Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:52

Президент БШКнын жаңы курамын бекитүү боюнча парламент менен болгон талашка формалдуу түрдө чекит коюлганын айтып чыкты.


Бирок Роза Отунбаева бул маселеде депутаттардын кызыкчылыгы мамлекеттикинен ашып түшкөндүгүн сынга алды. Ошол эле учурда бир катар парламенттерийлер шайлоо мыйзамдарын жана БШК курамын кабыл алууну создуктурууда президенттин дагы үлүшү болду деген пикирде.


Үзгүлтүккө учурабай калган шайлоо


Мамлекет башчысы Роза Отунбаева шайлоо мыйзамдарын кабылдоого жана БШК курамын бекитүүгө байланышкан маселелер боюнча парламенттеги саясий оюндар президенттик шайлоону дайындоону үзгүлтүккө учуратып койо жаздагандыгын белгиледи. Буга ал БШК курамынын эски мыйзамдын негизинде бекитилип, анын укуктук мыйзамдуулугуна бөгөт коюлуп калгандыгын мисал келтирди.

Бул туурасында Биринчи радиого берген маегинде билдирген Роза Отунбаева парламенттеги айрым саясатчылар жеке кызыкчылыктары үчүн өлкөнү укуктук кургуйга алып келе тургандай шарттарга барууга да даяр экендиктерин көргөздү деп сынга алды:

- Формалдуу түрдө бардыгы ордуна келди. Бирок биз парламент менен бул маселеде бир канча убакыт бир пикирге келише албаганыбызды коомчулук дагы жакшы билет. Мен ошондо эле мындагы укуктук маселелерди алдын-ала чечип алып анан таркашпаса, кийин шайлоодо бул чоң чатакка алып келет деп айткамын. Бул жерде эми айрым бир депутаттардын мамилеси, БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариевге каршы болгон кадимки эле мамилеси мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору болуп кеткендигине чоң өкүнүч менен көңүл буруп турдум.


Бир маселеге эки түрдүү көз караш


Парламенттин кезексиз чакырылган олтурумунун алдында президент БШКга экинчи ирээт өзүнүн эки өкүлүн сунуштап, ошону менен бирге эски мыйзам менен бекитилген БШК курамын кайрадан бекитүүнү суранган.

Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдыз Жолдошова президент БШКнын сегиз мүчөсүнүн эски мыйзам боюнча бекитилишин тааныбаса, анда ал аягына чейин ошол позицияда болушу керек эле деген пикирде:

- Президент башында парламенттин бул боюнча аракеттерине укуктук баа берип, мына ошондой негизде сынга алгандан кийин жанагы кезексиз чакырылган Жогорку Кеңештин олтурумуна өзүнүн өкүлдөрүн сунуштабаш керек болчу. Бирок ал өкүлдөрүн сунуштады. Демек канчалык деңгээлде ал мыйзамсыз же мыйзамдуу болбосун, президент парламенттин баштапкы эрежеси менен макул дегенди түшүндүрөт.

Шайлоо мыйзамдарын кабыл алуудагы жана БШКнын жаңы курамын бекитүүдөгү талаш-тартыштар мурунку төрага Акылбек Сариев менен депутат Өмүрбек Текебаевдин ортосундагы келишпестиктерден улам келип чыккандыгынан кеп салгандар арбын. Адатта журналисттерге ынтаа коюп маектешчү
Текебаев менен аталган маселе боюнча байланышууга мүмкүн болгон жок.

Акылбек Сариев болсо бул маселеде парламент саясий кызыкчылыктардын барымтасында калгандыгына токтолду:

- Бир сөз менен атйканда парламенттин бул боюнча кылган иши “казанчынын өзү эрки, кайдан кулак чыгарса", же болбосо "өзүмдү өзүм-өзүм билем, өтүгүмдү төрүмө илем" деген макалдарда айтылгандай эле болуп калды. Бул өздөрүнө ыңгайлуу учурда гана мыйзамдуулук дешип, бирок башка шарт-жагдайда аны уруп-ойнобой тургандыктарын көрсөтүштү. Президенттин жиберген өкүлдөрүн дагы улам-улам кайра аркта кайтарып, ар кандай шарттарды жана талаптарды коюп жатышкандыгы бул жерде максат “Менин айтканымдай гана болушу керек” деген жаман өнөкөттөн көп саясатчылар арыла алышпай тургандыгынан кабар берет.

Бирок мындай дооматтар менен көпчүлүк депутаттар макул эмес. Анткени алардын айрымдарынын айтымында, шайлоо мыйзамдары өз убагында кабыл алынып, БШК курамын бекитүүнүн создугушуна президенттин дагы үлүшү бар.

“Республика” фракциясынын депутаты Нурбек Алимбеков мунун бардыгы куру бекер тирешүүнүн айынан келип чыкты деп эсептейт:

- Бул жерде эч кандай бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн саясий оюндар болгон жок. Парламентте талаш-тартыш менен чечим кабыл алынат. Ошондуктан ал парламент. Биз көргөзгөн талапкерлерди биринчи күнү эле шайлап бердик. Ал эми президентти ошол күнү талапкерлериңизди көрсөтүнүз деп кечки саат алтыга чейин күткөнбүз. Бирок ал күнү президент шашкан жок. Ошондо бир эле көрсөткөндө он эки талапкерди бир эле бекитип койот элек.

Парламенттин кезексиз олтурумунда президенттин БШКга көрсөткөн өкүлдөрү жактырылган жана мурда каралган БШКнын калган сегиз мүчөсүн кайрадан жаңы мыйзам боюнча бекитүүнү караган токтом кабыл алынган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG