Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:05

Үңкүр-Тоо протоколунун сыры ачыла элек


Үңкүр-Тоо, Аксы
Үңкүр-Тоо, Аксы

Үңкүр-Тоо маселесин бүгүн парламент өкмөттүн катышуусунда жабык талкуулады. Кечээ маселе Жогорку Кеңештин комитетинде талкууланып, анда Башкы прокуратурага 22-мартта Кербен шаардык кеңешинин кароосуна жиберилген өкмөт токтомунун аныктыгын иликтеп чыгуу тапшырылган.

Чек арадагы кырдаал жана коопсуздук маселеси боюнча 30-мартта өкмөт башчы Темир Сариев баш болгон күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү Жогорку Кеңеште маалымат беришти. Парламент бул маселе өтө аяр деген негизде жыйынды жабык өткөрүү чечимин кабыл алды. Анда коомчулуктун көңүл чордонунда турган Үңкүр-Тоого байланыштуу дагы маалымат берилмек.

Эл өкүлү Жанарбек Акаев жыйын жабык өткөнү менен анда жашыруун деле эч кандай маалымат айтылбаганын белгилеп, Үңкүр-Тоо боюнча өкмөт башчы буга чейинки эле позициясын кайталаганын билдирди:

- Талаштуу жерлердин бир дагы сантиметрин башка өлкөгө өткөрүп берүү ниетибиз жок деди. Ал өкмөттүн планында санариптик телеберүүгө өтүү жана башка маселелерге токтолуп, дагы бир станция куруу ою бар экенин айтты. Бүгүн жашыруун, сырдуу эч кандай деле сөз болгон жок. Үңкүр-Тоо боюнча күч органдарына тапшырма болуптур. Депутаттар ошонун жыйынтыгын күтүп туралы дешти.

Талаш жараткан Үңкүр-Тоо маселеси парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин кезектеги жыйынында 29-март күнү да жабык талкууланган. Жыйынтыгында комитет Үңкүр-Тоого жайгашкан радиорелейлик станцияны башка жакка көчүрүүгө каршылык билдирип, тескерисинче, анын ишмердүүлүгүн күчөтүүнү талап кылган токтом кабыл алган. Комитет мүчөлөрү Башкы прокуратурага 22-мартта Кербен шаардык кеңешинин кароосуна жиберилген өкмөт токтомунун аныктыгын иликтеп чыгууну тапшырган. Башкы көзөмөл органы териштирүүнү 20-апрелге чейин аягына чыгарышы зарыл.

Кербен шаардык кеңешинин төрага орун басары Калыбек Урустемов “Азаттыкка” бүгүнкү күндө алардын колундагы токтом тууралуу өкмөттөн дагы, укук коргоо органдарынан дагы эч ким кайрыла электигин билдирди:

- Ал протокол боюнча эч нерсе болгон жок. Бизге өкмөттөн же күч түзүмдөрүнөн эч ким чыккан жок. Кагаз келген. Биздин кайрылуубузду, токтомубузду чыгарып, сайтка салганбыз. Азыр биз өкмөттөн аныктама күтүп жатабыз. Ошого жараша маселени кайра карайбыз. Сессия коюлганда ошол маселе чыккан. Сөз туура эмес жазылып калган дегенбиз. “Өзбекстандын аймагындагы жана көчүрүү” деген эки сөз боюнча талаш-тартыш чыккан.

Өкмөт Кербенге жөнөтүлгөн протокол бурмаланганын, баштапкы документте Үңкүр-Тоо Өзбекстан Республикасынын аймагында эмес, Өзбекстан менен чектешкен жерде деп көрсөтүлгөн деп ишендирүүдө. Ал ортодо оппозиция өкүлү Азимбек Бекназаров бийликтин соңку кадамдарын Үңкүр-Тоонун Өзбекстанга өтүп кеткенин жашырууга жасалган аракет катары кабыл алганын билдирген. Өкмөт аны дароо четке кагып, "чагымчыл билдирүү" деп сыпаттаган эле.

Дипломатия иштери боюнча эксперт Талант Кушчубеков өкмөттүн протоколун текшерип, анын чын-төгүнүнө жетүү жолу абдан эле жөнөкөй деп эсептейт. Анткени расмий факс аркылуу өкмөттөн барган документте тийиштүү дата, дарек, кол тамгалар ачык эле көрүнүп турат. Талдоочу документ жасалмаланган деген божомолго ишенүү абдан кыйын экенин белгилеп, бул жерде негизги себеп документ жөнөтүүдөгү өкмөтүн аппарат кызматкерлери кетирген айрым алешемдиктерге байланыштуу болушу мүмкүндүгүн белгилейт. Эгер ошондой болсо, аны өкмөт жөн гана моюнуна алып, түшүндүрмө берүүсү зарыл.

- Мүмкүн өкмөттөн ошондой кагаз кетип калган. Азыр чынын айтканда, аппаратта деле мурункудай абдан такшалган кызматкерлер азыраак. Ойлонбой жазып жиберип, анан кайра өздөрү коркуп, артка кайта албай жатабы? Андай да болушу ыктымал. Эгер ошондой болсо, анда өкмөт айтып эле койсо болмок. Биздин кызматкерлерден ката кетиптир, ушундай болду деп эле. Эгер чын эле ошондой протокол болсо, аны канча жашырганы менен бир күнү чыгат. Чын эле болсо, аны Өзбекстан деле “мына протоколубуз бар” деп айтат да.

Кербен шаарынын үстү жагындагы Үңкүр-Тоодо жайгашкан станциядан Аксы, Ала-Бука аймактарына теле-радио жана мобилдик байланыштын сигналдары таратылат. Өзбекстандын чек ара аскерлери 2013-жылы Үңкүр-Тоого тик учак менен конуп, аны өзүнө караштуу аймак катары доомат койгон. Аксыда эл митингге чыгып, бийлик өзбек тарап менен сүйлөшкөн соң андагы аскерлер чыгарылган болчу.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG