Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:12

М. Саралинов: 2016-жылкы жайкы олимпиада Чикагодо өтүшү мүмкүн


Мурат Саралинов Бээжин олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси Канат Бегалиев менен.
Мурат Саралинов Бээжин олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси Канат Бегалиев менен.

1-октябрда Даниянын Копенгаген шаарында Эл аралык олимпиада комитетинин 121-сессиясы жана олимпиадалык Конгресси башталды. Бүгүн кечинде болсо 2016-жылы жайкы олимпиадалык оюндар өтө турган шаар аныкталат.

Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов аталган жыйынга аттанаар алдында «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.

- Мурат мырза, кечээ Данияда Копенгаген шаарында эл аралык олимпиада комитетинин 121-сессиясы жана олимпиадалык конгресс башталды. Сиз бүгүн 2-октябрда конгресске катышыш үчүн жөнөп атасыз. Бүгүн кечке жуук жалпы олимпиадалык күйөрмандар, спорт күйөрмандары 2016-жылы жайкы олимпиада кайсы шаарда өтөөрү аныкталат. Сиздин оюңузча, азыр атаандашып жаткан төрт шаардан кимиси жеңип чыгышы мүмкүн?

- Төрт шаардын ичинен бир гана Рио-де-Жанейродо олимпиадалык оюндар болгон эмес. Анча-мынча артыкчылыктар бар десе болот. Бирок мен Кувейтте дагы Чикагонун презентациясын көргөм. Менин оюмча, Чикаго утуп кетиши да мүмкүн. Биринчиден, Чикагонун презентациясына Американын президенти Обама келип катышат экен. Анткени көлдүн жээгин жасап атышыптыр.

- Олимпиадалык оюндар боло элек өлкөдө ошого басым жасалып калчу да мурун. Ошондо кайсы өлкөнүн мүмкүнчүлүгү болушу мүмкүн?

- Төрт өлкөнүн ичинен бир гана Бразилияда болгон эмес олимпиада оюну. Бул жагынан карап келсек, анда Рио-де-Жанейро номер биринчи талапкер. Токионун да презентациясын көргөнбүз, жапондар абдан жакшы жасап атышат. Испания да Мадриддин презентациясын жакшы жасады, Бразилияныкы да жакшы. Ошон үчүн төрт талапкер тең татыктуу. Анткени баарынын базалары, мүмкүнчүлүктөрү, экономикасы да жакшы. Ошондуктан ушул төрт мамлекеттин башчылары келип атыптыр. Бул өзүнчө чоң шоу болуп атат, мындай болгон эмес эч качан. Мурда олимпиадалык комитеттердин президенттери эле уюштуруу комитетинде презентация кылышчу. Эми Копенгагенге төрт мамлекеттин башчылары келип, өз мамлекеттерин презентация кылганы жатат.

- Данияда олимпиадалык конгресте Эл аралык олимпиада комитетинин жаңы жетекчилери 9-октябрда шайланат. Анда президенттикке ким шайланышы ыктымал?

- Тарыхты карап көрсөк, олимпиадалык үй-бүлөдө өзүнчө бир кыймыл бар, Самаранчты алалы, кимди албайлы шайланып кете берет. Мен ойлойм, Жак Рогенди кайра шайлашабы деп. Анткени булл салт болуп калган, бүт дүйнө жүзүнө стабилдүүлүк керек, өзгөчө спорт тармагында. Бүгүнкү күндө ага атаандаш болуп ким чыгарын азырынча билбейм. Мен ойлойм, Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөлөрүнүн көбүнчөсү бюрократтар, көбүнчөсү Европанын өкүлдөрү. Мен Европанын эле өкүлү Жак Рогенди кайра колдоп кетишеби деп ойлойм.

- 67 жаштагы Жак Роген мурун үч олимпиадалык оюндарга парус спорту менен катышкан да. Анан ушул олимпиадалык кыймылдын өсүшүнө, жогорку деңгээлге көтөрүлүшө жеке салымын кошуп атабы?

- Кошуп атат, бирок салыштырып көрсөк Самаранч аябай авторитети чоң киши, анын салымы абдан чоң болчу. Азиялык көп олимпиадалык президенттердин көбү Азиядан деле бирөө бул уюмду башкарса болот эле деген үмүттөрү бар. Бирок азыр бул эрте го деп ойлойм. Ошондуктан кайра эле Жак Рогенди колдоп кетишет го.

- Азиядан мисалы Азия олимпиадалык кеңешинин президенти Аль-Сабах же башка татыктуу инсандар өздөрүнүн талапкерлигин кийин койсо балким Азияда дагы олимпиадалык кыймыл кеңири жайылат беле?

- Азиянын өкүлдөрү бул маселени көп көтөрөбүз да. Ошондуктан азырынча ошол эле шейх Аль-Сабах Азия оюндарынын деңгээлин абдан өйдө көтөрүп, уюштуруу маселелери абдан жогору деңгээлде болуп атат. Ошонун баарын алар да түшүнүп атса керек бүгүн эртерээк деп. Бирок жанагыдай жакшы уюштуруу менен азиялык көп мамлекеттер да Азиянын олимпиадалык мүчөлүгүнө алып атышат. Ошону менен бирге өнүгүп-өнүгүп келип, жумуш менен далилдеп туруп, анан кийин убакты келгенде өзүнүн талапкерлигин көрсөтөт го кийинчерээк.

- 2016-жылдагы олимпиадалык оюндар аныкталгандан кийин 2020-жылдагы олимпиадалык оюндарга талапкерлер коюла баштайт да. Ошондо Азиядан кайсы өлкөлөр талапкерлигин койгонго татыктуу деп ойлойсуз?

- Сингапур азыр азиялык жаштар олимпиадасын өткөрүп атпайбы, ал экономика жаыгнан да деңгээлине жетип калды. Түштүк Корея, Япония, Индия коюшу мүмкүн, анткени Индия азиялык оюндардын борбору деп талапкерликке коюлган болчу. Араб өлкөлөрүнөн Катар мисалы Азия оюндарын жогорку деңгээлде өткөрдү, бул өлкө да коюшу мүмкүн. Ошондуктан мен ойлойм, Азия албетте коет го өзүнүн талаперлигин.

- Борбор Азия оюндары башталып, анан кийин өчүп калды эле. Ошол демилгени кайра калыбына келтирүү, анан Борбор Азия олимпиадалык кеңешин түзүү максаттары барбы?

- Мен 2-3 жолу бул маселени көтөрдүм. Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан баары эле макул болуп атат. Бирок иш жүзүнө келгенде эле акчадан аксап жатабы билбейм, эмнегедир иш жүзүнө ашпай жатат. Бул суроону мен шейх Аль-Сабахка да койгом, ал колдойм деп айткан. Мен ойлойм, Вьетнамда азиялык оюндарда болгондо баарыбыз кайра чогулабыз, ушул маселени кайра көтөрүп ортого салабыз деп. Анткени буга Улуттук олимпиада комитеттеринин президенттери макул. Эми бул маселе мамлекеттик деңгээлде өлкө жетекчилери өз ара отуруп чечиш керек да.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG