Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Мамлекеттик кызматчыларга соцтармакка пикир жазууга чектөө салынууда


Айрым министрликтердин статс-катчылары кызматкерлерин социалдык тармактарда билдирүү, пикир жазууга чектөө киргизишүүдө.

Cаламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы Жылдыз Кийизбаеванын колу коюлган буйругун аталган министрликтин Байкоочу кеңешинин төрагасы Айбар Султангазиев Фейсбукка жарыялады. Анда саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлерине министрликтин маалымат кызматы менен макулдашпай туруп, ММКларга маалымат берүүгө тыюу салынган. Ошондой эле социалдык тармактарда министрликтин иши тууралуу ой жорум, пикир, билдирүү жазуудан кармануу, интернетти иш үчүн гана пайдалануу талап кылынган. Бул буйруктун аткарылуусуна ар бир медициналык мекеменин жетекчиси жооптуу.

Бул маалымат боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомчулук менен байланышуу кызматкери Елена Баялинова “Азаттыкка” түшүндүрмө берди. Анын сөзү боюнча, бул документ кайра оңдолот:

- Тыюу салуу менен көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан, бул документке оңдоп-түзөөлөр киргизилет. Соцтармактарда пикир калтыруудан кармануу тууралуу сөз Медакадемиянын аспиранты Таттыгүл Дооталиеванын пикирине байланыштуу айтылып отурат. Биз бул документке оңдоо киргизебиз, дүйшөмбү күнү карап көрөбүз.

16-январда Медакадемиянын аспиранты Таттыгүл Дооталиеванын учак кырсыгынан набыт кеткендерди шылдыңдап, Фейсбукка жазган билдирүүсү коомчулуктун кыжырын кайнатып, чоң талкуу жараткан. Көп өтпөй анын үстүнөн аймактар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, кызматынан бошотулган.

Өткөн жылы ноябрь айында Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикте да ушундай чектөө киргизилген. Агенттиктин статс-катчысы Айбек Мамыралиевдин колу коюлган буйрукта агенттиктин кызматкерлери маалымат каражаттарына жетекчиликтин уруксатысыз маалымат бере албастыгы, саясий бейтараптуулукту карманууга тийиш экени жана социалдык тармактарда саясий мүнөздөгү билдирүүлөрдү, пикирлерди жазууга мүмкүн эместиги эскертилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG