Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:05
Өткөн жылдын аягында президент Алмазбек Атамбаев Германияга болгон иш сапарынын алкагында канцлер Ангела Меркел менен жолугушуу учурунда «азыркы президенттик мөөнөтүмдүн акырына чейин президенттик ыйгарым укуктарымды кыскартам» деп жарыя кылган. Бул көпчүлүктүн, өзгөчө демократияны жана парламентаризмди колдогон адамдардын көңүлүн бурган. Президент Атамбаев ошол пикирин чын жүрөгү менен күйүп айттыбы, же болбосо демократия менен парламентаризмдин жардамы менен гүлдөгөн мамлекетке барып, алардын ийгиликтерин көрүп эреркеп кеттиби, так айталбайм, бирок мен ал көз карашты толугу менен колдойт элем.

Бирок ал кездеги Атамбаев менен азыркы Атамбаевдин айырмасы асман менен жердей. Азыркы Атамбаев качып кеткен мурдагы президенттер Акаев менен Бакиевдин иш алып баруу ыкмасын тандады. Сөз жүзүндө бүгүн парламенттик мамлекетте жашап жатабыз дегенибиз менен иш жүзүндө бүгүн өкмөттүн башчысы да, Жогорку Кеңештин да, Жогорку Соттун төрагасы да Атамбаев! Бийлик бутактары, мамлекеттин кадр жана байлык ресурстары толугу менен президенттин көзөмөлүнө өттү. Бул Конституциянын негизги принциби болгон «бийликтин тең салмактуулугун», демократиянын негиздерин гана бузбастан, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгына да карама-каршы келет.

Менин көз карашымча, мамлекеттеги бардык бийликти бир колго топтогон президенттик бийлик институту кыргыз элинин душманы болуп эсептелет.
Эмне үчүн?

Президенттик институт ажырымды күчөтөт

Эл аралык уюмдардын, эксперттердин жана баарыбыздын эле билишибизче, улутубуздун негизги проблемаларынын бири – түндүк-түштүк маселеси. Бизде ар бир президенттик шайлоо регионалдык ажырымга алып барат. Саясый топтор түндүк-түштүк деп өз кадрларын таптап, шайлоо маалында 5 жыл бою даярдап келген талапкерлерин алып чыгып, бири-бирине каршы коюп келишет. Айрым саясый күчтөр «биз президенттикти алышыбыз керек», «биздин кезегибиз келди», «биздин бала президент болсун», «биз өч ала турган убагыбыз» деген көз караштарды коомубузга таңуулап, улутту бөлүп жарган саясатты жүргүзүшөт. Буга кечээ жакынкы эле тарыхыбыздагы Усубалиевге Масалиевди, Масалиевге Акаевди, Акаевге Бакиевди, Бакиевге Кулов менен Атамбаевди, Атамбаевге Ташиев менен Мадумаровду каршы коюп келгенибиз далил.

Кыргызстанда бир дагы президент чыныгы атаандаштык менен, таза шайлоодон жеңип шайланган эмес. Бардыгы жасалма шайлоонун жана регионалдык принциптин гана негизинде утушат. Мындай жол менен шайланган президенттер эч убакта улуттук масштабдагы лидер боло алган эмес жана боло албайт. Бир сөз менен айтканда президенттик бийлик биздин коомубузду бириктирип, бир улутка, бир мамлекетке айлантпастан, тескерисинче өлкөбүздү, улутубузду бөлүп-жарган бийлик институтуна айланды. Ал эми парламентаризм шайлоо маалында түндүктүн лидерлерине түштүктөн, түштүктүн лидерлерине түндүктөн өнөк издөөгө шарт түзүп, түндүк-түштүк маселесин жоюуга, улутубузду бириктирүүгө жардам берет. Кандай гана күчтүү саясатчы болбосун сүйлөшүүгө, компромисске барууга, өнөк издөөгө мажбур болот.

Президенттик институт - улуттук трагедиянын булагы

Президенттер элге талкаланган экономиканы, сатылган жерди, жакырчылыкты калтырып, кырчындай жаш жигиттерибиздин өмүрлөрүн алып кетүүдө. Эгемендик алгандан бери эки президенттик бийликти башыбыздан кечирип, учурда де-факто – үчүнчү күчтүү президенттик бийликтин тушунда жашап жатабыз. Соңку тарыхыбызды карай турган болсок эки президентибиз тең мамлекетибизге аябагандай чоң трагедияларды алып келди. Миллиарддаган акчаларды уурдап, мамлекетти талкалап гана кетпестен, жүздөгөн жигиттерибиздин, көрүнүктүү саясатчылардын жана журналисттердин дагы өмүрлөрүн алып кетти. Үзөңгү-Куушту, Каркыраны, Кумтөрдү, мамлекетибиздин суверенитетин, суусун, “Кыргызгазды” күнкор өкмөт, чөнтөк парламенттерди пайдаланып, терең ойлонбостон башка мамлекеттерге белекке берүүсү дагы биринчи кезекте президенттерибиздин "эмгеги" экенин баарыбыз билебиз.

Ал жерлерибизди, маанилүү байлыктарыбызды Жогорку Кеңеш шайлаган премьер-министр, өз кызыкчылыгын гана көздөп, башка мамлекеттерге белекке бере алат беле? Менимче, жок! Бул иштер тышкы күчтөргө көз каранды, баарын мен гана билем деген президенттердин гана колунан келет.

Президенттик институт авторитаризмге жана диктатурага жакын

Президенттик бийлик табиятынан авторитаризмге, диктатурага жакын жана туруктуу мамлекеттик институттары жок мамлекеттерде Бакиевдикине окшогон бандиттик режимге өтүп кетүү мүмкүнчүлүгү өтө жогору. Өкмөтү, Парламенти, Соту, укук коргоо органдары президентке көз каранды болсо ал бийлик авторитардык бийлик деп эсептелет. Мурдагы эки президенттерди айтпай эле коёлу, азыркы “демократ Атамбаевдин” убагында президентке баш ийбеген эгемендүү өкмөт, эгемендүү парламент, эгемендүү сот, эгемендүү укук коргоо органдары бар деп өз абийиринин алдында ишенимдүү түрдө ким айта алат? Бардыгы Атамбаевге көз каранды! Эки революцияны башынан өткөрүп, демократиялык жана элдик толкун менен бийликке келген Атамбаев азыр демократияны эмес, өз бийлигин бекемдөөнүн гана үстүндө иштеп жатат.

Дүйнөдөгү авторитардык мамлекеттерди карай турган болсок алардын дээрлик бардыгы президенттик башкаруудагы мамлекеттер. Алар: Зимбабве, Венесуэла, Боливия, Куба, Орусия, Өзбекстан, Беларуссия, Казакстан ж.б. Ал эми демократиялуу жана өнүккөн өлкөлөрдүн дээрик көпчүлүгү парламенттик башкаруудагы мамлекеттер. Алар: Германия, Швеция, Швейцария, Голландия, Малайзия, Япония, Сингапур, Англия ж.б.

Парламенттик мамлекетте премьер-министр мамлекетти эч убакта президенттерге окшоп жеке менчигине айландыра албайт.

Президенттик институт - коррупциянын башаты

Президенттер башкарган Кыргызстан эл аралык изилдөөлөр боюнча, акыркы 20 жылдын аралыгында дүйнөдөгү эң коррупциялашкан 10 мамлекеттин катарынан чыга элек. Мамлекет акча, жараталыш байлыктары, кадр маселеси, эл аралык иштердеги кайсы бир мамлекеттер менен пайдалуу мамилелер өңдүү аябагандай көп ресурстарга ээлик кылат. Мындай ири маселелерди жалгыз адамдын чечүүсү коррупциянын өнүгүүсүнө ыңгайлуу шарт түзөт. Президент демократияга канчалык жакын болбосун, ачык айкындуулукту, атаандаштыкты жана отчеттуулукту туу тутпасын, эртеби-кечпи эбегейсиз бийликтин негизинде пайда болгон азгырыктар президенттик бийликтин тез арада коррупциялык режимге айлануусуна өбөлгө түзөт. Буга президенттин үй-бүлөсү, ишенген адамдары, партиялаштары чоң көмөкчү болот.

Мындай шартта кандай гана мыкты, таза президент болбосун, анын бийлиги коррупциялык бийликке айланат. Ал эми парламенттик мамлекетте премьер-министрди коалициялык өкмөт бекитип, министрлер бир гана өкмөт башчыга эмес, парламентке дагы көз каранды болот. Парламент тарабынан өкмөткө болгон көзөмөл премьер-министрге, же болбосо министрлерге каалагандай чечим кабыл алууга жолтоо болот. Ачык айкындык, көзөмөл жана отчеттуулук принциптери коррупциянын деңгээлин бир топ азайтат.

Президенттик институт өз кызыкчылыгын гана коргойт

Президент мамлекеттик деңгээлде жана саясий талаада өзүнө күчтүү атаандаштардын пайда болушун каалабайт. Президенттик бийликтин шартында эркин, өз алдынча ой жүгүрткөн, күчтүү депутаттардын, саясатчылардын, мыкты башкаруучулардын, өкмөт башчысынын жана мүчөлөрүнүн калыптануусу мүмкүн эмес. Анткени президенттик башкаруунун шартында маанилүү, жогорку денгээлдеги мамлекеттик кызмат орундарына чыныгы атаандаштыктын негизинде эмес, президентке болгон жеке берилгендиктин жана кошоматчылыктын негизинде дайындалат. Президенттик бийлик күчтүү башкаруучулардын, саясатчылардын калыптануусуна шарт түзбөйт, ал тургай дараметтүү саясатчылардын келечегине балта чабууга, керек болсо жок кылууга кызыкдар, анткени күчтүү атаандаштар пайда болсо президенттик тактыны талашат деп коркот.

Президенттик институт мамлекетти өнүктүрө турган атаандаштык, меритократия баалуулуктарын жокко чыгарып, алардын ордуна кошоматчы, күнкарама, алсыз адамдардын чөйрөсүн жаратат. Буга акыркы 20 жылдын аралыгындагы алсыз өкмөттөр, бүгүнкүдөй эле чөнтөк парламенттерибиз, кызмат үчүн, биринин артынан бири сатылып аткан саясатчыларыбыз далил. Эгер элибиздин көпчүлүгү, саясатчылар жана элитабыз ушул эле президенттик бийликти калтырабыз десе анда биз күчтүү өкмөт, күчтүү саясатчылар, күчтүү мамлекеттик башкаруучулар жана күчтүү депутаттар жөнүндө сөз кылбай эле койгонубуз оң болот.

Ал эми парламентаризм саясий атаандаштыкты колдойт. Саясий атаандаштык бар жерде эффективдүү өкмөт, мыкты депутаттар жана мамлекеттик башкаруучулар жараларына көзүм жетет.

Президенттик институт реформаларга каршы

Кооз сөздөрү менен гана элди алдаганы болбосо бир дагы президент мамлекетте жарытылуу өзгөрүү жасай алган жок. Биздин мамлекетибизде чыныгы реформалар эч убакта болгон эмес. Конституциянын негизинде бүгүнкү күндө реформарларга өкмөт жоопкер, бирок иш жүзүндө бардык мамлекеттик маанилүү маселелерди президент чечкендиктен жоопкерчилик кимисинде экени түшүнүксүз.

Биз өкмөттөн чыныгы реформаларды талап кылып келебиз. Ошондой реформаларды жасайм деген адам, кокусунан өкмөттүн башына келип, өзгүрүүлөр баштала турган болсо, анда президент жана анын кошоматчылары, өздөрүнүн ресурстук, финансылык, кадрдык жана башка таасирлерин жоготуудан коркуп, андай өкмөт башчысын жок кылганга аракет жасайт. Эртеби- кечпи ар кандай интригалардын жолу менен ал адамды кызматтан алышат. Ушинтип президент өзү дагы, өзгөнү дагы эч нерсе жасатпайт. Бизде президент 6 жылга шайланат, демек ал мамлекетте маанилүү өзгөрүүлөрдү жасай албаса, анда эл же кыйналып чыдоого, же толкуп революциялык жол менен кууп чыгууга мажбур болот.

Ал эми парламенттик мамлекетте премьер-министр парламенттен корккондуктан жана эмки шайлоодо кайрадан утушум керек деген ой менен элге жагынып, реформа жасоого кызыкдар жана бар күчүн жумшап иштейт. Эгер алсыз, өнүгүү жарата албаган же иштин көзүн билбей, жеке кызыкчылыгын гана ойлогон өкмөт башчы болсо аны кызматтан алуу жеңил жана жөнөкөй. Эң негизгиси бийлик алмашуу кан төгүүсүз, революциясыз болот.

Президенттик институт тышкы күчтөргө аябагандай көз каранды

Кыргыздын президенти ким болорун кыргыз чечпейт. Кремл чечет.
Мурунку эки президентибиздей эле, азыркы Атамбаев да кыргыз элинен, кыргыз парламентинен, жарандык коомдон же мыйзамдардан коркпойт. Алар корккон эки гана күч бар. Бири Москва, экинчиси Вашингтон. Өз элинен жана өз жериндеги институттардан коркпогон, бирок ошол эле учурда башка мамлекеттерден корккон президент эч убакта өз өлкөсүнө жакшы кызмат кылып бере албайт. Эгерде биз тарыхыбызды карай турган болсок, Үзөңгү-Куушту Кытайга, Каркыраны Казакстанга, Кумтөрдү Канаданын компаниясына берүүдө президенттер кыргыз элинин кызыкчылыгын көздөп эмес, сырткы кысымдарга туруштук бере албаганынан жана жеке кызыкчылыктардан улам ошол кадамга барганын көрө алабыз. Мисалы, бүгүн деле Атамбаев Кремлден коркконунан Камбар-Атаны, “Кыргызгазды” жана өлкөнүн бүтүндөй суу ресурстарын Орусияга түбөлүк энчилеп берип атат. Бул кадамы менен Атамбаев Кыргызстандын суверенитетин Орусияга карматып жаткандыгын эртели-кеч тарых таразалайт.

Президенттик институт аны бийлигинен кулатып коюуга күчү жеткен чет мамлекеттерден коркуп, ал мамлекеттерге кызмат кылууга көбүрөөк шарт түзүп жатат. Бул жагдай Кремлдин барымтасында “куурчак” болуп келген президенттик институтту тезирээк жок кылуу зарылдыгын далилдеген дагы бир аргумент болуп эсептелет. Парламенттик мамлекетте премьер-министр бир гана парламенттен коркот, анткени аны кызматтан парламент гана ала алат.

Президенттик институттун жоопкерчилиги жок

Президенттер, алардын үй-бүлөсү, достору каалаганын жасайт, бирок эч кимиси жоопкерчиликке тартылбайт. Эгерде массалык маалымат каражаттарын жакшылап карасак, бардык салтанаттардан президент Атамбаевди көрөбүз. Анын Путин, Назарбаев, Меркел менен жолугушуулары расмий кабарлардын негизин түзөт. Курулушу бүткөн мектептерди, ооруканаларды ачат. ГЭСтердин курулушун баштайт. Жылуу кабинетинен өзү бекиткен кадрларын кабыл алат.

Бирок мен Атамбаевди Ош окуясы, Батукаевдин түрмөдөн кандай жол менен бошогондугу, чечилбеген чек ара маселелери, кырылган малдар, жазаланбай качып кеткен Бакиевдер, күндөн күнгө талкаланып бараткан экономика, өнүкпөгөн өлкө, коррупциялашкан соттор, жумушсуздук боюнча парламенттин жана элдин алдында жооп бергенин көрө албадым. Жамандын баарын өкмөткө шылтап, жакшынын баарын президентке ыйгаруу принциби мурдагы президенттердин убагындай эле иштеп атат. Президенттер бардык нерсеге ээ, бардык бийликти көзөмөлдөйт, бирок эч нерсеге жооп бербейт.

Жыйынтыгында Акаев Москвада, Бакиев Белоруссияда, ал эми балдары Европада. Кыргызстандын эли жакырланып, жери четинен кертилип, чек арасы кайтаруусуз, мамлекети талкалануу абалында турат.

Ушундай президенттик бийлик, ушундай президенттер бизге керекпи? Бизге түп- тамырынан өзгөргөн, жаңы башкаруу системасы зарыл. Ал толук кандуу парламенттик башкаруу!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG