Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:43

Дүйнөлүк экономикалык кризис артта калдыбы?


АКШ. Экономикалык кризис АКШлык өндүрүшчүлөрдү үнөмдүү автомобилди ойлоп табууга мажбурлоодо
АКШ. Экономикалык кризис АКШлык өндүрүшчүлөрдү үнөмдүү автомобилди ойлоп табууга мажбурлоодо

Кошмо Штаттардын экономикасы оңоло баштаганын күбөлөгөн алгачкы белгилер байкалганын мартта АКШ Борбордук банкынын төрагасы Бен Бернанке жар салган. 14-апрелде президент Обама да экономикада оң жышаана байкалып калганын билдирди. Россия менен Британияда да кризистин оор учуру артта калганы айтылууда.

Жаз менен жарыша бакубат өлкөлөрдү селкилдеткен финансылык кризистин мизи кайта баштаган сыяктуу.

Бир апта мурда АКШ
Президент Барак Обама "үмүттүн шооласын көрдү". Жоржтаун университети, 14-апрель
президенти Барак Обама: “Сиздер экономикада үмүттүн оту бүлбүлдөп жанып калганын байкай баштадыңыздар”, деп Вашингтондун Жоржтаун университетиндеги жолугушууда билдирди.
Сиздер экономикада үмүттүн оту бүлбүлдөп жанып калганын байкай баштадыңыздар”. АКШ президенти Барак Обама











Быйылкы алгачкы токсондукта (1-кварталда) англисче “single-family home” деп аталган жеке бүлө жашачу тамдарды куруу мурдакыдай кыскарбай, тескерисинче, өсө баштады.

АКШ Борбордук банкы анын курамындагы 12 федералдык банктын бешөөнүн иши бир ыраатка түшүп калганын маалымдады.

Чоң банктардан саналган City Group жана Goldman Sachs үч айдын жыйынтыгын киреше менен аякташты. Маселен, Goldman Sachs 1, 8 миллиард доллар таза киреше алды. Банк былтыр 4-кварталда 1999-жылдан бери биринчи жолу чыгаша тарткан.

АКШдагы 30 ири өнөр жай компаниясынын баалуу кагаздарынын өтүмдүүлүгүн көрсөткөн Доу Жонс индекси алты жумада 23 процентке өсүп, дүйшөмбү күнү болсо кунун бир кыйла жоготуп, аксай түштү.

Ай башында Россиянын Борбордук банкынын башчысы Сергей Игнатьев кризистин оор учуру артка калды деген ишеничин айтса, ушул аптада Британиянын жана Италиянын өнөр жайчылар конфедерациясы да ушундай билдирүү жасашты.

Германияда акыркы эки жылда биринчи жолу инвесторлордун ишеним индекси позитивдүү болду.

Ушундан улам дүйнөлүк экономика кечүүдөн өттү десе болобу?

Британиянын экономикалык жана социалдык изилдөөлөр боюнча улуттук институтунун улук изилдөөчүсү Даун Холланддын айтышынча:

- Ырас, азыр 2008-жылдын акыркы кварталы жана үстүбүздөгү жылдын 1-кварталындагыдай продукция өндүрүүнүн кыскарганын көрбөй калдык. Балким, катаал мезгил артта калгандыр. Бирок, келерки тогуз айда ири өлкөлөрдө өсүү позитивдүү болорун күбөлөгөн белгилер али аз. Аңдан чыктык деп айтууга али эрте.

Холланд айым 2010-жылдын биринчи жарымына чейин көпчүлүк өлкөлөрдө жумушсуздардын саны дагы көбөйөт деп боолгойт.

Мериленд университетинин профессору Питер Моричи (Peter Morici) болсо экономикада илгеркидей өтө жаман кабарлар угулбай калганына каниет кылалы дейт:

- Биз азыр мурдакыдай каргашалуу кабарларды укпай калдык. Биз азыр кээ бир жаман кабар менен аралашкан жакшы жаңылыктарды угуп жатабыз. Бул экономика ылдый баратканын көрсөткөн индекс саалгып калганын, биз али аңдын түбүнө жете элегибизди түшүндүрөт.

Профессор Моричи ошол эле учурда АКШда кардарлар насыялык (кредиттик) карта боюнча төлөй албай калышы жана соода түйүндөрү каражаттын тартыштыгына дуушар мүмкүн деп кооптонот.

АКШлык белгилүү экономист Нуриэл Рубининин (Nouriel Roubini) эсебинче, алашем насыялардан жана баалуу кагаздардын кунунан ажырашынын кесепетинен улам банктар тарткан чыгым 4, 6 триллион долларга чейин жетиши ыктымал.

2007-жылы Кошмо Штаттардын турак-жай секторунда башталган ипотекалык кризистен бери дүйнө банктары 1, 3 триллион доллардай чыгым тартышкан.

XS
SM
MD
LG