Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:24

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-өзбек чек арасындагы соңку окуя боюнча пикирин билдирди. Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасында абал бир жумадан бери чыңалып турат.

Чек арадагы жагдайды өз кызыкчылыгына пайдалангысы келген, кырдаалдын курчушун каалаган ички да, тышкы да күчтөр болгонун, бирок алардын тилеги таш капканын айтты. Соңку окуялардан улам быйыл Ташкентте өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине барбай турганын жарыялады. Ошто оппозицияны эмес, элди, улутту бөлүп-жаргандарды ташбараңга алгыла дегенин тактады.

Атамбаевди элди сабырдуулукка чакырды

Алмазбек Атамбаев кыргыз-өзбек чек арасындагы соңку кырдаалды коңшу мамлекеттин аргасыз амалы, коркутуу аракети деп сыпаттады. "Кыргызстан буга чейин Өзбекстан пайдаланып келген айрым объекттерди кайтарып ала баштаганда расмий Ташкент ушундай кадамга барды" деген өкмөттүн түшүндүрмөсүн бышыктады. Бирок Бишкек биринчи болуп чыр баштабасын, жаңжал чыгаргандар болсо жооп бере аларын эскертти. Аксыдагы Чаласартка окшогон тактала элек дагы 50дөн ашык жер бардыгын айтып, элди сабырдуу болууга чакырды:

- Башкалардын көзүн карап жатып, биз мына 25 жылдан бери өзүбүздүн объекттерибизди өзүбүзгө алалбайбыз. Көздөрүн карап жатып көп жерден ажырап да калдык. Ошондуктан муну токтотуу керек. Мен президент болгондо дароо эле Кыргызстан мындан ары эч кимдин алдында тизе бүкпөйт деп айткам. Экинчиден, мурун коңшулар газды өчүрүп койчу, светти өчүрөбүз деп коркутчу. Мына соңку беш жылдан бери андай рычагы жок, басым кыла албай калды. Айла жоктон ушундай туура эмес иштерге барып жатат. Бирок элибиз сабырдуу болушу керек. Бизге согуштун кереги жок. Биз эч качан согушту биринчи баштабайбыз. Бирок баштагандарга жообун бергенге даярбыз.

Атамбаев Үңкүр-Тоодогу телерадио сигналдарын тарата турган станция боюнча комментарий берип жатып, өкмөттүн маалыматтык коопсуздук үчүн кошумча станция түзүү демилгесин туура деп атады. Бирок ниетин коомчулукка жетиштүү, туура жеткире албай калганын сынга алды.

Атамбаев соңку окуяларга байланыштуу быйыл Ташкентте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышпасын жарыялады. Чек арадагы соңку окуяга ички-тышкы күчтөр аралашканын, жаңжалды ырбатып, өз максатына колдонгусу келгендердин үмүтү таш капканын айтты:

- Патриот болумуш болуп, атүгүл талаштуу жерден өзбек чек арачыларын кууп чыгалы деп чакырык жасагандар, элди согушка, куралдуу кагылышка чакырып жатат. Бул Кыргызстандын ичиндеги жана сырттагы кээ бир саясатчыларга керек. Мен ачык айтып коеюн, бул алдын ала макулдашылган “оюнга” окшоп калды. Бул партиоттуулук эмес, бул улуттук кызыкчылыкты, өлкө кызыкчылыгын сатуу, чыккынчылык.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы бейтарап аймактын Аксы районундагы тилкесине 18-мартта эртең менен коңшу өлкөнүн чек арачылары аскер техникасын, атап айтканда эки БТР жана эки КамАЗ унаасын киргизген.

Кийин кыргыз тарап да жооп кылып, ал жерге аскер техникасын жана аскерлерди жайгаштырган.

Эки күндөн кийин ал жерге тартылган чек арчылардын саны кыскартылып, эки тараптан сегизден гана жоокер калганы айтылган.

Өзбек тараптын туруму

Чек арасындагы бул соңку кырдаалга байланыштуу кыргыз тарап 18-мартта жөнөткөн каршылык нотасына Ташкенттен жооп келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, Ала-Бука районунун Кербен – Ала-Бука автожолунун 20-чакырымында ( “Чаласарт” деп аталган такталбаган кыргыз-өзбек чек ара аймакта) кыргыз тарапка алдын ала билдирбестен жана макулдашпастан жолду жаап, өзбек аскер кызматкерлери кыргыз жарандарынын документин мыйзамсыз текшерүү жүргүзгөндүгүнө карата нотага Өзбекстан тосмолорду алуу, куралдуу күчтөрүн жана аскердик техникасын чыгаруу боюнча маселелерге жооп берген эмес.

Болгону, Өзбекстан өзүнүн кадамын Нооруз майрамына карата чек араны бекемдөө ниети менен гана түшүндүргөн. Кыргыз тарап тактала элек тилкеде мындай аракеттерге баруу мыйзамсыз экенин дагы бир ирет эскертип, конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү улантууга даярдыгын билдирип дагы бир нота жөнөттү.

Өзбекстандын Наманган облусуна караштуу Чартак районунун жер ресурстары кызматынын башчысы Абдусамаи Исаев буга чейин журналисттерге Үңкүр-Тоо Өзбекстанга таандык деген оюн билдирген.

- Кыргыз тараптын Үңкүр-Тоо боюнча айткандары эч кандай негизи жок. Бул анык. Өзгөчө белгилеп коюш керек, бул алтүгүл талаштуу участок эмес.Талкууланып жаткан тоо Кыргызстанда айтылып жаткандай чек арада эмес, Өзбекстандын Наманган облусуна карай 800 метр ичте жайгашкан

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда талаштуу делген 58 участок бар.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырым, анын 320 чакырымы тактала элек. Талаштуу участоктордун көбүн эки тарап өз мамлекетине таандык экенин айтып, талашып келишет.

Март ыңкылабынын 11 жылдыгы

Атамбаев мындан 2005-жылдын 24-мартында болгон март ыңкылабына байланыштуу суроолорго да жооп берди. Ошол эле кезде шайлоордун мыйзамсыз өтүшү, элдин эркиндикти, акыйкаттыкты эңсеши ыңкылапка түрткү болгонун, анын шары менен келген бийлик биринчисинен да ашып түшкөн деп эскерди.

2005-жылы бийликти түштүктүктөр, ал эми 2010-жылы түндүктүктөр алган деп бөлүштүрүп жаткандар бар экенин айтып, аларды айыптады. Ушул тушта кээ бир адамдар айрым артисттерди колдонуу менен элди дагы бөлүп-жаргысы келип жатат деди. Башаламандык уюштуруп бийликке келгиси келгендер сот жообуна тартылат деп эскертти:

- Бир даары “Атамбаев оппоизицияны ташбараңга алгыла” деп айтты деп мени жамандап жүрөт. Мен оппозиция тууралуу антип айткан эмесмин. Мен Ошто эгер кимдир бирөөлөр улутту, регионду кагыштыргысы келсе, ошолорду таш менен ургула дегем. Анткени алар адам эмес. Биз анын кесепетин көргөнбүз. Мына азыр чек арада жагдай оор болуп турса, аны ого бетер курчуткусу келгендерди көрдүк. Бул адамдар оорулуу, бийлик үчүн баарына барат. Мен аларга көз жуумп койгула деп айта албайм. Күнөөлүүлөр жооп бериши керек. Кимде ким бийликке келгиси келсе, шайлоо аркылуу келсин. Бизде шайлоо ачык-айкын өтүп калды, атүгүл европалыктар да таң калып жатат.

Атамбаев 24-мартта Бишкекте Шабдан Баатыр менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Элдик революцияга арналган гүлбактын долбоору менен таанышты. Мындан 11 жыл мурун, 24-марттагы тынчтык жүрүш ушул жерден башталганын эскерди. 2005-жылы 24-мартта башталган иштер 2010-жылы апрелде аяктады деп жыйынтыктады.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG