Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

Бишкек шаар кеңеши мэрдин ишине канааттанды


Бишкек шаар кеңешинин биринчи жыйыны, 27-декабрь, 2012.
Бишкек шаар кеңешинин биринчи жыйыны, 27-декабрь, 2012.

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов үч жылдык ишмердиги боюнча шаардык кеңешке баяндама жасады.

Борбор калаанын мэри Иса Өмүркуловдун отчетун сессияга катышкан 34 депутаттын 27си “макул” деп кабыл алып, жетөө каршы чыкты. Шаардык кеңеш 45 депутаттан турат. Каршы добуш бергендер “Республика” фракциясынын мүчөлөрү болгонун анын лидери Мирлан Жээнчороев айтты.

Мэрдин жоопкерчилиги боюнча маселе козголбоду

“Республика”фракциясы 11-мартта эле Иса Өмүркуловго ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп чыккан. Бирок анда үч ай аралыгында мэр өз отчету менен келсин деген чечим кабыл алынган болчу. Бирок бүгүн “республикачылар” отчетко каршы добуш бергени менен Өмүркуловдун жоопкерчилиги боюнча маселени козгошкон жок.

Анткен менен фракция башчысы Мирлан Жээнчороев шаар мэрине "каражатты үнөмсүз пайдаланып жатасыңар" деп доомат койду.

Жолду оңдоо учуру
Жолду оңдоо учуру
- 314 млн. сом социалдык тамактандыруу департаментине,1 млрд. сом жолдорго, капиталдык курулуштарга болсо 200 млн. сом бөлүнөт. Орто эсеп менен алганда баары 1.5 млрд. доллар болот. Бирок ушул каражаттарды иштетүүдө жана келишим түзүүдө жоопкерчиликсиз мамиле кылып жатасыздар. Бир сөз менен айтканда, сапатсыз иш жүргүзгөн компанияларга уттуруп жатасыздар.

Бишкек мэри Иса Өмүркулов өз сөзүндө шаарды жетектеген 3 жыл аралыгындагы ийгиликтерин санады. Маселен, бул аралыкта шаардын киреше бөлүгү 700 млн. сомго көбөйүп, быйыл 6 млрд. сомду түзгөн экен. 3 жыл аралыгында Бишкек шаарында 74 километр жол салынып, оңдолгон. Ошондой эле Өмүркулов муниципалдык имараттар, мектеп жана көп кабаттуу үйлөр курулганын, базарлар, көчөлөр тартипке келтирилгенин мисалга тартты. Ал мындан тышкары борбор калаада мыйзамсыз жер сатылбаганын кошумчалады.

- Мен башынан эле айтып келе жатам, биз парк аймактарынан жер саткан жокпуз. Ошондой эле жеке менчик үй курууга деп да жер берген жокпуз. Ал эми шаардан ижарага жер берүүгө биздин укугубуз бар. Бирок берип жатканда сынакты туура эмес өткөрүп, жең ичинен мамиле кылынса, алар жоопко тартылат.

Жыйында шаардын башкы планы да чоң талкуу жаратты. Өмүркулов борбор калаадагы “Бишкек парк” соода борборунун 25 пайызына анын аялы ээлик кылат деген маалыматты да четке какты. 26-июнда интернет булактары документтер менен негиздеп, анын жубайы аталган борбордун 25 пайызына ээлик кыларын жана офшордук аймакта жайгашкан компанияга катышы барын жазып чыккан.

Мэрдин иши жакпагандар

Бишкек, Көк-Жар жаңы конушу 5-июнь, 2012-жыл
Бишкек, Көк-Жар жаңы конушу 5-июнь, 2012-жыл
Шаардык кеңеште мэр отчет берип жаткан чакта мэриянын алдына Иса Өмүркуловдун ишмердигине нааразы жарандар акцияга чыкты. Анын уюштуруучусу - “Жашылдар” партиясынын Бишкек шаарындагы координатору Александр Толмачев мындай дейт:

- Адам катары Өмүркуловго карата менде эч кандай доомат, таарыныч жок. Бирок эмне үчүн ал жаман иштеп жатса, мен салык төлөгөн жаран катары аны багышым керек? “Кечирип кой, мага сенин иштегениң жакпайт” деп ачык эле билдирүү керек.

“Республика” партиясынын Бишкек шаарындагы депутаттары Иса Өмүркуловдун жоопкерчилиги жөнүндөгү маселени бүгүнкү сессияда көтөрүп чыкпаганын байкоочулар алардын башкаруучу коалицияга кирүү дилгирлиги менен байланыштырууда. Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясы коалициялык көпчүлүккө кирүү чечимин кабыл алып, учурда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Иса Өмүркулов 2010-жылы апрель окуясынан кийин эле Бишкек мэри болуп дайындалган. Акыркы кездери шаар тургундарынын арасында анын ишмердигине нааразылар да арбын.

XS
SM
MD
LG