Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:02

“Ата-Журт”: бир казанда үч баш кайнабайт


"Ата-Журттун" Жалал-Абад шаарындагы митинги, 10-апрель, 2012-жыл
"Ата-Журттун" Жалал-Абад шаарындагы митинги, 10-апрель, 2012-жыл

“Ата-Журт” партиясынын кезексиз курултайында анын лидерлеринин ортосунда саясий карама-каршылык ажырымга жетип калганы байкалды.

Курултайдын ишине партиянын парламенттеги 28 фракция мүчөсүнүн ичинен үчөө гана катышты.

Парламенттеги айрым бир партиялаштарына нааразы болгон “атажуртчулар” жаңы саясий кеңешти бекитип, партиянын төрагалыгына бирден-бир лидер катары мурдагы теңтөрагалардын бири Камчыбек Ташиевди шайлады.

Жолдон түшүп калган жолоочулар

"Ата-Журт" партиясынын кезексиз чакырылган курултайы жетекчиликтин отчеттук баяндамасын уккан соң, партиянын ичиндеги абалды талкуулоого басым жасады. Парламенттик шайлоодо чоң ийгиликке жетишкен саясий уюмдун коомчулукта бедели түшүп баратканы айтылды. Анын себептери катары айрым курултай делегаттары партиянын кээ бир мүчөлөрүнүн партиялык кызыкчылыкка доо кетирип жатканын мисал келтиришти.

“Ата-Журт” партиясынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн башчысы Азамат Кенжебаев президенттик шайлоо учурундагы айрым партиялаштарынын позициясын белгиледи:

- Биз күнөөнү өзүбүздүн партиянын ичинен да издешибиз керек. Мына ошол бурмаланган шайлоо өтүп, биздин добуштар уурдалып, биздин шайлоочулар өздөрүн тизмеден таппай калып жатканда биздин партиянын лидерлеринин бири Келдибеков парламентте спикер болчу. Мына ошол мыйзам бузуулар тууралуу чара көрбөй эле койсун, бир калыс сөзүн айтканга жараган эмес. Бизде мына ошондой башы көрүнгөн партиялаштарыбыз көп болду.

Курултайдын айрым катышуучулары парламенттеги “Ата-Журт” фракциясынын айрым депутаттары анын оппозициялык аброюна шек келтирип жатканын сынга алышты. Айрыкча өкмөткө ишенбестик көрсөтүү демилгеси көтөрүлгөн учурда “Ата-Журт” фракциясынын бир топ мүчөлөрүнүн принципсиздиги байкалды деп айыпташты.

“Ата-Журт” партиясынын Чүй облусу бөлүмүнөн Алмазбек Атаханов партиянын беделине шек келтирген мүчөлөрдү алардын депутат экендигине карабастан катардан чыгаруу демилгесин көтөрдү:

- Биздин партиянын атынан депутат болуп шайлангандардын арасында бузукулары да бар. Өкмөт менен ымалага келип, бийликтин арыгын чаап жүрүшкөнүн байкап эле жүрөбүз. Эмнеге аларга биз чара көрө албайбыз? Бизге "Ата-Журт" деген поездге жолдон эле кошула калган жолбун жолоочулар кошула калгандай сезилет. Анан алар депутаттык мандат деген аялдамасына жеткенден кийин партиянын иши, элдин кызыкчылыгы дегенге кайдыгер карап жатышат.

Ажырымга алып келген амбициялар

Аталган курултайга “Ата-Журт” партиясынын лидерлеринин бири болгон Акматбек Келдибеков сыяктуу көпчүлүк депутаттар келишкен жок. Анын себептерин түшүндүрүүдөн аталган депутаттын жардамчысы баш тартты.

Курултайга катышуудан баш тарткан Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынан дагы бир депутат Курманбек Осмонов лидерлердин жеке дымагына байланышкан партиянын ичинде ажырым пайда болгонун ачыктады:

- Партиянын лидерлеринин ортосунда жик кетти. Биздин партияга Ташиев, Келдибеков жана Жапаров теңтөрага. Анан Келдибеков баштаган топ шайлоодо Ошто эң чоң колдоого ээ болгонбуз. Жалал-Абад менен Ысык-Көлдөн бизчелик добуш алынган эмес. Анан ошол лидерлик маселесинде ушул жагдай да эске алыныш керек эле. Бирок мында "партияны өзүм гана башкарам" деген жолбашчылык болбош керек да. Менимче экинчи тарап мына ошондой жолго түшүп алды көрүнөт.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров
Курултайдын жүрүшүндө анын катышуучулары мурдагы саясий кеңешти жокко чыгарып, 35 адамдан турган жаңы курамды бекитти. Ошондой эле партиянын төрагалыгына бирден-бир талапкер катары көрсөтүлгөн Камчыбек Ташиев бир добуштан шайланды.

Шайлоонун алдында партиянын теңтөрагаларынын бири Садыр Жапаров фракция лидерлигин жетектеп жаткандыктан өз ыктыяры менен кызматты тапшырып бергени жарыяланды. Бирок экинчи бир төрага Акматбек Келдибеков партияны жетектөөдөн баш тарткандыгы тууралуу эч нерсе айтылган жок.

Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынан депутат Жылдыз Жолдошева буларга токтолду:

- Биздин партиянын мүчөлөрү аябай көп да. Анан нан кармап, Куран кармап, партиянын теңтөрагасы болуп алышып, партиянын жетекчилигин кайра шайлоого келгенде 100-200 киши биригип алып, "бул кетсин, ал калсын" дегени туура эмес. Азыр башка бир лидерибиз чыгып алып, партиялаштарды чогултуп, өзүнчө курултай өткөрсө эмне болот? Ушундай да болушу мүмкүн.

“Ата-Журт” партиясынын бирден-бир лидери болуп шайланган Камчыбек Ташиев саясий уюмдун ичинде тазалануу жүрө турганын убада кылды. Ташиев 2010-жылы парламенттик шайлоонун алдында партиялык тизме түзүлгөндө чоң катачылык кеткенин белгиледи:

- Биздин эң эле чоң жаңылыштыгыбыз - парламенттик шайлоодо партиялык тизмени туура эмес түзүп алгандыгыбыз. Биздин парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен депутат болуп келген айрым бир партиялаштарыбыздын олку-солкулугунан улам биздин партиянын кадыры түшүп отурат. Мына ошондуктан мен жакында ошондой жагдайга жол берген партиялаштарыбызды катардан чыгаруу маселесин саясий кеңешке алып чыгам.

Партиянын саясий кеңеши жакынкы күндөрү чогулуп, күн тартибинде партиялык курулуштун маанилүү маселелерин талкууга ала турганы жарыяланды. Биринчи кезекте партиянын баштапкы уюмдарын чыңдоо жагы көтөрүлдү. Жаңыдан кабыл алынган партиянын жобосуна ылайык, партияга алуунун жана анын курамынан чыгаруунун шарттары иштелип чыкканы белгиленди.

XS
SM
MD
LG