Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:24

Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициянын жетекчиси, “Ар-намыс” фракциясынын лидери, депутат Феликс Кулов "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Феликс мырза, бүгүнкү коомдук-саясий кырдаалга кандай баа бересиз?

Феликс Кулов: Экономикалык жактан, менимче, азыр абдан оор мезгил болуп атат. Бирок саясий стабилдүүлүк бар.

“Азаттык”: Өткөндө митингдер болду, оппозиция бир топ талаптарды коюп келатат. Мындан ары күчөп кетпейби, сизде кандай божомол бар?

Феликс Кулов: Совет убагында Бишкектин аскер коменданты болгом. Мен ошондо эле митингдерге уруксат берем дегем. Митинг тынч өтсө, ал демократиялык жеңиштердин көрсөткүчү. Ошондуктан митингдерден коркпойм. Талаптарды ачык, туура койсо, аны угушубуз, аткарышыбыз керек.

“Азаттык”: Саясий өмүр баяныңызда сизди колдогон митингдер көп болгон. Айрыкча 2000-жылдары. Азыркы митингдер менен ошол митингдердин эмне айырмасы бар, байкайсызбы?

Феликс Кулов: Азыр эл башка талаптарды коюп атат, экономикалык талаптар. Мисалы, Кытай экспансиясына каршы ураан көтөрүп атышат. Бул туура эмес. Жерди трансформациялоого тыюу салуу – бул дагы туура эмес. Бирок саясий диалог үчүн митингдердин болуп турганы жакшы да.

“Азаттык”: Азыр жылма экспансия жүрүп жатат деп “Кыргызстанды сактоо кыймылы" эле эмес, элдин өзүндө да ушундай пикирлер көп. Сиз кандай карайсыз буга?

Феликс Кулов: Муну эки жагынан караш керек. Кытайдан болобу, Өзбекстандан болобу, ишкер кайсы жерде жакшы болсо ошол жерге барат да, туурабы? Экинчи момент – Кытайдын өзүнүн саясаты кандай? Алар тескерисинче тобокелчиликке баргылары келбей, коркуп атышат. Бирок ак ниет иштегиси келбеген ишкерлер кирип алып, саясатты бузуп атышат.

“Азаттык”: Биз бир аз убакыт мурда Аскар Акаев менен интервью уюштурдук. Ал киши эки төңкөрүштөн үрккөн инвесторлор Кыргызстанга келбейт, инвестиция азоо жылкыдай, аны бир үркүтсө кайра кайтпайт деп атат. Сиз кандай дейсиз, инвестициянын келүү мүмкүнчүлүгү чектелип калдыбы чын эле?

Феликс Кулов: Мен дагы бир ишкерлер менен сүйлөшсөм биз күтүп туралы, жазында, март, апрель айларында эмне болот, тынч болсо келели, болбосо келбейбиз деп атышат. Мен митингдерден коркпош керек деп атам. Бул – саясий маданияттын көрүнүшү.

“Азаттык”: Сизге мен дагы ошол бизнесмендердин суроосун бергим келип атат: март, апрель, майда эмне болот?

Феликс Кулов: Эч нерсе болбойт. Баары тынч болот. Дегеле быйыл баары тынч болот.


Депутаттар кесилсе кырдаал курчубайбы?

“Азаттык”:
Жакында акыйкатчы бийлик менен оппозиция диалог жасаш керек деген сунуш берди. Ушундай муктаждык барбы бүгүн?

Феликс Кулов: Жакшы билесиздер, биздин парламентте оппозиция да, пропозиция да бар. Оппозицияны урматтуу Мыктыбек Абдылдаев башкарат, билесиздер. Ортодо кандай мамиле болуш керек деген келишим долбоорун расмий түрдө жибердим. Келишимге кол коюлса, ал жерде тынч жол менен иштешүүбүз керек, талаптар адилеттүү болсо оңдогонго аракет кылабыз деген өңдүү принциптер бар.

“Азаттык”: Кандай муктаждыктан ушундай келишим түзүү демилгеси көтөрүлдү?

Феликс Кулов: Бул демократиянын, саясий диалогдун маданияты. Аны эки фракция – “Ата-Журт” менен “Республика” карап, бизге жооп бериши керек.

“Азаттык”: Канча мөөнөттө?

Феликс Кулов: Бир жума ичинде чечилиши керек. Бир ай мурда бергенбиз.

“Азаттык”: Өзүнүз билесиз, 3-октябрь окуясы боюнча сот болуп атат. Прокурор депутаттар Ташиевге, Жапаровго, Мамытовго карата жаза чектөө боюнча сунушун берди. Прокурордун сунушун сот колдосо, анын коомдук-саясий кырдаалга кандайдыр бир таасири тийбейби?

Феликс Кулов: Соттун чечими адилет жана мыйзамдуу болушу керек. Мыйзамсыз болсо коомчулукта чыңалуу болот да.

“Азаттык”: Сиз акыйкат чечим чыгаарына ишенесизби?

Феликс Кулов: Мен ишенип атам, акыйкат чечим чыгышы керек. Бул эми прокурордун талабы, адвокаттар болсо кылмыш курамы жок деп ишти токтотууну айтып атышат. Соттун чечими кандай болору белгисиз.

“Азаттык”: Кылмыш курамы жоктой көрүнүп атабы? Сиз көрсөтмө бердиниз да сотто.

Феликс Кулов: Мен юрист катары документтерди карамайынча эч нерсе деп айта албайм.


Коалицияны башкаруудан баш тартканда

“Азаттык”:
Албетте, бул боюнча кийин айтаарсыз. Кийинки суроо: парламентти таратуу демилгеси бүгүн да актуалдуу болуп турат. Укканга караганда, айрым депутаттар бул маселени президенттин катышуусунда талкуулоо керек деген демилге көтөрүп атышат, туурабы?

Феликс Кулов: Өзүн-өзү таркатуу боюнча мен да уктум. Бирок бул туура эмес болуп атат. Биринчиден, Мирослав Ниязов кыска убакыттын ичинде башкаруунун парламенттик формасы жөндөмсүздүгүн көрсөттү деп атат. Бирок кайра президенттик формага келсек да туура эмес болот. Он беш жыл президенттик башкарууда болдук. Эч жыйынтык берген жок. Тескерисинче, эки ыңкылап болду. Ошондуктан беш жыл убакыт бериш керек. Азыр биз жарым парламенттик, жарым президенттик формада турабыз. Биздин партия добуш берүү шартын өзгөртүү боюнча бир сунушту киргизип атат. Анда ар бир округда биринчи добуш партияга, экинчи добуш конкреттүү талапкерге берсин деп каралган.

“Азаттык”: Бирок Феликс мырза, азыркы парламенттик корпуска ыраазы эмес пикирлер аз эмес. Сиз деле угуп жүрсөңүз керек. Биз, журналисттер көп угабыз. Оппозиция да парламент жакшы иштей албай атат деген сыяктуу дооматтарды айтып келатат. Эмне үчүн ушундай пикирлер пайда болуп атат?

Феликс Кулов: Менимче, биринчи себеп – биздин парламент ачык иштеп атат. Туура эмес сөздөргө эл нааразы болуп атат. Ошондуктан, аброюбузга доо кетип атат. Бир жагынан бул жакшы. Медалдын эки бети бар да. Экинчи жагынан бул демократиянын көрсөткүчү.

“Азаттык”: Азыркы парламенттеги коалиция эки жылдан ашык убакытта үч-төрт жолу бузулуп, кайра түзүлдү окшойт. Азыр сиз жетектеп турган коалициянын өмүрү канчалык узун болот? Туруктуу иштейт деп сиз өзүңүз ишенесизби?

Феликс Кулов: Менимче, бийлик менен парламент туруктуу болушу керек. Өкмөт эртең кетеби-кетпейби - элге жакшы болуш керек. Парламенттин кетишинен дестабилдүүлүк түзүлсө – бул жаман. Бул парламент буюрса, эки жыл иштейт. Бирок коалиция бузулса, андан трагедия болбойт.

“Азаттык”: Сиз былтыр жергиликтүү кеңештерге шайлоодон кийин коалиция жетекчилигинен кетем дедиңиз. Фракциядагы кээ бир депутаттар да коалициядан чыгабыз дешти. Бирок бардыгы өзгөрүүсүз калды. Буга байланыштуу көптөгөн сөздөр, имиштер айтылды. Бул башкаруучу фракциянын негизги оюнчуларына карата сиз тараптан таарыныч болдубу, партиялаштар алдына актануу аракети болдубу же башка фракциялар менен соодалашуу болду беле? Ачык айтсаңыз.

Феликс Кулов: Эмне үчүн коалициядан кетем дедим? Биринчи себеп: ачык айтайын, президентке да ачык айттым, шаардык кеңешке шайлоодо көп кемчиликтер болду. Махинация болуп, биздин партия шаардык кеңешке кирбей калды. Партия шаардык кеңешке кирбей калгандан кийин коалиция башкарууга менин моралдык укугум жок дедим. Негизги себеп – ушул. Бирок коалициялык көпчүлүк мага уруксат бере элек.

“Азаттык”: Сиз уруксатсыз кетип калганга укугуңуз бар беле?

Феликс Кулов: Биздин жободо кетүүнүн жолу жок. Ошондуктан...

“Азаттык”: Коалицияда сунушуңуз ошол бойдон жатат?

Феликс Кулов: Жок, мага коалиция уруксат берген жок.

“Азаттык”: Аргументи кандай болду?

Феликс Кулов: Менин жакшы иштеп жаткандыгым, Бишкекте шайлоонун таза эмес өткөндүгүнө күнөөмдүн жоктугу. Ачык айтканда эч ким сунушумду колдогон жок.

“Азаттык”: Коалицияны бузуу кызыкчылыгы да эч кимде жок?

Феликс Кулов: Ооба.

“Азаттык”: “Ар-намыстачы”?

Феликс Кулов: “Ар-намыста” бир топ депут, беш депутат го чыгыш керек деди, бирок көпчүлүк колдогон жок.


Феликс Кулов эмнеге Жаныш Бакиевди колдогон?

“Азаттык”:
Сиз Бакиевдин бийлиги тушунда премьер-министр болуп турган кезде Жаныш Бакиевди Коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары кылып алып баргансыз. Ошол кездеги президент Курманбек Баикев дагы айтты эле Куловдун сунушуна байланыштуу гана Жаныш Бакиевге макулдук бердим деп. Анан сиз дагы тастыктагансыз. Эмне үчүн Жаныш Бакиевди колдодуңуз эле?

Феликс Кулов: Мага ИИМдин башчысы Мурат Суталинов менен Медет Садыркулов кирип, ИИМдин биринчи орун басарлыгына сунушташты. Жаныш Бакиев жакшы иштеген адам, милициянын полковниги дешти. Бакиев билеби десем, билет дешти. Мен Бакиевге кирсем ал киши “бул менин иним экенин жакшы билесиң, бирок ал ошол үчүн жабыркашы керек эмес да” деди. “Туура, жабыркабашы керек, бирок тигил жакка барса сага да, мага да сөз тийет” десем, “Акаевдин убагында, мен оппозицияда экенде иштен алынбаган, кемчилиги жок жакшы иштеген, азыр эмнеге иштебеши керек?” деди. “Мейли анда, бирок, башка сунуш киргизем” дедим. Ойлодум: ИИМде 15 миңдей киши иштейт, Коопсуздук комитетинде 1,5 миңдей иштейт. Анан ал Коопсуздук кызматына барса сага да, мага да жакшы дедим. Себеби, ал жактан бийликке каршы аракеттер болуп жатат деген маалыматтар ар бир жумада түшүп атат. Мен карачы, 37-жылдай болуп атат. Ал тиги жакка барса, ал сенин ишенимдүү кишиң, иниң катары ар бир маселени бул киши өзү туура-туура эмес жагын оперативдүү карап, сага маалымат берет дедим. Макул болду. Бир айча өткөндөн кийин сурасам “Жакшы болду. КГБдан бир да маалымат келбей калды” деди.

“Азаттык”: Бирок сиз парламентте Жаныш Бакиевди мен сунуш кылып атам деп айткансыз.

Феликс Кулов: Туура. Этикалык жактан мен кантип бул Бакиевдин сунушу деп айта алат элем? Ал кезде эреже боюнча премьер-министр дайындачу. Туура эмес болмок. Ошон үчүн бул менин сунушум деп айткам.


"Ар-намыс" Орусиянын долбоорубу?

“Азаттык”: “Ар-намыс” партиясына карата дагы бир суроо. Бул Орусиянын долбоору, Орусиячыл партия деген кеп көп айтылат. Буга көп мисалдар да бар. Мисалы, “Бириккен фронт” кыймылынын чыгышы, 2007-жылы Кыргызстан менен Орусия конфедерациясын түзүү боюнча кол топтоп, референдум өткөрүү демилгеси менен чыктыңыз эле, былтыр жергиликтүү кеңештерге шайлоодогу “Ар-намыстын” рекламалык баннеринде Орусия желегинин түсү берилди, 2010-жылкы шайлоодогу баннерде Кулов менен ал кездеги Орусия президенти Медведевдин чогуу түшкөн сүрөтү илинген. Муну төгүндөй аласызбы?

Феликс Кулов: Бул туура эмес. Биздин биринчи максат – кыргыз элинин кызыкчылыгы. Жакшы билесиздер, биздин партия 1999-жылдан иштеп атат. Орусиянын таасири эч боло элек. Дагы кандай айтсам болот? Конфедерация Евробиримдик сыяктуу. Ар бир өлкө көз карандысыз болот. Бирок өткөн чактагы СССР түрүндө болбойт. Биздин сунушту туура эмес түшүнүп жүрүшөт. Баары бир интеграция болушу керек да.

Желек жөнүндө. Биздин желек кызыл, көк түстө. Эмне үчүн? Тяньшандык кыргыздар кызыл, енисейлик кыргыздар көк байрагы менен келип, биримдик түзүшкөн. Баннерде болсо фону ак болуп калган үчүн ошондой көрүнүп калып, бизге туура эмес сын болуп атат.

“Азаттык”: Медведев менен сүрөтүңүздү атайын эле койдурдуңуз беле? Ал мыйзамга туура келбейт болчу да. Билбей калдыңызбы?

Феликс Кулов: Штабдан ушундай сунуш болгон. Бирок эмне үчүн мындай чыкканын билген эмесмин. Атамбаевдин да ошондой баннери чыккан. Бирок ал үчүн эч ким Орусия бизди басып алды деп айтпайт да.

“Азаттык”: Азыр батышчыл көз караштагы саясатчылар Орусия менен болгон азыркы жаңыча мамилелерди Кыргызстандын эгемендигине шек келтире турган кадамдар болуп атат, бир эле Орусияны беттеп кеткен болбойт деген пикирлерди айтып атышат. Сиз кандай дейсиз?

Феликс Кулов: Бул туура эмес. Тышкы саясатты азыр президент аныктап атат. Президент туура саясат жүргүзүп атат. Биринчиден, сөзсүз коңшулар Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия, Кытай менен жакшы мамиле болушу керек. Бул – геосаясат. Америка – алыс. Ошондуктан, “алыскы туугандан – жакынкы кошуна”.


“Азаттык” "өлөт" дегем"

“Азаттык”: “Азаттыкка” быйыл алтымыш жыл болду. Маалымат каражаты катары кандай баа бересиз?

Феликс Кулов: Менимче, “Азаттык” – уникалдуу радио. Эмне үчүн? Совет убагында биз “Свобода” – “Азаттык” радиосун уктук. Мен таң калганым – эгемендик келгенде баары бүттү дегем. Ар кандай ой-пикирлер айтылып атат, “Азаттык” өлөт дегем. Тескерисинче феномен болду. Баары “Азаттыкты” угуп атат. Эмне үчүн? Калыс радио, түз, объективдүү маалымат берип атат. Бул – жетилүүнүн көрсөткүчү. “Азаттык” - лидер. Бул комплимент эмес, реалдуу факт. Батыш стандарттары менен иштеп атат. Бул жакшы көрсөткүч.

“Азаттык”: Саясий тагдырыңызга “Азаттык” кандай таасир этти?

Феликс Кулов: Мен дайыма рахмат айтам. Мен жөнүндө саясатка киргени объективдүү гана маалыматтарды, сындарды берип келатат. Түрмөгө да “Азаттыкка” гана киргенге уруксат берген. Түрмөдө 600дөй бала отурду. Алар менен көрүшкөнү ар кай жактан – Нарындан, Оштон келишет да. Анан “сен бул жерде отурганыңды “Азаттыктан” уктук” деп келишет. “Башка радио жокпу?” деп сурасам “жок. “Азаттыктан” гана угабыз” дешчү. Жөнөкөй элдин айтканы ушул. Мааракеңер менен куттуктайм.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG