Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:28

ОРУСИЯ ОК АТЫШУУНУ ТОКТОТУУ ЧАКЫРЫГЫН ЧЕТКЕ КАКТЫ, УРУШ УЛАНУУДА


Орусия Грузия менен ок атышууну токтотуу жөнүндөгү эл аралык чакырыктарды четке какты. Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркиндин Коопсуздук Кеңешинде билдиргенине караганда, орус аскерлери Түштүк Осетияда кала берет. Мунун алдында Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Орусияны ок атышууну токтотууга, эл аралык ортомчуларды Москвага таасир көргөзүүгө чакырган. Ал эми Орусиянын президенти Дмитрий Медведев америкалык кесиптеши Жорж Буш менен телефон сүйлөшүүсүндө учурдагы жаңжаалды жөнгө салуунун жалгыз жолу катары Грузиянын Түштүк Осетиядан толук чыгып кетүүсүн, эки тарап күч колдонбоо жөнүндө укуктук жактан милдеттендирген келишимге кол коюусун атаган. Тынчтык орнотууга кол кабыш кылыш үчүн Грузияга АКШ, Еврошаркет, ЕККУнун чабармандарынан турган биргелешкен делегация келери күтүлүүдө. Ал эми уруштар азырынча уланып жатат.

Ок атышууну токтотуу жөнүндөгү чакырыктарга карабай, уруштар уланууда

Грузиянын расмий өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, Орусиянын аскерий учактары бүгүн Тбилисинин эл аралык аэропортунун жанындагы аскерий аба бекетти бомбалаган.

"Франс- пресс" агенттигинин Түштүк Осетия бийликтерине шилтеме берип кабарлаганына караганда, эки ортодогу уруш Цхинвалинин кире беришинде жүрүүдө. Кечээ алардын күчтөрү Грузиянын он эки танкын керектен чыгарып, бир учагын атып түшүргөн. Грузин күчтөрү шаардын түштүк чет жакасына чабуул жасоо аракетин улантууда.

Орусиянын "Вести" телеканалы Цхинвалинин кире беришинен Орусиянын аскерий колоннасы аткылоого кабылып, бул чөлкөмдө операция жүргүзүп жаткан 58-армиянын командачысы, генерал Анатолий Хрулев жеңил жаракат алганын маалымдады.

"Интерфакс" агенттигинин Грузия ички иштер министрлигинин өкүлү Шота Утиашвилиге шилтеме берип кабарлаганына караганда, уруш Цхинвалинин айланасындагы бийиктиктер үчүн жүрүүдө. Эки жактан тең жоготуулар бар. Грузин тарап ошондой эле Орусиянын аскерий учактары өлкө аймактарына, Кодори капчыгайына сокку уруусу уланып жатканын маалымдады. Кечээ Грузиянын дагы бир жикчил аймагы Абхазиянын бийликтери Кодори капчыгайынын Тбилиси көзөмөлдөгөн бөлүгүнөн грузин аскерлерин сүрүп чыгуу боюнча операция баштаганын жарыялаган эле. Коопсуздук жүйөөсүнөн улам Улуттар уюму өзүнүн бул аймактагы 15 аскерий байкоочусун чакыртып алды.

Кечээ орусиялык тарап Түштүк Осетиянын борбору Цхинвали толугу менен алардын көзөмөлүнө өткөнүн жарыялап, бирок бул маалыматты грузин тарап төгүндөгөн болчу.

Эки тарап бири-бирин "геноцид" жана "улуттук тазалоо" үчүн айыптап жатышат

Орусия ок атышуунун токтотуу жөнүндөгү эл аралык чакырыктарды четке какты. Орусиянын Улуттар уюмундагы элчиси Виталий Чуркиндин БУУнун Коопсуздук Kеңешинин отурумунда билдиргенине караганда, орус аскерлери Түштүк Осетиядан кетпейт. Ал айтуусу боюнча, тескерисинче Түштүк Осетиядан Грузия кетиши керек. Ага катар Виталий Чуркин калкы 70 миңди түзгөн Түндүк Осетия Грузия тарабынан "геноцидге" кабылды деген айыптоону кайталады:

-2000 миң адамдын өлгөнү силер үчүн жетиштүүбү? 30 миң качкын силер үчүн жетиштүүбү? Геноцид деп табылышы үчүн канча адам мертиниши керек. Айныксыз жүйөөлөрдөн улам бул түштүк осетиндер тарабынан геноцид катары бааланды.

Орусиялык дипломаттын Түштүк Осетияда "2000 адам каза тапты",- деген маалыматы, азырынча башка көз карандысыз булактар тарабынан ырастала элек. Ал Бишкек убактысы боюнча түнкү экилерде башталган жыйында БУУнун Коопсуздук Кеңеши кайрадан мунасага келе алган жок жана ушуну менен Түштүк Осетиядагы кырдаал боюнча үчүнчү ирээт биргелешкен билдирүү кабыл алынбады.

Грузин президенти Михаил Саакашвили кечээ кечинде Тбилиси Түштүк Осетияда ок атышуунун токтотууга даяр экенин айтып, орус президенти Дмитрий Медведевге бул "айбанчылыкты" токтотуу жөнүндөгү расмий сунуш менен кайрылганын билдирген эле. Бирок Орусия президентинин басма сөз кызматы жана өлкөнүн коргоо министрлиги грузин президентинен эч кандай сунуш ала электигин айтып, бул маалыматты төгүндөдү.

Мунун алдында Грузиянын өзүндө кечээ он беш күнгө аскерий абал киргизилди. Президент Михаил Саакашвили Орусияны кеңири масштабдагы чабуул баштаганы үчүн айыптап, эл аралык коомчулукту Орусияга таасир көргөзүүгө чакырды:

-Биз досторго жана өнөктөштөргө Орусияны аскерий аракеттерди тезинен токтотууга чакырууну өтүнүп, кайрылабыз. Грузия тынчтыкты сүйгөн мамлекет, бирок бүгүн биз түндүктөн - түштүккө, чыгыштан -батышка чейин чабуулга кабылуудабыз.

Грузин президенти кечээ ошондой эле Орусиянын күчтөрүн "улуттук тазалоо" жүргүзүп жатканы үчүн айыптаган.

-Орусиянын Түштүк Осетияга кирген аскерлери менен танкттары Түштүк Осетияда жашаган грузин калкынын баарын сүрүп чыгарды. Бүгүн эртең менен Түштүк Осетияда алар көзөмөлдөгөн аймактардын баарында улуттук тазалоо жүргүзүүдө.

Өз кезегинде ушуга үндөш айыптоону Грузиянын дарегине орус бийликтери да айтып жатат. Орусиянын премьер- министри Владимир Путин кечээ Түндүк Осетиянын борбору Владикавказда болгон учурунда белгилегендей, Грузиянын осетиндерге каршы аракетин "геноцид" катары баалоого болот. Өз аракети менен Грузия мамлекеттүүлүгүнө, аймактык бүтүндүгүнө орду толгус сокку уруп алды. Болуп жаткан жана болуп өткөн окуялардан кийин эми Грузия Түштүк Осетияны өзүнө кошо алары күмөндүү.

Грузия менен Орусиянын жаңжаалы Түштүк Осетиянын чегинен чыгып кетти. Грузин тараптын кечээги билдирүүлөрүнө караганда, Орусиянын аскерий учактары Кара деңиздин жээгиндеги порттук Поти жана Гори шаарларына да бомба таштаган. Расмий Тбилиси Орусияны атайлап, жарандык обьекттерди бутага алганы үчүн айыптады.

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун грузин кызматынын кабарчысы Коба Ликликадзе бомбалоого кабылган Гори шаарынан төмөнкүлөрдү маалымдады:

-Шаардын кире беришиндеги артиллериялык базанын жанынан биз өтө үрөй учурган көрүнүшкө күбө болдук. Бул базадан тышкары эки турак жай өрттөнүп жатыптыр. Короодо набыт болгондордун сөөктөрү жайнап жатат.

Ал эми Орусиянын Генералдык штабынын башчысынын орун басары, генерал Анатолий Ноговитсын эки аскерий учагын жоготконун кечээ моюнга алды.

АКШ жана Еврошаркет касташкан тараптарды ок атышууну тезинен токтотууга үндөөдө

Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш кечээ Бээжинде жүргөн жеринен буларды белгиледи:

-Грузия суверендүү өлкө жана анын аймактык бүтүндүгү урматталышы керек. Биз кыянатчылыктарды жана аскерий аракеттерди тезинен токтотууга чакырдык. Биз Орусиянын бомбалоосун токтотууга жана тараптардын баарын 6 - августка чейинки абалга кайтууга чакырабыз.

Жорж Буш кечээ орус президенти Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда Медведев азыркы жаңжаалды токтотуунун жалгыз жолу Грузиянын баардык күчтөрүнүн Түштүк Осетия аймагынан кетишин, Грузия менен Түштүк Осетиянын тынчтык сүйлөшүүгө кайтып, күч колдонбоого милдеттендирген келишимге кол коюшун атаган. Мурдараак Дмитрий Медведев Орусия Түштүк Осетияда көрүп жаткан аскерий чараларды "Грузияны тынчтыкка мажбурлоо" деп мүнөздөгөн эле.

Бул аралыкта ок атышуулардын токтошуна кол кабыш кылуу үчүн Грузияга АКШ, Еврошаркет жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун биргелешкен делегациясы келээри күтүлүүдө.

Еврошаркеттин учурдагы төрагасы – Франция муну утурлай жасаган билдирүүсүндө Орусия менен Грузиянын ортосундагы жаңжаал Еврошаркет менен Орусиянын мамилесине терс таасирин тийгизүүсү мүмкүн экенин эскертти. Билдирүүдө Еврошаркет Грузиянын суверенитетин жана эл аралык таанылган чек араларында аймактык бүтүндүгүн колдоору белгиленген. Еврошаркет ошондой эле Орусия Грузиянын элдешүү жана сүйлөшүү жөнүндөгү сунушун кабыл аларына ишеним билдирди.

Грузия –Орусия ортосундагы соңку окуяларга карата Еврошаркет өлкөлөрү өз-өзүнчө мамилесин да билдирүүдө. Маселен Польша, Эстония, Латвия, Литва Орусиянын аракеттерин "империалисттик саясат" деп баалады жана Еврошаркет менен НАТОну ага каршы турууга үндөдү. Ал эми Швециянын тышкы иштер министри Карл Билд Орусиянын аракеттерин "эл аралык мыйзамдарга жана Европадагы коопсуздук менен кызматташтыктын принциптерине ылайык келбеген агрессиялык акт",- деп мүнөздөгөн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG