Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:10

Саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарды ээлеген адамдарга чет өлкөдө банк эсептерин ачууга, мүлкүн сактоого жана чет элдик компаниялардын акцияларына ээ болууга тыюу салынышы мүмкүн.

Мына ушундай чектөөлөрдү камтыган мыйзам долбоорун парламент биринчи окуудан добуш берүүгө жөнөттү. Мыйзам долбоору жогорку кызмат адамдарына чет элдик таасирди азайтуу максатын көздөйт. Бирок муну айрым депутаттар Баш мыйзамга каршы келген укуктук ченем катары каршы баалашууда.

Мыйзам долбоорунун оң-сол жактары

Кыргызстандагы жогорку кызмат адамдарына жана алардын жакындарына карата бул чектөөлөрдү ишке киргизүү үчүн алты мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет. Алар Кылмыш-жаза кодекси, изин суутпай издөө, банктык сыр, чет өлкөлүк валюта менен операцияларды жүргүзүү, коррупцияга каршы аракеттер жана терроризмди каржылоого каршы чаралар тууралуу мыйзамдар.

Бирок бул мыйзам долбоору парламенттеги бир топ депутаттардын каршылыгына тушукту. Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынан депутат Элмира Жумалиева мындай чектөөлөр жарандын конституциялык укугуна каршы келет деп чыкты:

Кыргыз парламентиндеги "республикачы" депутаттар. 2011-жыл.

Кыргыз парламентиндеги "республикачы" депутаттар. 2011-жыл.

- Бул мыйзам долбоорунун концепциясы өзү туура эмес. Анан дагы Баш мыйзамга каршы келет. Анда жарандын менчик укугу тууралуу талап бар. Ошондуктан укуктук экспертизадан өткөрүүдө Баш мыйзам аны кабыл алууга жол бербейт го. Анан калса бул мыйзам долбоору башка бир мыйзамдарды да кайталап калышы мүмкүн. Мисалы, саясий кызматтагылар ишкердик менен алектенүүгө тыюу салынган. Ошондуктан депутаттар же министрлер ишкердигин убактылуу башкарууга өткөрүп турууга уруксат берген ченем бар.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары ал чектөөлөрдү ишке ашыруунун тартибине кызыгышты. Парламенттин “Ар-намыс” фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев аталган чектөөлөр коррупцияга аралашкан мурдагы жана учурдагы аткаминерлер менен катар эле чет өлкөдө бизнес жасап жүрүп, жаңыдан саясатка кадам таштаган ишкерлерге да таасир этиши мүмкүн деген суроону койду:

- Бизде мамлекетти тоноп, жеп жүрүп байыган аткаминерлер чет өлкөлөрдө банк эсептерин ачуусуна каршы багытталган чаралары туура. Бирок мында өз жон тери менен эмгек кылып жүрүп, чет өлкөдө байлык топтоп, анан мекенине келип саясатка аралашып, кызмат кылгысы келген ишкерлер дагы бар. Алардын тагдыры кандай болот? Ушул жактарын мыйзам долбоорунда так көрсөтүү керек.

Улуттук коопсуздукка коркунуч барбы?

Бул мыйзам долбоору чет өлкөдө иштеген адам бул жакка келип, мамлекеттик кызматка киришкен учурда активдерин башка бирөөгө өткөрүп берүүгө үч айлык мөөнөт берет. Мыйзам долбоорунун автору Исмаил Исаков болсо мамлекеттик кызматтагы принциптерди ишке ашырууда бул чектөөлөрдү киргизүү маанилүү экенин айтып, кесиптештеринин каршылыгына мындайча жооп берди:

Исмаил Исаков.

Исмаил Исаков.

- Мамлекеттик башкарууда жогорку кызмат адамдарына сырттан саясий таасир этүүнү жана алардын ишине кийлигишүүнү болтурбоо деген негизги принцип бар. Ошондо биздин аткаминерлердин чет өлкөдө, мүлкү, банк эсептери жана баалуу кагаздары турса анан ошондой чет элдик таасир болбойт деп кантип айта алабыз. Керектүү учруда ал жактан кысып койгондо биздин аткаминерлер менен саясатчылар ошол тараптын буюртмаларын аткарып жатпайбы. Биз мамлекеттик кызматты тазалашыбыз керек же биротоло ошол чет элдеги бизнестин айынан ошол жактын таасиринде калышыбыз зарыл. Экинчи принцип – бул мамлекеттик кызмат адамынын калктын кызыкчылыгына берилгендиги деп жазылган. Эгерде ошол кызмат адамынын бизнеси чет элде болсо, банк эсептери сыртта болсо, ошол жакка жумушчу орундарын ачып, ал жакка салык төлөп жүрсө биз ошону элине берилген инсан деп кантип аныктайбыз.

Өзгөгө иштеген капитал

Кыргызстанда жогорку кызмат орундарын ээлеген же чоң саясатта жүргөн адамдар бизнесин чет өлкөгө чыгарып кеткен учурлар арбын экени белгиленди. Мына ошондуктан сунушталган чектөөнү кеңейтүү чарасын депутат Ташполот Балтабаев көтөрүп чыкты:

- Чектөөгө дагы бир сунуш. Мына ушул категориядагы жарандарга же алардын кызыкчылыгын ишке ашыруучу тараптарга чет өлкөдө ишкердик кылууга тыюу салынат деген дагы бир талапты киргизүү зарыл. Болбосо биздин аткаминерлер ал жакка кетип калып, бир бизнес ачып, анан ошол аркылуу бул жактан уурдаган акчасын адалдайт экен. Биз мына ошол чектөөнүн ушул жагын дагы карашыбыз зарыл.

Ташполот Балтабаев.

Ташполот Балтабаев.

Мыйзам долбоорунун автору бул чектөөлөр саясаттагы ири ишкер чөйрөгө жакпастыгын айтып, бирок анын улуттук коопсуздукту бекемдөө үчүн маанилүү экенин жүйө келтирди. Парламент депутаты Сайдулла Нышанов өлкөдө топтогон капиталын жоготуп алуудан чочулап, сыртка чыгарган саясатчыларга мындайча мүнөздөмө берди:

- Өлкөдө жумуш орундары жетишпей, элибизди абалы начар болуп турганда чет өлкөгө ишкердик ачып, ошол жакка салык төлөп, анан бул жерде эч нерсе болбогондой жүргөн биздин аткаминерлер менен саясатчылар үчүн бул маселе уят иш болсо керек. Бирок биздин белдүү эле саясатчыларыбыз элге башканы сүйлөп, иш жүзүндө башка өлкөнүн кызыкчылыгына иштеп бул жерде сыр бербей эле жүрүшөт.

Бул чектөөлөр Орусияда кабыл алынган мыйзам менен үндөшүп кетет. Кыргызстандагы айрым ири аткаминерлердин жана саясатчылардын активдери Орусияда, Казакстанда жана Түркияда жайгашканы боюнча бейформал маалыматтар бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG