Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:43

Акаевдин шакиртинин байлыгы канча?


Кубанычбек Жумалиев "Азаттыктын" студиясында. Бишкек, 30-июль, 2013.

Кубанычбек Жумалиев "Азаттыктын" студиясында. Бишкек, 30-июль, 2013.

Кыргызстандын биринчи президентинин шакирти, экс-премьер-министр, Илимдер Академиясынын Физика институнун директору, академик, ишкер Кубанычбек Жумалиев менен маек.

“Азаттык”: Акаевдин бийлиги кулатылганына он жылдан ашты. Ошондон бери негизги фигуралардын бири Кубанычбек Жумалиев өз иши менен алек болуп, саясатта, коомчулукта жок болчу. Эмне үчүн бүгүн сизге коомчулуктун назары түшүп калды? Иниңизге таандык маселе эмне үчүн сизге байланып калды?

Кубанычбек Жумалиев: Жумалиевди караласак, коркконунан инисине “Касым ата” базарын бер деп айтат деп эле жамандап атышат.

“Азаттык”: Социал-демократтар партиясынан депутат Турсунтай Салимовго бул “Касым атанын” ээси Салимовдун канчалык тиешеси бар?

Кубанычбек Жумалиев: Турсунтай Салимов менен жолугуп, сүйлөштүм. Ал кишинин эч кандай тиешеси жок экен. Мен ишендим. Эгер мен жалган айтсам тутуп аткан орозом кабыл болбой калсын деди. Мусулман адамы үчүн бул өтө жоопкерчиликтүү сөз. Ошондуктан ал кишинин эч кандай тиешеси жок деп эсептейм.

“Азаттык”: Сиздин азыркы бийлик менен мамилеңиз кандай? Негизи Жумалиев бардык бийликтерде бардык аткаминерлер менен жакшы мамиле түзгөндү билет дешет. Экинчиден, Жумалиевге саясий куугунтук жасалып атат дегендей да имиш тарап кетти. Мында жүйө, чындык барбы?

Кубанычбек Жумалиев: Азыркы бийлик менен болгон мамилем – экономиканы көтөргөнгө жардам берип атам. Андан башка бирөөнө да өйдө-ылдый кадамым жок жана алардын куугунтук кылган эч бир кадамын көргөн жокмун.

Кредиттеримди эсептесем байлыгым – нөл

“Азаттык”: Сизди Кыргызстандагы эң бай адамдардын бири дешет. Мисалы, “Де-факто” гезити 100 кишиден сизди бешинчи орунга коюптур. Байлыгыңыз канча?

Кубанычбек Жумалиев: Ошондой деңгээлге жетем деген аракетим бар, Кудай буюрса. Эгерде бүгүнкү күндө алган кредиттеримди эсептесем байлыгым – нөл. Анткени, 2,4 млн. доллар кредит алып, ошону төлөө аракети менен чуркап жүргөн кишимин.

“Азаттык”: Сиздеги бир топ байлыктарды санап жүрүшөт. Анын ичинде ЭВМ заводунун имараты, “Гоин”, “Таатан” соода борборлору, мисалы, Көк-Жарда эле 17 турак үйү бар деген маалымат жүрөт. Чүйдүн тегерегинде бир топ жерлерди туугандарыңызга алып берген деп атышат. Андан тышкары сиз айтып аткан “Каркыра” кыймылы сизди Жалал-Абадда он ишкананы мыйзамсыз менчиктештирип алган деген маалымат таратты. Эгер чын болсо ушулардын бардыгын кантип алдыңыз?


Азыркыга чейин Казакстанда да, Өзбекстанда да брикет чыгарган завод жок. Алар тескерисинче: "Кубанычбек Мырзабекович, бизге дагы көмүр брикет заводун куруп бериңизчи", - деп суранып жүрүшөт. Бул менин илимимдин натыйжасы болуп атат.

Кубанычбек Жумалиев: Биринчи, Жалал-Абад боюнча: бир дагы ишканасына тиешем жок. Ошол айтылгандардын азыраагы инимдин, эжемдин мүлктөрү. Биз атадан он бир тууган экенбиз. Ар кими заманына жараша менчиктештирүүгө катышып жүрүшкөн экен.

“Гоин” борбору боюнча: инимдин баласы эки үйдү сатып алып, менин аспирантым, Кытайдын жараны Хе Чин Ю менен чогуу ошол үйдү бузуп, ордуна салышкан. Мамлекеттин тиешеси жок. “Таатан” комплекси боюнча: аспирантым Хе Чин Юнун досу Тан Фан Чу деген келип, менин эки жээнимден эки имаратты алышкан экен. Ошону бүгүн чоң соода борборуна айландырышкан.

ЭВМ заводу боюнча: жыйырма компанияга сатылган экен. 2009-жылы Азия Банкынан 600 миң доллар кредит алып, мамлекеттен эмес, кыргыз-орус биргелешкен компаниясынан сатып алып, бүгүн ошол жерде эл аралык инновациялык университет түзүп, иштетип атам. Буюрса балдарыбыздын келечеги үчүн иштеп жатат. Андан тышкары бул имаратта компьютердик коллеж иштеп атат. Андан тышкары СССР убагындагы биргелешкен кыргыз-корей брикет заводун сатып алды деп атышпайбы. Азыркыга чейин Казакстанда да, Өзбекстанда да брикет чыгарган завод жок. Алар тескерисинче: "Кубанычбек Мырзабекович, бизге дагы көмүр брикет заводун куруп бериңизчи", - деп суранып жүрүшөт. Бул менин илимимдин натыйжасы болуп атат. Эки чоң линия курдум, бирине 800 миң, экинчисине 600 миң доллар кредит алып. Документтери, банк документтери баары турат. Кызыккандар үчүн ачык.



“Азаттык”: Сиздин Кытай бизнеси менен тыгыз алакаңыз бар. Сиз бийликте турган кезде Кыргызстан-Кытай соода алакаларын негизинен Кубанычбек Жумалиев көзөмөлдөйт деген сөз жүрчү эле. Ишкердигиңиздин кыртышы ошол учурга такалбайбы?

Кубанычбек Жумалиев: Биринчиден, “Гоин” жалгыз менен аспирантым менен инимдин балдарынын ортосундагы биргелешкен ишкана...

“Азаттык”: Сиздин таасириңиз бар да баары бир, атыңыз бар дегендей.

Кубанычбек Жумалиев: Таасирим болгону менен бул мамлекеттик инвестиция эмес. “Таатан” да ошондой жеке менчик инвестиция. Мындай инвестиция келгенге кубаныш керек. Эң негизгиси бир эле Кытай эмес, Корея менен брикет чыгарып атам, Орусия менен темирди кайра иштетип атам.


Эч нерсе таба алышпады

“Азаттык”: 2005-жылкы март окуясынан кийин Акаев жана анын кадрлары, сиз менен үзөңгүлөш көптөгөн аткаминерлер мамлекеттен мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү кайтарып алуу боюнча катуу чабуулга кабылышты. Бирок сиздин атыңыз дегеле чыккан жок. Ошол мезгилде сизге кандай мамиле болду эле жаңы бийликтен? Эмне үчүн көшөгө артында калдыңыз?

Үсөн Сыдыков ар бир жума сайын “Жумалиевге качан табасыңар?” деп сурачу дейт. Комиссия эч нерсе таба албагандыктан эле эч нерсе кыла алышкан жок...

Кубанычбек Жумалиев: Көшөгө артында калды деп менин ошол кездеги жашоомду көрүп-билбегендер, көрө албагандар айтышса керек. Себеби, менин ордума транспорт жана байланыш министри Ишенбай Кадырбеков келген, башкы прокурор Азимбек Бекназаров болгон. 2005-жылы апрелдин орто ченинен баштап эле президенттин буйругу менен, ошол кездеги администрация башчысы Үсөн Сыдыковдун тапшырмасы менен атейин мени текшериш үчүн алты фискалдык, укук коргоо органдардан комиссия түзүлүп, мени жети ай текшерген.

Комиссия министрликтен эч нерсе таппаганда Жалал-Абад облусунун губернатору, премьер-министр болуп турган учурумду, ал эмес 1993-жылы жетекчи болуп турган мамлекеттик илим жана технологиялар комитетине чейин текшеришкен. Натыйжада мыйзам бузуптур деген бир дагы сап жаза алышкан жок. Мен так, жоопкерчиликтүү иштегем. Себеби, менин илимий жетекчим Аскар Акаевич болчу.

“Азаттык”: Бирок ошол эле кезде Жумалиевдин байлыгын Азимбек Бекназаров калкалап калды деген сөз тараган. Өзүңүз деле уксаңыз керек, кандай комментарий бересиз?

Кубанычбек Жумалиев: Тескерисинче, өтө катуу көзөмөлдөп, текшерди. Айтканына караганда Үсөн Сыдыков ар бир жума сайын “Жумалиевге качан табасыңар?” деп сурачу дейт. Комиссия эч нерсе таба албагандыктан эле эч нерсе кыла алышкан жок. Андан бери деле жыл сайын текшерип келатышат. Акыркысы – иниме байланыштуу.

“Азаттык”: Демек, бул ишке бийликтин тиешеси бар дейсизби?

Кубанычбек Жумалиев: Касымов (“Каркыра” кыймылынын жетекчиси) башкы прокуратурага туура эмес менчиктештирген үчүн Жумалиев Самарбекке кылмыш ишин ачкыла деп кайрылып атпайбы...

“Азаттык”: Баса, сиз бийликке кайрылууңузда бул маселе иретке келбесе кыргыздар менен уйгурлар ортосунда чыңалуу болуп кетиши мүмкүн деп атасыз. Кокустан сиз каалагандай чечим чыкпай калса иниңиз же анын тарапкерлери тарабынан башка жолдор жасалышы мүмкүнбү?

Кубанычбек Жумалиев: Иним тарабынан чыкпайт. Мыйзам чегинде гана иш алып барам деп атат. Бирок булар коомдук уюмдарга ар бирине он миң доллардан берели, митингге чыгып бергиле деп уюштуруп аткандын натыйжасында бирдеме чыгып кетпесин деп атам. Кайрылуумдун негизинде атайын кызматтар текшерип атышат деп ойлойм.


Көрө албагандар айта беришет

“Азаттык”: Майрам Акаева журналист Жеңишбек Эдигеевге Женевада берген маегинде сизди Акаевге берилген беш кишинин бири дептир. Президент Акаевдин эң чоң каталары кайсылар болгон, атай аласызбы?


1998-жылы премьер-министрликтен кеткенден кийин өзүмчө өз оокатымды кылып калгам. Ошондуктан Майрам Акаевага үй-бүлөлүк башкаруу болуп жатканы туурлуу айтканга ал учурда мүмкүнчүлүгүм жок болчу...

Кубанычбек Жумалиев: Биринчиден, эмне себептен Майрам эже мени сатпаган адамдардын катарына кошту? Мен 2005-жылы 15-апрелде интервью берип, Аскар Акаев мага президент эле эмес, илимий жетекчим. Аны эч качан сатпайм. Ушул идеологиям үчүн азыркы бийликтер иш козгоп, кыянаттык кылса, жооп тартууга даярмын деп жооп бергем. Азыр да Аскар Акаев менен мамилем түз. Эч качан докторанттар, аспиранттар илимий жетекчисин сатпашы керек.

“Азаттык”: Кемчилик кетирди беле анан?

Кубанычбек Жумалиев: Кемчилиги: сөзсүз түрдө элде айтылып жаткандай эле туугандары киришти. Коррупция болгон деп күнөө коюп атышпайбы. Далилдейбиз деп аракет эле кылышты. Убагында Данияр Үсөнов 500 объект табылды деп айтты эле, аягында бир да объект табылган жок го.

“Азаттык”: Үй-бүлөлүк башкаруу болгонуна макулсузбу?

Кубанычбек Жумалиев: Билем. Сөзсүз түрдө кандайдыр бир деңгээлде болгон.

“Азаттык”: Сиз айттыңыз беле убагында муну? Сизди көбүрөөк Акаева менен сүйлөшчү дешет.

Кубанычбек Жумалиев: Бул мындай: 1998-жылы мен премьер-министрликтен кеткенден кийин өзүмчө өз оокатымды кылып калгам. Ошондуктан айтканга ал учурда мүмкүнчүлүгүм жок болчу.

“Азаттык”: Сиз кандай премьер-министр болдуңуз? Акаев сиз башында турган өкмөттүк жыйында өкмөттүн иши жөнүндө маалыматтан төбө чачым тик турду дегендей бир ачууланганын коомчулук билет.

Кубанычбек Жумалиев: Менин иштен кетишимдин себеби, Москвадагы МММ, б.а. баалуу кагаздардын урап түшүшү менен Орусиянын акчасы таптакыр түшүп кетти. Ошонун натыйжасында бизде 1 сомдун наркы 17 доллардан 34 долларга чыгып кетти. Мындайда Аскар Акаевич сөзсүз бир кадамга барыш керек эле. Ошонун натыйжасында гана мен кеткем.

“Азаттык”: Сиз Акаевдин командасында турган кезде Алматы-Чолпон-Ата жана Чоңөр – Луговое деген жолдор курулду. Аларга бюджеттен миллиондогон каражаттар бөлүндү, ашарды эске албаганда. Бирок ал бүгүн пайдаланууда жок. Ошол талаага кеткен каражаттар өкмөттүн жоопкерсиздигинен болдубу?

Кубанычбек Жумалиев: Мен иштеп турганда бул жол курууга бир тыйын да бөлүнгөн эмес. Өзүнчө комиссия түзүлгөн. Кандай болгонун ошол комиссиядан сураш керек.

“Азаттык”: Сиздин тиешеңиз жок?

Кубанычбек Жумалиев: Жок.

“Азаттык”: Сиз өзүңүз кызматтык коррупция дегенге кандай карайсыз? Акыркы жыйырма жылда кызматтык коррупция деген Кыргызстанда олуттуу терминге айланды.

Кубанычбек Жумалиев: Мамлекеттик кызматкерлердин өзүнүн ордун туура түшүнбөй, эл үчүн эмес, өз чөнтөгү үчүн иштегендери туура эмес болуп атат. Ал үчүн бардык бөгөттөрдү коюш керек.

“Азаттык”: Кызматтык коррупция Акаевдин убагында башталган, ага Жумалиевдин да салымы бар деген кепке кандай карайсыз?

Кубанычбек Жумалиев: Көрө албагандар айта беришет. Мүчүлүштүгүм болсо Үсөн Сыдыков баш болуп, Бакиев каш болуп, дароо эле “отургузуп” коюшмак.

“Азаттык”: Азыр алдуу-күчтүү кыз-жигиттердин бардыгы иш издеп четке чыгып кетишти. Эл башында жүргөн адам катары сиз ушуга жоопкерчилигим бар деп ойлойсузбу?

Кубанычбек Жумалиев: Айласыздан, иш жоктон кетип атышат. Буга СССРдин ыдырашы башкы себеп болду. Бирок кыргызстандыктар кайтып келерине ишенем. Кандайдыр бир пайызы калышы мүмкүн, бирок негизгилери келип, ошол жактагы жетишкендиктерди алып келип, Кыргызстанды көтөрөт деп ишенем.


Жумалиев салык төлөйбү?

“Азаттык”: Кыргызстан карызга баткан, боорун көтөрө албай келаткан өлкө катары эсептелет. Керек болсо тышкаркы бир топ лидерлер Кыргызстан мамлекет катары орной албай жатат деген сындарды да айтып жатышат. Ушул карызкор өкмөттө ошончо жыл иштеген адам катары сиз карыздан кутулууга кандай салым кошо аласыз?

Кубанычбек Жумалиев: Биринчиден, республикабызга стабилдүүлүк керек. Көтөрүлүш үчүн сөзсүз түрдө экономика тармагында көп жаңы ишканаларды, болгондо дагы мамлекеттик, өкмөттүн көзөмөлүндө турган ишканаларды көбөйтүшүбүз керек.

Жардам тууралуу сурооңузга: 2006-жылдан бери Аксы районунда цемент заводун куруш үчүн лицензия алып, Кытайдын бир компаниясы менен буюрса баштайбыз деп турабыз. Былтыр баштап калганда бирөөлөр карасанатайлык кылып, аны качырып жиберишти.

Жалал-Абад облусунда бир дагы цемент заводу жок. Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2 ГЭСтери курулганы жатат. Биринчиден, жакын. Экинчиден, мен изилдеп запаска койгон акиташ өтө жогорку сапаттагы акиташ экен. Анын натыйжасында цементтин жогорку 400 маркасын эле эмес, 600, 700 маркасындагы цементтерди жасасак болот. Ошонун натыйжасында мен ойлоп атам, завод курулуп калса...

“Азаттык”: Канча пайда алып келиши мүмкүн? Ишке качан кирет?

Кубанычбек Жумалиев: 100 миллион долларлык продукция чыгарса, анын 12 пайызы өкмөткө түшкөндө эле бир эле завод 12 миллион доллар пайда берет. Буюрса, ушу күздө курулушун баштайбыз деп турабыз. Он сегиз айда ишке киришип калат.

“Азаттык”: Мамлекетке сиз канча салык төлөйсүз?

Кубанычбек Жумалиев: Кайсы жерден кандай эмгек акы алсам, ошонун баарына төлөйм. Улуттук илимдер академиясынан, жанагы айтып аткан университеттен алган айлыгымдан...

“Азаттык”: Башка байлыктарыңызга төлөйсүзбү же алар башка кишилерге катталып...

Кубанычбек Жумалиев: Жок, башка кишилерге катталган эмес. Байлыктар компаниялар аркылуу курулуштар үчүн банкка күрөөгө коюлган. Мен жана менин туугандарымды жалпысынан алганда, 2,4 миллион доллар кредитибиз бар. Ал төлөнүп бүткөн жок. Ошондуктан бул меники деп айтканга азырынча акым жок.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG