Линктер

Кыргыз парламентиндеги башкаруучу коалициянын тагдырына байланышкан талаш-тартыштар жана “Ата Мекен” фракциясынын лидеринин мамлекет башчысына айтылган бүгүнкү сыны кызуу талкууга жем таштады.

Бийликтеги саясий элитанын арасында ажырым кетишине эмне себеп болду? Саясий күрөштүн төркүнүндө жеке кызыкчылыктар үстөмдүк кылып жатабы? Азыркы бийлик мурдагы башкаруучулардын жолуна түштүбү?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Бегалы Наргозуев жана Курманбек Дыйканбаев катышты.

“Азаттык”: Бегалы мырза, Жогорку Кеңеште башкаруучу коалициянын бузулушу жөнүндө катуу сөздөр айтылды. Кечээ “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси президентке байланыштуу ачуу сындарды айтып чыкты. Бул абал эмнеден кабар берет жана кырдаалды кандай баалайсыз?

Бегалы Наргозуев: Бул кырдаал өлкөдө түзүлгөн жаңы саясий кризистен кабар берет. Мурдатан бышып келаткан маселе болчу, азыр чегине жетти. 31-августта Алмазбек Атамбаев “Ата Мекен” партиясын жана Убактылуу өкмөттү талап-тоноочулук боюнча айыптаган, бүгүн Текебаев Атамбаевдин өзүн талап-тоноочулук боюнча айыптап чыкты.

“Ата Мекенди” айыптаганда Бакиевдин балдарына тиешелүү кеңселерди талап-тоноду деп айтылып келсе, эми Атамбаев Бакиевге тиешелүү 27 гектар жерди ээлеп алды деп сынга кабылды. Мунун баары саясий күрөш. Анын аягы эмнеге барат? Эгер Атамбаев бийликте калса, Текебаев соттолуп кетиши мүмкүн. Эгер Текебаев бийликке келип калса “талап-тоноду” деген кине менен Атамбаев камалышы мүмкүн. Ошентип катуу чыңалган саясий оюндар башталды.

Атамбаевдин негизги максаты - бийликти ээлеп алыш керек болчу, ал максатына жетти, парламентти чөнтөгүнө салып алды, бийликти узурпациялады. Бүгүн анын тилин албаган, каяша айткан жалгыз гана Текебаев калды. Ошондуктан ага каршы чабуул башталды.

Курманбек Дыйканбаев: Бул кырдаал бир жагынан табигый нерсе. Конституциялык реформа боюнча саясий күрөш башталды. Жакын арада парламенттик коалицияда ким калат, ким кетет чечилсе керек. 31-августтагы талап-тоноо боюнча сөз болгондо карапайым элде “кыңыр иш кырк жылда билинеби”, чын эле ушул иш аягына чыгып, адилеттүүлүк болобу деген ой калган. Текебаев бүгүн биринчи соккуну урду.

2013-жылы ошол талап-тоноочулук боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, текшерип, корутунду жазылган. Анда депутаттар Өмүрбек Текебаев менен Болот Шердин кыйыр тиешеси бар деп жазылган. Депутаттар Туратбек Мадылбеков менен Райкан Төлөгөновдун түз тиешеси бар деген бүтүм чыгарылган.

“Азаттык”: Бүгүнкү саясий кармаштын каармандары кечээ чогуу жүрүп, революция жасап, парламенттеги башкаруучу коалиция курап, иштеп жаткан саясатчылардын арасында бүгүн жарака кетишине эмне себеп болду деп ойлойсуз?

Бегалы Наргозуев: Бул эч бир идеологияга негизделбеген бийлик үчүн күрөштүн натыйжасы болду. Атамбаевдин негизги максаты - бийликти ээлеп алыш керек болчу, ал максатына жетти, парламентти чөнтөгүнө салып алды, бийликти узурпациялады. Бүгүн анын тилин албаган, каяша айткан жалгыз гана Текебаев калды. Ошондуктан ага каршы чабуул башталды.

“Азаттык”: Бийликти узурпациялоо боюнча кандай негиздериңиз бар?

Бегалы Наргозуев: Кабыл алынган акыркы Конституция иштебей калды. Конституция боюнча өкмөт башчыны, министрлерди дайындоодо биринчи сөздү, чечимди парламент айтышы керек эле. Иш жүзүндө кандай? Президентке жаккан киши гана дайындалып жатат. Ошондой эле Конституция боюнча тышкы саясатты өкмөт башчы жүргүзүшү керек болчу. Чындыгында ал укукту президенттик аппарат тартып алды. Бул деген узурпация! Бийликтин башка бутактары да президенттик аппаратка өтүп баратат.

Атамбаев мындан алты жыл мурдагы окуяларга Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрүн күнөөлөп, өзүн таза кылып алып чыгып, алардан бөлүнгүсү келип жатат. Өзүнүн 2011-жылы президент болуп шайланганын легитимдүү деп эсептейт.

Курманбек Дыйканбаев

Курманбек Дыйканбаев

Курманбек Дыйканбаев: Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетиши боюнча көп сөз болгон. Ошондо “Ата-Журт” партиясы парламентте маселени кабыргасынан койгон. Ушунун баары козголбосун дешип, Убактылуу өкмөт спикер Келдибековду кызматтан алышты. Андан кийин Бабанов Кумтөрдү козгоп, башын көтөрдү эле, аны кетиришти. Жылкы жөн эле шылтоо болуп калган, Бабанов кантип кеткенин өзү билбей калды деп жүрүшөт. Кудайым бар экен, эки жүздүүлүктүн да чеги болуш керек. Арадан үч жыл өттү, эми чындык айтылып, бири-бирин тазалайт деген ойдобуз. Баары ачыкка чыгышы керек.

“Азаттык”: Депутат Өмүрбек Текебаев мамлекет башчысына тиешелүү жер, ага салынган үй жөнүндө сын айтты. “Атамекенчи” болгону үчүн андан олуттуу маселе жок беле? Президент баарыбыз сыяктуу эле өз эмгеги менен табылган акчага жер алууга, үй салууга укуктуу деген коомчулукта суроо жаралууда.

Бегалы Наргозуев

Бегалы Наргозуев

Бегалы Наргозуев: 2010-жылы талап-тоноочулук жөнүндө парламентте кеп болгондо, Темир Сариев “силер эмне үчүн Максим Бакиевдин дүнүйөсүн коргоп жатасыңар” деп депутаттарды кекеткен. Бул өтө тар түшүнүк.

Ооба, Атамбаевдин жер алууга укугу бар. Эгер Бакиевдин уурдаган жери болсо өкмөткө өткөрүп бербейби? Бул боюнча койташтыктар Текебаевге көп кайрылышкан. Бакиев уурдаган дүнүйөнү, башка нерселерди Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү ээлеп алса, алардын Бакивдерден эмне айырмасы бар? Жүз адам эмне үчүн өлдү? Текебаев бир эле факты боюнча эскертүү иретинде Атамбаевге айтты. “Эгер дагы бизге асылсаң башка фактылар чыгат, эң башкы талап-тоноочу сен болосуң” деп эсине салды.

“Азаттык”: Жогорку Кеңештеги коалицияны кулатууга кимдер кызыкдар болууда, эгер ал ишке ашып калса, парламенттеги кийинки конфигурация кандай болушу мүмкүн?

Бегалы Наргозуев: Идеалдуу түрдө айтсак, коалиция КСДПсы жок түзүлсө жакшы болмок. Бүгүнкү күнгө реалдуу карасак, “Ата Мекен” оппозицияда жалгыз калышы мүмкүн. Эгер ошондой болсо парламентте чыныгы оппозиция пайда болот деген үмүт бар.

(Талкуунун толук варианты менен видеодон таанышыңыз)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG