Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:31

Конституциялык палата биометрикалык маалыматтарды тапшырууну милдеттендирген ченемдин Баш мыйзамга шайкештигин кароону үч ай кийинкиге калтырды.

Анткени бул маселе боюнча Конституциялык палатанын чечиминин долбоорун даярдаган судья-баяндамачы ишти кароодон четтетилди. Ага парламент өкүлүнүн ишенбөөчүлүк көргөзгөнү себеп болду. Бирок судья-баяндамачы Клара Сооронкулова муну ага карата басымга моюн сунбаганы үчүн жасалган бийликтин буюртмасы катары баалады.

Укпай койгон судьянын убайымы

Биометрикалык маалыматтарды берүүнү милдеттендирген ченемдин Баш мыйзамга шайкештиги боюнча укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун арызын кароо кийинкиге калтырылды. Жоопкер катары соттук териштирүүгө чакырылган парламенттин өкүлү Светлана Болжурова Конституциялык палатага судья-баяндамачыны ишти кароодон четтетүү боюнча өтүнүч келтирди. Анткени ал судья-баяндамачынын бул маселе боюнча ою алдын ала белгилүү болуп калды деген жүйө келтирген. Бул боюнча Конституциялык палата мүчөлөрүнүн добушу экиге бөлүнүп, бирок төраганын добушу менен ал өтүнүч канааттандырылды. Башка судья Эмил Өскөнбаев муну негизсиз доомат катары карап, нааразылык иретинде өзүн дагы ишти кароодон четтетүүнү сурады.

Биометрикалык маалыматтар боюнча Конституциялык палатага укук коргоочу Нурбек Токтакунов кайрылган

Биометрикалык маалыматтар боюнча Конституциялык палатага укук коргоочу Нурбек Токтакунов кайрылган

Бирок төрага анын каалоосун четке какты. Конституциялык палатанын ишти кароодон четтетилген судья-баяндамачысы Клара Сооронкулова муну сот бийлигине жасалган кысым катары кабыл алды:

- Бул эч нерсеге негизделбеген доомат. Парламент өкүлү кайсыл жобо боюнча кандайча пикиримди айтканымды далилдеп берген жок. Анан негизи эле бийлик бул ченем Конституцияга шайкеш келет деп табылсын дегенге башынан эле кызыкдар болуп туруп алды. Иш даярдалып жатканда эле анын Баш мыйзамга туура келбей жатканы байкалып турган. Анткени коопсуздук чараларын караган мыйзамдык база болгон соң гана биометрикалык маалыматтарды чогултуу керек болчу. Маселе каралганга чейин судья-баяндамачы чечимдин долбоорун жазат да. Мына ошол долбоор бийлик каалагандай болбой баратканы үчүн ушундай кылышты. Бул тикелей кысым көрсөтүү. Анткени Конституциялык палата кайсы бир тараптардын кызыкчылыгына карап эмес, анын Баш мыйзамга шайкештигине карап чечим чыгарышы керек болчу. Бул боюнча төрага мамлекеттик кызыкчылык деген шылтоо менен мага басым жасады. Бирок мен ал басымга туруштук бергеним үчүн мени иштен четтетип коюшту.

Иштин артынан киргизиле турган өзгөртүүлөр

Судья-баяндамачы Клара Сооронкулованын ишти кароодон четтетилишин талап кылган жоопкер тарап - парламент өкүлү Светлана Болжурова сотто коюлган дооматты негиздеген эмес. Бул тууралуу анын жүйөсү кандай болгонун сураганыбызда Болжурова “Азаттыкка” комментарий берүүдөн баш тартты. Ошол эле кезде биометрикалык маалыматтарды тапшыруу боюнча мыйзамдын авторлору ал Баш мыйзамга каршы келбейт деп эсептешет. Жогорку Кеңештин депутаты Абдыжапар Бекматов маселени жөнгө салуу үчүн ал мыйзамга кошумча өзгөртүүлөр даярдалып жатканын белгиледи:

Абдыжапар Бекматов

Абдыжапар Бекматов

- Ал ченем жарандардын шайлоо укугун чектейт деген доомат туура эмес. Анткени жарандардын шайлоого жана шайланууга укугу бар деген менен ал укук тиешелүү мыйзамдардын негизинде жөнгө салынары көрсөтүлгөн. Мисал үчүн, башка бир мыйзамга ылайык, сот тарабынан эркинен ажыратылгандар добуш берүүгө укугу жок. Мында ошондой эле жарандар добуш берүү үчүн биометрикалык добуш берүүгө милдеттүү экени көрсөтүлгөн. Андан баш тарткандарга жазана салуу боюнча Административдик кодекске өзгөртүү киргизип жатабыз. Ошондой эле жарандардын өздүк маалыматтары тууралуу мыйзамга алардын корголушунун кепилдиктерин киргиздик.

Кемчиликтерди жашыруунун жол-жобосу

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов биометрикалык маалыматтарды тапшырбаган жарандар добуш берүү укугунан ажыратылат деген ченем алардын шайлоо укугун чектейт деген негизде Конституциялык палатага арыз менен кайрылган. Укук коргоочу Нурбек Токтакунов бийлик бул маселедиги өзүнүн кемчилигин жашырып калуу үчүн судьяларга басым көрсөткөнүнө токтолду:

Нурбек Токтакунов

Нурбек Токтакунов

- Бир добуш артыкчылык менен Конституциялык палата парламент өкүлүнүн өтүнүчүн кабыл алды. Бирок анын негиздемесин акыйкат карап, угуп отурган жок. Демек, булардын логикасына таянсак, кайсы гана сот отуруму болбосун мен өзүмө жакпай калган эле соттон баш тарта берсем болот экен да. Аны жоопкер тарап негиздеп берүүсү керек эле да. Бул жерде президенттин аппаратынан, өкмөттөн парламент аркылуу басым болду.

Бул маселени териштирүү жагы башында судья Клара Сооронкуловага тапшырылган. Ал соттук баяндамачы катары алты айга чукул даярданып, анан маселе карала турган мезгилде анын ишти кароодон четтетилиши талдоочулар арасында күдүк ойлорду жаратты. Конституциялык палатанын төрт мүчөсү анын ишти кароодон четтетилишине каршы добуш беришкен. Бирок төраганын добушунун үстөмдүгү менен гана ишти кароону башка судьяга ыйгаруу чечими кабыл алынган. Ошондой болсо да бул көрүнүштү укук коргоочулар Конституциялык палатанын айрым мүчөлөрүнүн өз алдынчалыгын сактоо аракети катары баалашты. Учурда эки миллиондон ашуун жаран биометрикалык маалыматтарын тапшырган.

XS
SM
MD
LG