Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:35

"Суу куйду" журналистика


 Россиядагы "суу куйду" журналистиканын баштоочусу Арам Габрелянов.
Россиядагы "суу куйду" журналистиканын баштоочусу Арам Габрелянов.

Бакырган баш темалар, алакачты кабарлар, жарым-жартылай жылаңач кыз-келиндердин сүрөттөрү менен коштолгон басылмалар Россияда империяга айланып баратат. Атүгүл "суу куйду" журналистиканын мектептери пайда болду.

"Твой день" басма үйүнүн кожоюну Арам Габреляновду Россияда "суу куйду" журналистиканын баштоочусу, америкалык медиа-магнат Руперт Мердоктун "түгөйү" дешет. Сексенинчи жылдары Москва университетинин журналистика факултетин бүтүрүп, чакан комания ачып, соңку жыйырма жыл ичинде ал миллионерге айланды. Азыр анын карамагында бир нече гезит-журнал, интернет порталдары бар.

"Твой день" күнүгө чыгат, "Жизнь" апталыгы 2 миллиондон ашуун нускада басма сөз күркөлөрүнө түшөт. Life.ru порталы мүнөт сайын жаңы кабарлар менен толукталып турат. Аларда негизинен ушак-айыңдар, кайбат кептер, күпүр сөздөр, чыр-чатактар башкы орунду ээлейт. Басылмалардын кызматкерлери ким кимдин көзүнө чөп салганы, кимдин төшөгүн ким тепсегени, кимди ким сайга аркандап кеткени, айтор, орустар арасында "ак сөөк" атанган катмардагылардын жеке турмушун мирисинен сирисине чейин кыя кетирбей "кылтакка" илип турат. Ал эми "өлтүрдү", "сойду", "баптады", "жастады" маанисиндеги темалар биринчи планга чыгарылат.

Мунун баарын Габрелянов "жаңы журналистика" катары санайт. "Россияда сапаттуу жана сапатсыз журналистика бар деп жүрүшөт. Мен мындай пикирге караманча каршымын. Журналистика эки эле түргө бөлүнөт: ал кызыктуу же кызыксыз гана болот", - дейт Габрелянов.

Габрелянов "суу куйду" журналистиканын өрүшүн өстүргөнү атайын мектеп ачып, анын усул-ыкмаларын, принциптерин үйрөтө баштады. "Билесиңерби, жакында Москвада Япончикти атып кетишти. Биз,албетте,муну баарынан озунуп, бир жарым саат мурда билдик, ага ок кантип тийген учурун тартып алдык. Кийин тергөөчүлөр келип, ошол тасманы көрсө болобу деп сурашты эле, арийне, болот, эч кандай маселе жок деп айттык. Кызыктуу журналистика мына ушундайча жаралат", -деп айтты ал курска келип, сабак алып жаткан шакирттерине.

"Суу куйду" журнализмге суктангандарын бири анын башкы артыкчылыгын бардык темадагы окуяларды озунуп кабарлаганы, ошондон кийин гана аларды калгандар маалымдап жатканы менен түшүндүрдү.

Габрелянов жакында Кремлдин башкы кеңешчиси, "суверендүү демократия" деген чуулган "теориянын" автору Владислав Сурков менен кеңешип, "Жара" деп аталган жаңы долбоорун баштады. Түстүү бул журналда жалаң жарым-жартылай жылаңач келин-кыздардын сүрөттөрү басылат.

Габрелянов муну Кремл менен өзүнүн тыгыз кызматташтыгын көрсөтүү үчүн жасады дешет. Анын медиа-империясына кирген басылмаларга президент Медведев менен премьер Путинге, анын жакын кишилерине кылайган да кылапат келтиргенге болбойт. Буга катуу тыюу салынган. Габреляновдун кол алдында иштеген журналисттерден бир тобу Кремлдин "окчонтоюн" түзгөн кабарчылар тобуна киргизилген.

Орус бийликтеринин омуроосунан чочулап,Грузияга келип жашап жаткан Олег Панфиловдун айтымында, Габреляновдун "суу куйду" журналистикасы келечекте өтө кесирлүү иш болуп чыгышы мүмкүн. "Бу долбоорду мен билбейм, бирок ушундай холдинг түзүлүп, ага жанагы "Твой день" дегени кошулуп жатса, анда мунун эмнеси журналистика?! Аны дароо эле акыр-чикир журнализми аташ керек",- дейт Панфилов.

XS
SM
MD
LG