Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:58

Баш мыйзам бурмаланганбы?


Баш мыйзамдын жаңы долбоору үчүн жалпы элдик добуш берүүдөн, 27-июнь, 2010.
Баш мыйзамдын жаңы долбоору үчүн жалпы элдик добуш берүүдөн, 27-июнь, 2010.

Баш мыйзамдын беренелеринде алмаштыруулар болгон-болбогонун иликтөө боюнча атайын комиссия түзүлүшү мүмкүн.

Конституциялык кеңешменин төрагасы, “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев 2010-жылы 27-июндагы референдумдан кийин баш мыйзамдын долбоору алмашылган деген айыптоолорду четке кагып, саясий атаандаштары ага жалаа жаап жаткандыгын белгиледи. “Республика” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев болсо маселеге атайын комиссия гана чекит койо тургандыгын билдирди.

Текебаев: Жалаа эми Баш мыйзамга жабышты

Баш мыйзамдын иштеп чыгуу боюнча конституциялык кеңешменин төрагасы Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фрациясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев беренелер өзгөртүлгөн деген айыптоону тастыктоо үчүн атайын комиссия түзүлүшүнө макул экендигин билдирди. Өмүрбек Текебаев референдумга койулган Баш мыйзамдын долбоору өзгөртүлгөн деген олуттуу айыптоолорду тастыктай турган далилдер жок экенин айтат. Анткени ал баш мыйзамдын ага чейин жарыяланган долбоору менен референдумдан кийинки редакциясынын ортосунда айырмачылык жок экендигине токтолду:

- Мына ошол жарыяланган долбоор менен кийин бекитилген баш мыйзамдын ортосунда эч кандай айырмачылык бар, же жок экендигин ар бир жаран текшерип көрсө болот. Ага анчалык түйшүктүн деле кереги жок. Анткени мына ошол текстти сайттан алып, же гезиттен таап, баш мыйзамдын акыркы редакциясы менен салыштырганда эч кандай айырмачылык жок экендигин билесиңер. Анан эми депутаттар Алтынбек Сулайманов менен Кенжебек Бокоев эгерде баш мыйзамды толук окуп чыгышса мага карата жанагыдай айыптоону айтпайт эле. Ал эки жигиттин баш мыйзамды окуп чыккандыгынан шегим бар.


Буга чейин аталган айыптоолор Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынын жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын ошол кездеги өкмөт башчысы Бабановго карата койгон дооматтарына каршы айтылган болчу.

Комиссия чын-бышыгын аныктайт

“Республика” фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев баш мыйзамдын ооштурулган беренелери боюнча маалыматты жакында түзүлө турган атайын комиссия тастыктап чыгат деген ишенимде:

- Текебаевдин бизди баш мыйзамды толук окуганында шегим бар деп какшык аралаштырууга акысы деле жок. Анткени мына ошол баш мыйзамдын ичинен эле биздин дасыккан юристтер жыйырмага чукул ката табышты. Аны учурунда Текебаев өзү да мойнуна алган. Анан эми мына ошол баш мыйзамды иштеп чыгып, бекитүүдө ооштурулган, же алмаштырылган жагдайлар боюнча атайын комиссия иликтеп чыгып, өзүнүн баасын берет деп ойлойм.

Баш мыйзамдын мамлекеттик түзүлүштү аныктаган айрым бир беренелеринде конституциялык кеңешмеде бекитилген долбоор бурмаланып, референдумдан кийин башка бир өзгөртүүлөр кирип калгандыгын ошол кездеги конституциялык кеңешменин айрым мүчөлөрү да айтып чыккан.

“Жашасын Кыргызстан” партиясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева баш мыйзамдын төрт беренеси өзгөртүүгө дуушар болгондугун айтып, бирок ал кайсы беренелер экендигин соттук териштирүүлөр учурунда гана далилдеп берерин убада кылды:

- Баш мыйзамдын ичинен төрт берене өзгөртүлгөндүгүн Текебаев 2010-жылы декабрь айында ЕККУнун конституциялык реформанын жыйынтыктары боюнча жыйынында айткан. Эми азыр анын эсинен чыгып кетсе, эстетиштин кереги жок. Себеби алдыда иликтөө иши, сот иши деген бар. Мен мунун бардыгын соттук териштирүү башталганда гана алып чыгып, далилдеп берем. Анын мына ошол кол коюлуп, даярдалган долбоорду кандайча алмаштырып койгондугу ошондо ачыкталат.

Бекназаров койгон колунан тандыбы?

Бирок муну Текебаев баштаган жумушчу топ парламенттик башкарууга багыт берген баш мыйзамды иштеп чыккандыгына ичи чыкпаган ички-тышкы күчтөрдүн көкүтмөсү катары кабыл алгандар да бар. Ошол кездеги убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн бири Азимбек Бекназаров жергиликтүү гезиттердин бирине баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртүүгө болбойт деген ченемди кийин Текебаев өз алдынча киргизип койгондугун билдирген болчу.

Өмүрбек Текебаев аталган ченемге макул болгон саясатчылар учурунда колдорун койуп, бирок азыр башканы сүйлөп жатканын белгиледи:

- Түнү менен отуруп, таңга маал саат алтыларда, жумуш аяктаганда, мен кеңешменин мүчөлөрүн тарых үчүн мына ушул макулдашылган долбоордун ар бир барагынын артына кол коюп бергиле дедим. Алардын ар биринин колу турат. Анан баш мыйзамды ишке киргизүү боюнча мыйзамда ага Жогорку Кеңеш 2020-жылга чейин өзгөртүү киргизе албайт деген ченемди талкуулап отуруп, анан бир чечимге келип, бардыгыбыз кол койгонбуз. Мына азыр көрсөтсөм, Азимбек Бекназаров мына моминтип кол койуп берген. Эми анан качан ал чектөө киргизилгенин билбейм, аны Текебаев өзү жазып койуптур деп айтканы туурабы?

Бул боюнча Бекназаровго кайрылсак, ал ооруканада жатканын айтып, аталган суроого жооп берүүдөн баш тартты.

Ошол эле кезде Текебаев баш мыйзамдын долбоорун иштеп чыгууда бир катар кемчиликтер кеткендигин мойунга алды. Ал негизинен техникалык мүнөздөгү грамматикалык каталар экендигин айткан Текебаев бирок бул каталар баш мыйзамдын мазмунуна таасир этпей тургандыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG