Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:37

Нижний Новгороддогу окуяга «ИМ» жоопкерчилик алды


Нижний-Новгороддо террорчулукка шектелгендер жок кылынды.
Нижний-Новгороддо террорчулукка шектелгендер жок кылынды.

Орусиянын Нижний Новгород шаарында 23-октябрдагы окуя үчүн «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу жоопкерчилик алды. Бул тууралуу шаршембиде радикал исламчылардын интернеттеги активдүүлүгүн изилдеген SITE эл аралык уюму билдирди.

Жекшембиде Нижний Новгород шаарында полиция жардыргыч зат ташып бараткан эки шектүү адамды атып өлтүргөн. Операция маалында эки тартип коргоочу жаракат алганы кабарланган. Дагы бир шектүү киши колго түшүрүлгөн. Укук коргоо органдары полиция машинаны токтоткондо шектүү эки адам каршылык көргөзүп, ок атканын, натыйжада алар жок кылынганын, автоунаадан жардыргыч зат табылганын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG