Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:24

Кыргызстан Белоконго компенсация төлөбөйт


Валерий Белоконь.
Валерий Белоконь.

Мындай чечимди Париждин Апелляциялык соту чыгарды. Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча, Апелляциялык сот Эл аралык арбитраждык соттун Кыргызстан Валерий Белоконго 16,5 млн доллар төлөп берсин деген мурдагы чечимин жокко чыгарган.

2010-жылы Кыргызстандын Улуттук банкы латвиялык ишкер Валерий Белоконго таандык “Манас банкына” шектүү операцияларды жүргүзгөнү үчүн убактылуу тышкы башкаруу киргизген. Кийинчерээк банк банкротко учураган.

2011-жылы “Манас банкынын” жалгыз акционери Валерий Белоконь Париждеги Эл аралык арбитражга кайрылып, банкты “мыйзамсыз улутташтырган” деп, кыргыз өкмөтүнөн компенсация талап кылган.

2014-жылы октябрда Эл аралык арбитраж ишти Белокондун пайдасына чечип, кыргыз өкмөтүн пайыздары менен 16,5 млн доллар компенсация жана Белокондун юридикалык чыгашаларын төлөп берүүгө милдеттендирген.

2015-жылы 22-январда Кыргызстан Апелляциялык сотко кайрылган.

Апелляциялык сот “Манас банкта” айланган акчанын жалпы суммасы 5,2 млрд доллар болгонун, бул 2008-жылы Кыргызстандын ички дүң продукциясынан көп болгонун аныктап чыккан. Соттун чечиминде “Манас банктын” өнүгүп келе жаткан өлкөдө кыска убакытта тапкан ири кирешеси банк тажрыйбасында болуп көрбөгөндөй, ишенимсиз ийгилик” деп айтылган. Сот ошондой эле өз чечими менен юридикалык чыгашалар үчүн Белоконду 300 миң еврого жыкты.

“Манас банкы” мурунку президент Бакиевдин тушунда арам акчаларды адалдаган деп айтылып келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG