Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:06

А.Бекназаров: Жогорку Кеңеш ишин башташ керек эле


Техникалык өкмөттүн вице-премьер-министри Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңеш тезинен иштей баштап, келерки жылдын бюджети жана башка зарыл мыйзам долбоорлорун кароого тийиш деген пикирде.

"Азаттык": Азыркы мезгилде өлкөдө абал бир топ оор, мугалимдер катуу талаптар менен чыгып жатат. Сиз мүчөсү болгон техникалык өкмөт эмне иш кылып жатат?

Азимбек Бекназаров: Техникалык өкмөт өткөөл мезгилдеги өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткарып жатабыз. Шайлоодон кийин легитимдүү келген Жогорку Кеңеш түзө турган өкмөткө бир топ мыйзам долбоорлорун, ошонун ичинде кийинки, андан аркы жылдарга болжолдуу түрдө бюджеттин долбоорлорун бардыгын тактап, даярдап койдук. Бүгүнкү күндө биздин негизги ишибиз коомдо туруктуулук сакталып, тартип, мыйзамдуулуктун бузулбашы, ушуга окшогон маселелерди карап атабыз.

"Азаттык": Мугалимдердин талабын аткаруу үчүн бюджетте каражат барбы?
Бүгүн мен өкмөттө отуруп бир нерсе десем эле, "Убактылуу өкмөт бизди муунтуп атат" деп эртең кыйкырып чыгаары белгилүү да.


Азимбек Бекназаров: Мугалимдердин талабын аткарыш үчүн өзүбүздүн сунуштарыбызды кийинки Жогорку Кеңештин ишине даярдап, кийинки жылдын бюджетине кошуп киргизип атабыз. Болжолдуу түрдө айлык акыларды 30% жогорулатабыз деген долбоорлор бар. Бирок аны Жогорку Кеңеш кандай чечет? Мүмкүн андан да жогору көтөрөр. Себеби алар убадаларды берип келген.

Акча каражаттарын табуу жагында иштеш керек. Бүгүнкү күндө биз акча каражатын табууну аракет кылып, сырткы донорлордон, же эл аралык уюмдардан сураганыбыз менен түшүнүктүү да, алар легитимдүү бийлик, легитимдүү чыныгы өкмөт менен кызматташкысы келет, бүгүн-эртең кетет деген өкмөт менен ким сүйлөшөт эле.

Дымагы таш жарып...

"Азаттык": Жогорку Кеңештин иштебей жатышы абалды ого бетер оорлотуп жатабы?

Азимбек Бекназаров: Менин оюмча, шайлоо бүтүп, расмий жыйынтыгы чыккандан кийин Жогорку Кеңеш ишин башташ керек эле. Жогорку Кеңеш биринчи жыйынын ачып коюп, иштебей жатканы мени таң калдырат. Парламенттик көпчүлүктүк коалициясын, өкмөттү түзүү президент тарабынан партияларга жүктөлүп атат. Бирок Жогорку Кеңештин өзүнүн мыйзам чыгаруу, өкүлчүлүктүү органды иштетүү маселесин эч ким тыйган жок да. Шайлоонун жыйынтыгы чыккандан бери экинчи ай өтүп баратат, булар өзүнүн ишин баштабай жатканы мени таң калдырат. Жогорку Кеңеш бир топ иштерди жасашы керек эле.

"Азаттык": Бирок булар спикерди шайлабасак иш болбойт деп жатпайбы?
Болжолдуу түрдө айлык акыларды 30% жогорулатабыз деген долбоорлор бар.


Азимбек Бекназаров: Мен ушундай ойдо калдым, булар мыйзам чыгаруу бийлигине, же өкүлчүлүктүү органга келбей эле, спикердик менен премьер-министрлик орунга шайланып келгендей элес калтырып атат. Ушул эки орунду чечмейинче "биз иштебейбиз" дегендей болуп атканы туура эмес.

Жогорку Кеңештин өзүнүн конституциялык иши бар да, комитеттерди, комиссияларды түзсүн. Мыйзам долбоорлорун, ошонун ичинде мугалимдердин маселесин, бардыгын Жогорку Кеңеш кийинки өкмөткө даярдап коюш керек эле. Соттордун тандап алуу кеңештерин түзүп, ушуга окшогон толтура иштерди жүргүзө бериш керек эле. Спикерин шайлай албаса, спикердин орун басарларын шайлап алып ишин жүргүзө берсин. Күнүгө ошол маселелерди талкууласын, ким кой деп атат буларга.

Конституцияда көрсөтүлгөн, эгерде бир депутат 30 жумушчу күн келбей калса, ал депутаттыгынан чыгарылат деп. Таң кала турган нерсе, мына Жогорку Кеңеш өзү көп күндөн бери иштебей атат. Ошон үчүн премьер-министрлик, өкмөттүн түзүмүнө карабай Жогорку Кеңеш өзүнүн ишин башташ керек.

Доомат бар, жообу да болот

"Азаттык": Азимбек мырза, техникалык өкмөт парламенттин кароосуна кайсы мыйзам долбоорлорду шашылыш түрдө кароого берүүгө даяр?

Азимбек Бекназаров: Биринчи кезекте кийинки жылдын бюджетин беребиз да. Андан башка сот бийлиги, бардыгы Жогорку Кеңешке байланыштуу, соттордун кандидатурасын тандап алуу кеңешин Жогорку Кеңеш түзүш керек. Бүгүн өздөрү иштебей атканы аз келгенсип, сот бийлигин иштетпей калышы мүмкүн. Андан башка эл бир жылдан бери күтүп аткан ондогон мыйзамдар бар.

"Азаттык": Кечээ "Ата Журт" фракциясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев "Азияуниверсал" банктан акчалар 16-апрелдерде чыгарылган, ошол эле Социалдык фонддун 1 жарым млрд. сому дагы деп айтты. Убактылуу өкмөт коридор ачып берген дегендей айып коюп атат. Бул айыптоолорго кандай жооп бересиз?

Азимбек Бекназаров:
Ал элдик депутат. Бир партиянын лидери. Расмий түрдө прокуратурага, укук коргоо органдарына берсин, эгерде документтери болсо. Техникалык өкмөт аны тастыктап аягына чыгарат. Укук коргоо органдары бар, азыр иштеп атат. Саясат кылып кыйкырып койгондон көрө, "мындай фактылар бар экен, териштирип бергиле" деп расмий документтерин берсин. Ал депутат, расмий түрдө ага жооп берилет.
Шайлоонун жыйынтыгы чыккандан бери экинчи ай өтүп баратат, булар өзүнүн ишин баштабай жатканы мени таң калдырат.


"Азаттык": Көп маалымат каражаттары сизди коррупцияга байланыштуу айыптап жазып келатышат. Сиз унчукпай келатасыз. Же жазылгандар туурабы?

Азимбек Бекназаров: Мен коррупция менен күрөшүп келатпайымбы. Алардан ошондой жооп сөзсүз алам да, ушул өзү коррупция менен аралашып атат деп. Бүгүн коррупционерлердин бардыгы, реваншисттер, ячейкадагы акчаларын элге, мамлекетке алган үчүн алар өч алуу багытында иш алып барып атышат. Мен унчукпай келгеним, биз өзүбүз убагында сөз эркиндигин эркиндикке чыгарабыз, бийлик сөз эркиндигин муунтпаш керек дегенбиз.

Бүгүн мен өкмөттө отуруп бир нерсе десем эле, "Убактылуу өкмөт бизди муунтуп атат" деп эртең кыйкырып чыгаары белгилүү да. Ошондуктан мен өткөндө журналисттерге эскерттим, эгерде силер ушундай түбү, маңызы жок, имиш, эл айтып атпайбы деген нерселерди жаза берсеңер, жакын арада өкмөт түзүлгөндөн кийин сот алдына барып калышыбыз мүмкүн, мен силерге эскертет элем деп айттым.

"Азаттык": Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG