Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

Атамбаев: Өкмөт банкрот болбойт


Премьер-министр Алмазбек Атамбаев “Азаттыктын” бир катар суроолоруна жооп берди.

«Азаттык»: Премьер-министр мырза, сиз жакында эле Кыргызстандын экономикасында өсүш болуп жатат, жарым жылдын ичинде дүң продукт 5,5 пайызга өстү деп билдирдиңиз. Буга ишенген да, ишенбеген да бар. Бул өсүш эмнеден көрүнөт?
Эгерде биз инвестор таап, өзгөчө көңүл буруп, жок дегенде жарым миллион тонна нефть тапсак, Кыргызстан түштүгүндө күйүүчү майга болгон бүт талапты канааттандырат элек.


Атамбаев: Жалаң эле Мамстат эмес, Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду изилдеп жатат, баарынын маалыматы бирдей чыкты. Өсүш бар. Албетте, өкмөт калп айтып жатат деп сындагандар да чыгат. Бирок июндун маалыматын алсак, баалар өйдө кеткен жок, баалар токтоду. Анткени, өкмөт жети айдан бери иштеп жатат, туруктуулук келди. Экинчиден, эл арасында ишеним пайда болду. Экономиканын өнүгүшүнүн негизги пайдубалы - бул туруктуулук жана элдин ишеними. Элдин ишеними болсо, демек ишкерлердин, инвесторлордун ишеними пайда болот. Тынччылыкты сактап турсак, элдин, инвесторлордун ишеними көбөйүп баштаса, Кыргызстандын экономикасы мындан ары да өсөт.

«Азаттык»: Кыргызстанда түшүм жыйноо маалында, туристтик сезон кычап турганда бензин тартыштыгы пайда болду. Ошондо сиз Москвага чейин барып, Орусия премьер-министри Владимир Путиндин деңгээлинде чечип келдиңиз. Ошондон улам бензин чоң саясаттын инструменти деген чын турбайбы деген сөздөр күч алды. Ушинтип тартыштык пайда болгон сайын Москвага чейин чапкылап, Путиндин деңгээлинде чечип келе бересизби, же башка дагы жолдор барбы?

Атамбаев: Көптөн бери топтолуп, жыйылган проблемаларды биз бат эле чече албайбыз. Бирок келечекте күйүүчү майлар боюнча көз карандысыздыкка жетишибиз керек. Совет кезинде “Кыргызнефть” ишканасы 400 миң тоннадан ашык нефть тапчу. Өткөн жылы болгону 70 миңден саал өйдөөрөк болду. Эгерде биз инвестор таап, өзгөчө көңүл буруп, жок дегенде жарым миллион тонна нефть тапсак, Кыргызстан түштүгүндө күйүүчү майга болгон бүт талапты канааттандырат элек.

Акыркы жолу Москвага барганда бул маселе боюнча сүйлөштүм, кудай буюрса, инвесторлор келет, өзүбүздө нефть болот. Газ да ошондой, бирөөнүн көзүн карап отурбай, альтернативдүү булактарды издеп жатабыз. Алар табылып атат. Албетте, проблема чыкканда эле Путинге барып чечкен туура эмес, ал киши түшүнүп колдоп жатат. Бирок дайыма эле андай болбойт да. Совет кезинде энергетика жаатында министр болгон адамдар менен сүйлөштүк, алар бизде нефть да, газ да жетиштүү бар дешти.
Мен шайлоого барарымды чече элекмин, барган күндө да, кайра келип, жылдын аягына чейин иштеп берем. Мен бюджеттин аткаралышына керт башым менен жооп берем, буга даярмын.


«Азаттык»: Мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгы көтөрүлдү, кышында «Азаттыкка» берген интервьюңузда жалаң эле коррупциялык жылчыктарды бүтөө менен, ууруларды колго чабуу менен көтөрөм деп айттыңыз эле. Чын эле коррупцияга бөгөт коё алдыңызбы, же дагы башка булактарды таап жатасызбы? Андан тышкары ошол эле маегиңизде, ЕврАзЭШтин антикризистик фондунан 100 миллиондон 200 миллион долларга чейин кредит алам деген да сөз болду эле. Ушундай суроо берип жаткан жөнүбүз: айрым эксперттер айлыктарды президенттик шайлоонун алдында көтөрүп жатышат, ал эми кышка жуук бюджет какшыйт дагы, өкмөт банкрот болушу мүмкүн деп жазып жатышат. Ушуга комментарий бере кетсеңиз.

Атамбаев: Чын эле ууруларды кичине колго чаап жатабыз. Ишенсеңиздер, бюджеттин киреше булактарын жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 30 пайызга көбөйттүк. Мисалы, башка мамлекетте бир жылдын ичинде бюджет 30 пайызга көбөйдү деген сөз бирөөнүн түшүнө да кирбейт. Тилекке каршы, чиновниктердин, саясатчылардын көбү уурдамайга көнүп калыптыр. Бирок болбой эле азайтып жатабыз. Эмдиги жылы да ушундай көбөйөт.

Ал эми ЕврАзЭШтин кредитин бюджетке өткөн жылы мурдагы өкмөт пландаштырып киргизген 106 млн. доллар. Ал кредитти биз жылдын аягында алабыз. Анткени, парламенттен бир мыйзам долбоору өтүш керек экен. Анда ЕврАзЭШтин банкынын бул жакта иштеген 5-10 адамына өзүнчө статус талап кылып жатышат. Бүт мамлекеттер ошондой статус бериптир, биз да ошондой статус бергенден кийин, парламент колдоп берет, буюрса, ошондон кийин алабыз.

Бюджет кризиси болот деп кыйкыргандар биз айлыкты 10-15 пайыз эмес, 2-3 эсеге көбөйтөбүз дегенде дагы калп деп кыйкырбады беле? Кээ бири Атамбаев шайлоого качып кетет, бюджетке жооп бербейт деп айтып жатат. Мен шайлоого барарымды чече элекмин, барган күндө да, кайра келип, жылдын аягына чейин иштеп берем. Мен бюджеттин аткаралышына керт башым менен жооп берем, буга даярмын.

Керек болсо 1-сентябрдан медицинада, билим берүүдө кенже персонал деген болот, алар кочегар, пол жуугучтар, санитарлар, алардын да айлык акысын көбөйтүп беребиз. Андан тышкары пенсияны көтөрөбүз. Анткени, мага ишенип койгула, Кыргызстандын потенциалы абдан чоң. Эгерде биздин атка минерлер чөнтөгүн эмес, элин ойлосо, кудайдан корксо, жаркыраган мамлекет болот. Ошол саясатчылар бюджет аткарылбай калат, эл кыйналат деп элине жамандык тилеп жатышат. Андай болбойт, тезек тербейбиз, свет болот, пенсия, айлыктар убагында берилет.
Бул шайлоо элди бөлүп-жарбай, бириктириши керек, мамлекетибизди ого бетер бекемдетиши керек, бул ар бир саясатчы үчүн негизги максат болуш керек.


«Азаттык»: Акыркы кезде сиздин бир катар дайындоолор коом ичинде ар кандай сөздөрдү пайда кылды. Кара-Балтада, айрыкча Жалал-Абад калаасында бир топ митингдер болду. Ошондо премьер-министр шайлоо алдында өз кишилерин орчундуу орундарга коюп жатат деген сөздөр чыкты. Ошол эле Жалал-Абад калаасынын жаңы мэри мурда соттолгон адам деп да айтып чыгышты эле. Буга байланыштуу эмне дейт элеңиз?

Атамбаев: Кара-Балта болобу, Жалал-Абад болобу, башка райондор болобу, жакында мыйзам кабыл алынды, президент кол койду, акимдерди шайлаганда премьер-министр үч талапкерди көрсөтөт, райкеңеш өзү тандайт, кимиси мыкты болсо, кимиси таза болсо ошону шайлайт. Бир нерсени айтат элем, жагабы, жакпайбы, бийлик деген бар, мыйзам деген бар, кадр саясаты болобу, менчиктештирүү болобу, беш киши чыгабы, миң киши чыгабы, мындан ары митинг жолу менен чечилбеш керек, тартипке баары көнүшү керек. Жалал-Абаддын жаңы мэри Туратов Бакиевдин убагында кызматынан алынып, иши сотко берилиптир, бирок кийин акталып, мурда иштеген кызматына сот кайрадан коюптур. Ошол жаңы мэрди жогорудагы мыйзам күчүнө киргенден кийин шаардык кеңештин кароосуна коёбуз.

«Азаттык»: Сиз өзүңүздүн президенттик шайлоого барар-барбасыңызды августта чечем дедиңиз. Бүгүнкү күнгө карата 20дан ашык адам президент болом деп каттоодон өткөн экен, алдыдагы президенттик шайлоо Кыргызстандын мамлекетүүлүгүнүн бекемдешине алып келеби, же бир топ ММКларда жазылып жаткандай, Кыргызстандын жиктелишине, бөлүнүшүнө алып келиши менен бүтөбү?

Атамбаев: Албетте, андай да коркунуч бар. Анткени айрым саясатчылардын урааны жалаң регионализм, же улутчулдук болушу мүмкүн. Кудай ушундайдан сактасын. Бул шайлоо элди бөлүп-жарбай, бириктириши керек, мамлекетибизди ого бетер бекемдетиши керек, бул ар бир саясатчы үчүн негизги максат болуш керек.

XS
SM
MD
LG