Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:11

28-май Кыргызстандын чек арачыларынын күнү. Бул күнгө арналган Оштогу салтанатта чек ара кызматынын жетекчиси июнь коогасынын бир жылдыгын утурлай чек аралар бекемделгенин, олуттуу коркунуч жоктугун белгиледи.

Кыргызстандын коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, чек ара кызматынын кол башчысы, генерал Закир Тиленов он эки жыл мурда уюшулган чек ара кызматынын тарыхына кыскача токтолду:

- Кыргыз-Кытай чек арасын мурда эле кайтарып турганбыз. 1999-2000-жылдары Баткенде болгон окуялар кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек чек араларында атайын аскер кармоого бизди мажбурлады.


Генерал Закир Тиленов буга улай былтыркы Ош коогалаңынын жылдыгына карата чек ара тилкелерин кайтаруу абдан күчөтүлгөндүгүн да ырастады:

- Мына, 10-июндагы былтыркы түштүк коогалаңынын жылдыгына карата чек ара тилкесинен террорчу жана маңзат өтпөсүн үчүн чек араларыбызды абдан бекемдедик. Бүгүнкү күндө олуттуу деле коркунуч жок.

Кытай жана Тажикстан менен чектешкен Алай районунун акими Айтпай Жээналиевдин баамында, чек арачылардын көйгөйү дале толтура:

- Алай негизинен Тажикстан жана Кытай менен чектешет. Ал жерде алты чек ара бекети жана жалгыз комендатура бар. Орчундуу проблема - эл менен байланыш чабал. Чек арачыларга жергиликтүү калк жардам берип турууга милдеткер. Анткени автоунаа жагынан, турмуш-тиричилик жагынан алардын көйгөйлөрү жетиштүү. Ушуларды кечеңдетпей чечүү абзел. Мындан тышкары чек арада кызмат өтөгөндөрдүн айлыгын дагы көтөрүү абзел. Эгерде чогуу туруп биргелешип иштебесек, баарын мурдагыдай эле ээн-эркин койсок, былтыркы окуялар кайталанып кетиши ажеп эмес.
Жыйындан бир көрүнүш



Чек чарачыларды майрам менен куттуктап жатып Ош облус губернаторунун орун басары Акматжан Махаммадов чек ара кызматынын эн белгисин мамлекеттик атрибуттардын катарына кошуу демилгесин көтөрдү:

- Эгемендүүлүккө жеткенибизден бери кандай атрибуттарга ээ болдуңар дешсе, биринчи ирээтте Башмыйзамыбызды, Гимнибизди жана Туубузду атайбыз. Буга улай өз алдынча өлкөдө чек ара кызматы түптөлөт эмеспи. Андыктан, мен жогорудагы мамлекеттик атрибуттарга чекара кызматынын эн белгисин кошуп койсо туура болот дегим келет. Анткени, кайсыл жылы мамлекет эгемендүүлүккө жетишсе, ошол эле жылы чек ара кызматы дагы кошо түзүлөт эмеспи.
Кыргыз чек арачысы


Облустук бийликтин өкүлүнүн демилгесин жергиликтүү серепчилер олуттуу жаңылыштык катары баалап, аны президенттик шайлоонун алдындагы кошоматчылык сыңары эсептеп жатышат.

- Мамлекеттик атрибуттарга анын ыйык мазмундагы эн белгилери кирет. Булар Гимн, Герб жана Туу болуп эсептелет. Анткени, өлкөнүн атрибуту ошол Мекенди байырлаган элдин негизги мазмунун чагылдырып туруусу кажет. Ал эми чек ара аскерлеринин эн белгисин мамлекеттик атрибутка айландыруу демилгеси жөн жеринен көтөрүлгөн жок. Эгерде булардын эн белгисин мамлекеттик дэңгээлдеги атрибутка айландырсак, анда Кыргызстандагы башка мекеме-уюмдардын эн белгилерин кантебиз? Менимче, бул жогортон саясатташтырылган маселе болуп жатат. Өзү мындай демилге төмөнтөн башталса жарашмак. Атрибутту бир гана жолу кабыл алган оң жана ал элге түбөлүк кызмат кылышы абзел, – дейт оштук серепчи Жыргалбек Жээнбеков.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG