн өтө зарыл. "Республика" өзү келатат.

Ал эми Мыктыбек Абдылдаев аркылуу “Ата-Журтту” ымалага тартуунун мааниси да ушул жакта жаткандай.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG