Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:05

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү коомдук коопсуздукту бекемдөө боюнча жардыкка кол койду. Анда мамлекеттик имараттарды бекем кайтаруудан тартып, өткөн жылдардагы трагедиялуу окуяларды, банктардын уячаларын ачууга чейинки чуулгандуу иштерди аягына чыгаруу тапшырылган.

30-январдагы Коргоо кеңешинин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү тийиштүү органдарга тапшырган. Бул жыйынга утурлай Улуттук коопсуздук комитетинин антикоррупциялык кызматы Улуттук электр станциялар акционердик коомунун төрага орун басары Кеңешбек Мурзакматовду, андан кийин айтылуу “Мегакомдун” жетекчилери Азамат Мурзалиев, Алмаз Абековду камакка алды. “Мегакомдун” жетекчилиги көз боёмочулук менен мамлекетке 142 млн. сом зыян келтирди деп айыпталууда.


"Жаалы катуу" жардык


Мына ушул чуулгандуу иштерге улай 1-февралда президент коомдук коопсуздукту бекемдөө боюнча жардык чыгарды.

Ал жардык бир жагынан ар кандай толкундоолордун алдын алууну көздөсө, экинчи жагынан коомчулукта күдүк ойлорду жаратып келген иштерди акыр аягына чыгарууну көздөйт.

Жардыктын мына ошол экинчи бөлүгү бир топ таасирлүү адамдарды
камтып, ал өлкөдөгү кырдаалды курчутушу ыктымал. Мына ошол себептен жардыктын биринчи бөлүгүндө коомдук коопсуздукту, чек араны бекемдөө, административдик имараттарды жана стратегиялык мааниси бар объекттерди кайтарууну күчөтүү, коомдук тартипти сактоого ыктыярлуу элдик кошуундарды тартуу, менчик күзөт мекемелерин көзөмөлгө алуу каралгандай.

Президенттин жардыгында башкы прокуратура, улуттук коопсуздук комитети жана ички иштер министрлигине 2010-жылдагы Токмок, Маевка, Ош, Жалал-Абаддагы окуяларды иликтөөнү акыр аягына чыгаруу, банк уячаларынан акчаларды алууну, андан кийин кырдаалды жөнгөрүү үчүн бөлүнгөн накталай акчаларды пайдаланууну иликтеп чыгуу тапшырылган. Бул үч багыттагы иликтөө Убактылуу өкмөттүн таасирлүү мүчөлөрүнө тийбей койбойт.

Маселен, элде ар кандай күдүк ойлорду жараткан банк уячаларынан акча, алтындардын алынышы Алмазбек Атамбаевдин азыркы пикирлеши, ал кездеги Убактылуу өкмөттүн каржы министри Темир Сариевге жана вице-премьер-министри Азимбек Бекназаровго барып такалат. Анткени алардын телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө 19 млн. доллардын 1 млн. долларынын ордун кантип толтуруунун жолдору талкууланган. Бул сүйлөшүүгө негизденип Алмазбек Атамбаев 2010-жылы май айында Темир Сариев жана Азимбек Бекназаровду айыптаган:


- Бекназаров айтып жатат, минус менен жазып койгула, минуска өкмөттүн токтомун чыгарып, башка адамдан алынды деп коёбуз деп жатат. Биз мурунку жолу ушундай кылганбыз дешет. Демек, бул биринчи жолу эмес экен да. Мүмкүн онунчу жолудур. Анткени каржы министрлиги Сариевдин жеке менчиги болуп калган.

Алмазбек Атамбаевдин бул айыптоосу Бекназаров жана Сариевдин кескин нааразылыгын жаратып, алар бул ишти аягына чыгарууну талап кылып келишкен.

Мына ушундай араздашуунун айынан ыңкылапчыл күчтөр парламенттик шайлоодо бириндеп кетип, шайлоонун жыйынтыгы алар күткөндөй болбой калган. Бирок президенттик шайлоонун алдында алар Атамбаевдин айланасына баш кошууга аргасыз болушкан. Анткени башка президент бул иштерди сөзсүз козгомок. Бирок Алмазбек Атамбаев да коомчулукту кеселге айлантып, мамлекеттик бийликке ишенимди кетирип жаткан бул иштерди иликтөөгө киришүүнү чечип олтурат.


"Жабылуу аяк" ачылабы?


Бирок азыркы кезде коомчулукту удургуткан маселе 19 миллион доллар эмес, ал банктардан 100 миллион доллардын тегерегинде акча алынганы жөнүндөгү сөздөр болуп жатат. Аны тастыктаган видеотасма кимдир-бирөөлөрдүн колунда экени айтылып келет.

Башкы прокурор Аида Салянова уячалар боюнча иш бүгүнкү күнү да иликтенип жатканын билдирди:

- Уячалар боюнча депутат Акматбек Келдибеков бир нече ай мурун
билдирүү жасап, андан ашык акча болгон эле деген эле. Мен ошол эле күнү тергөөчүлөрдү жиберип, Акмат Келдибекович бизге диск болсо, маалымат болсо берсин дегенмин. Анткени бизде андай маалымат жок. Ал киши жооп берүүдөн баш тартты. Мен ойлоймун, эртең ошондой эле кишилер чыгып, алардын колунда диск болушу же дагы бир башка нерсе болушу мүмкүн. Эгерде андай маалыматтар, далилдер болсо алардын үстүнөн иштей беребиз. Ошон үчүн бул иштер толук бүттү деп айта албаймын.

Мурунку башкы прокурор Кубатбек Байболов президент Алмазбек Атамбаевдин бул иштерди башташы колдоого аларлык дейт:


- Мен маселен Атамбаевдин чечимин кош колдоп колдоого алам. Иликтөөдө кимиси чыкса дагы. Бирок ал жакта көп сырлар бар. Башкы прокуратура азыркы абалында бул ишти иликтөөгө кудурети жетпейт. Бул биринчиден. Экинчиден, ошол иштин жабылуу аяк жабылуу бойдон калышына кызыкдар жетекчилер бар. Керек болсо алар атайын ошол жерге акыркы учурда алып барылган. Мен Атамбаевди түшүнүп жатам, анын өзүнүн уячалар боюнча ишке эч катыштыгы жок. Эми бул ишти акыры иликтеп, аныгына чыкпаса коомчулуктун талабы канааттанбайт. Бул бүтпөс окуя. Эмнеси болсо да бир жаңсыл жыйынтыкка келип, иликтөө жүргүзүлсүн дегенди колдоймун. Мурда мен койгон талаптардын бири ушул болчу.

Ал эми банктардан алынган накталай акчаларды бөлүштүрүү жана пайдалануу Убактылуу өкмөттүн бир топ мүчөлөрүн камтып кетет. Алардын арасында Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев жана башка инсандардын ысмы чыгат.

Андан сырткары коомчулукта “Ата Мекен” партиясынын лидерлеринин 7-апрелде Бакиевдердин мүлкүн талап-тоноого катышканы боюнча маалыматтар чыгып жатат. “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Райкан Төлөгөнов аларды төгүндөп, андай айыптоолорду таккандарды сотко берерин билдирүүдө.

Саясат таануучу Марс Сариев президент бул чуулгандуу иштерди аягына чыгара алабы деген суроого мындай жооп берди:

-Мен ойлоймун, Атамбаев мыйзам жолу менен барат. Анда башка арга
жок. Анткени эл жазында жарылып кеткенге даяр турат. Анын үстүнө баалар дагы көтөрүлүп, жашоо кыйын болуп кетти. Эл коррупцияны көрүп турат. Ошон үчүн Атамбаевде мыйзам жолу менен барыштан башка айла жок. Туура, пикирлештерине тийет. Алар дагы “ыйык уй” болбош керек. Ошон үчүн азыр абдан татаал мезгил. Мыйзам жолу менен жүрүш керек же башкача болуш керек. Аны тандап, чечиш керек. Ошон үчүн кантип, эмне болуп кетерин айтыш кыйын. Бирок кырдаал ушуга түртүп жатат. Өкмөттө башка жол жок.

Ал эми дагы бир саясат таануучу Марат Казакпаев бул ишти аягына чыгарууга президенттин эрки жетет деп эсептейт:

- Менин оюмча, аягына чыгара алат. Эмнеге чыгара албасын. Бул боюнча бир эле жол бар. Сөзсүз иликтөөлөрдү жүргүзүш керек. Мына апрель окуясында АУБдун уячалары боюнча окуяны таза кылмыш десек болот. Буларды иликтөө керек. Туура, бул Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө тийет. Ал боюнча кылмыш иши козголуп, иликтениш керек.

Жогорку Кеңеште 2-февралда түштөн кийин июнь окуясы, банк уячаларынан алынган акчалар жана башка чуулгандуу иштерге байланыштуу кабыл алынган токтомдордун аткарылышы талкуулана баштады. Ага өкмөт башчы баш болгон жетекчилер катышты.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG