Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:11

Мурдагы президент Бакиев бийлигинин тушунда Кыргызстандан чыгып кеткен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бакыт Бешимов учурда АКШнын Гарвард университетинде жана Массачусетс технологиялык институтунда илимий иштер менен алектенип, дарс окуйт.

Мурдагы депутатты Кыргызстандагы азыркы саясий кырдаал жана билим берүү системасы тууралуу сөзгө тарттык.

“Азаттык”: Бакыт мырза, сиз кайсы тармак боюнча сабак бересиз?

Бакыт Бешимов: Эл аралык саясат, Борбор Азия мамлекеттеринин мисалында мамлекетти куруу, Орусия жана Кытайдын азыркы учурдагы энергетика саясаты, Борбордук жана Түштүк Азиядагы экстремизм менен терроризм. Илимий ишим болсо АКШнын, Орусиянын жана Кытайдын акыркы он жылдагы Борбор Азиядагы саясаты жөнүндө.

“Азаттык”: Сиз бир нече жыл эле мурун активдүү саясатчылардын бири элеңиз, азыр кыргыз саясаты сиз үчүн кызыктуубу, көз салып турасызбы?

Бакыт Бешимов: Илимий иштерим жана лекция-семинарларым Кыргызстанга байланыштуу. Жок дегенде бир айда бир жолу мурдагы студенттерим, башка жаштар менен онлайн байланышып турам. Жалпысынан кабарым бар. Кыргыз саясатында мен үчүн чоң сыр деле жок.

“Азаттык”: Чоң сыр калган жок деп жатасыз, азыркы кырдаалды кандай сыпаттайсыз?

Бакыт Бешимов: 20 жылдын ичинде канча жолу өкмөт өзгөрдү? Бирок ошол өкмөттөр элдин алдында берген убадаларын аткардыбы? Буга байланыштуу башка орчундуу маселелелер турат. Азыркы учурда Кыргызстандын саясий элитасынын ушундай саясий оюнга ойной турган убактысы жок. Кризис күчөп, өлкөнүн экономикасы, социалдык абалы биринчи орунда турат. Жер, суу боюнча Борбор Азияда жакынкы келечекте чоң проблемалар чыгышы мүмкүн. Кыргыз элинин алдында бир топ коркунучтар турат, ошого даярдык болуп атабы? Жок.

Өкмөттүн алмашышын жаңылык деп эсептебейм, бул баягы көнгөн эле адат болуп калды. Келет эми кезектеги өкмөт, бирок ошондон эмне өзгөрөт? Азыркы саясатчылар биринчи ирет чечилчү маселелерди четке кагып, төртүнчү же бешинчи иреттеги маселелерди карап жатат.

“Азаттык”: Эмне үчүн ошондой болуп жатат?

Бакыт Бешимов: Тилекке каршы, азыркы кыргыздын саясий элитасы 18 жылдын аралыгында пайдалуу жумуш жасай албагандыгын көрсөттү, алардан эч нерсе күтпөй эле коюш керек. Бирок ушуларды алмаштырганга жаңы күч барбы?

“Азаттык”: Барбы?

Бакыт Бешимов: Бүгүнкү кыргыздын тагдыры ошол ак үйдө чечилип жатат. Кыргыздын эртеңки күнү - университеттерде, жакынкы келечеги болсо – мектептерде. Мен айткан мекемелердин абалын карап көргүлө, ошого карата тыянак чыгарса болот. Бирок элде баары бир эл үчүн иштейм дегендер бар. Мен ишенем. Азыр саясий элитаны алмаштыруу жолдорун ойлоп табуу керек. Эч кандай төңкөрүш жасабай эле саясатка жаңы күчтөрдү алып келиши керек.

“Азаттык”: Жаңы окуу жылы да башталды, сиз дүйнөдөгү алдыңкы университеттерде сабак берип жатасыз, биздин билим берүү системасын жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштарыңыз барбы?

Бакыт Бешимов: Билим берүү системасын түп тамырынан бери реформалоо керек, бирок конкреттүү сунуштарды айтуу үчүн өзүнчө маек керек. Бирок менде ойлор, пландар бар. Бир гана мисалды айта кетсем, күндө Гарвардда жана Массачусетсте Түштүк Кореядан, Кытайдан, Жапониядан, Сингапурдан, Малайзиядан келген делегацияларды көрсөңүз болот. Ошолорду карап, ал улуттардын келечеги бар деп ойлойм. Коңшулаш өлкөлөрдөн бир гана казактар азыр жаштарын дүйнөдөгү алдыңкы университеттерде окута башташты.

“Азаттык”: Сиз жана экономикабыз чабал деп айттыңыз, кайсы факторлорго басым жасайт элеңиз?

Бакыт Бешимов: Жакында Казакстандын президенти Кыргызстанга келип, өлкө өзүнүн гана ички ресурстарына таяныш керек деп айтпадыбы. Көмүскө экономиканын ачыкка чыгышына шарт түзүлүшү керек. Жөнөкөй эле мисал, Кыргызстанда көчөгө чыксаңыз, машинелердин саны көбөйдү, алты жүз миңге жакын унаа бар, ресторан-кафелерди карагыла, алар кымбат, бирок ичи толо киши. Жакыр өлкө делген Кыргызстанда ошончо унаа, үй кайсы акчага салынат. Адамдар тиешелүү салык, бажыга акчаларын төктүбү?

“Азаттык”: Жакында эле “Мекендештер” форуму болуп өттү. Сиз айткан таланттуу, билимдүү жаштар ал жакка келишти. Бирок форумга бир чоң сын айтылды, бул - “баары эле жасаш керек деп коюп, кетип калышты” деген ой.

Бакыт Бешимов: “Мекендештер” форуму өткөнү жакшы болду. Бирок сөздөн ишке өтүш керек. Азыр кыргыз прессасында “Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар, кандайча жардам бере аласыңар?” деген суроо көп коюлат. Биргелешип туруп “Эмне жасасак болот?” деген суроо бериш керек.

“Азаттык”: Кыргызстанга акыркы жолу качан келип кеттиңиз?

Бакыт Бешимов: Үч жыл мурун кеткен бойдон бара алган жокмун – шарт ошондой болду.

“Азаттык”: Кайтуу максатыңыз барбы?

Бакыт Бешимов: Мен мекенимен ажыраган деле жокмун. Албетте кайтуу ойлорум бар.

“Азаттык”: Учурунда Америка жүрүшкөн Өмүрбек Абдрахманов, Равшан Жээнбеков 7-апрелден кийин кайтып келишти эле, сиз эмнеге кайтып келген жоксуз?

Бакыт Бешимов: Биринчиден, азыркы жумушум өзүмө жагат. Экинчиден, 7-апрелден кийинки жүргүзүлгөн саясат менен макул эмесмин. Андан кийинки окуялар тандалган курстун туура эместигин далилдеди.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG