Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Кадамжай: жол кырсыгынан жараат алган беш аскердин абалы оор


Иллюстрация
Иллюстрация

Баткендин Кадамжай районунда унаа кырсыгында жабыркаган 29 аскердин бешөөнүн абалы оор.

Бул тууралуу райондук оорукананын башкы дарыгери Эркин Апазов "Азаттык" радиосуна билдирип, бир кишиге операция жасалганын маалымдады.

29 жоокердин баары ооруканада, бүгүн айрымдары чыгарылышы мүмкүн.

27-марттын кечинде Кадамжай районунун борборунда аскерлер түшкөн автоунаа кырсыкка кабылган. Бейтапканага түшкөндөр алгач 28 киши экени кабарланган эле.

Машине Кадамжайдын кире беришиндеги курулуп жаткан үйдү сүзүп токтогон. Анын ичиндеги жоокерлер Оштон Баткен облусундагы аскердик бөлүктөрүнүн бирине машыгуу үчүн баратканы айтылды.

Маалыматтарга караганда, бул үйдү февралда да күйүүчү май ташыган автоунаа сүзүп алган. Кадамжай шаарынын жашоочулары өткөн айда жол кырсыктары көбөйүп жатат деп нааразылык акцияга чыгышкан. (NT)

Кадамжай райондук ооруканасынын башкы дарыгери Эркин Апазовдун "Азаттык" радиосуна берген маалыматын бул жерден угуңуз:

Кадамжайда 29 аскер кырсыкка кабылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:21 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG