Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:41

Б.Обама Копенгагенде дүйнөнү баш кошууга чакырды


Барак Обама АКШ милдеттерине жоопкерчилик менен карайт, деди. 18-декабрь, 2009-жыл. Копенгаген
Барак Обама АКШ милдеттерине жоопкерчилик менен карайт, деди. 18-декабрь, 2009-жыл. Копенгаген

АКШ келечекте өзүнө ала турган милдеттерине жоопкерчилик менен карайт. Кытай абаны булгоочу газдарды элин багыш үчүн азыркы көлөмдө чыгара берет.

АКШ президенти Барак Обама климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшкө баардык дүйнө лидерлерин чакырды.

Улуттар уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча саммити бүгүн жыйынтыкталат.

«Климаттын өзгөрүшү жомок эмес»

Сидней шаарынын (Австралия) миңдеген тургундары Копенгагендеги дүйнө лидерлерине климаттын өзгөрүшү эмнеге алып келерин айтууга аракет кылышты. 18-декабрь, 2009-жыл.
«Биз Копенгагенге, - деди ал, - климаттын өзгөрүшү биздин жарандарга канчалык коркунуч туудуруп, көр казарын билген үчүн келдик. Силер да мен сыяктуу эле бул канчалык реалдуу экенин түшүнбөсөңөр бул жерге келмек эмессиңер. Бул жомок эмес, бул – илим», - деди Б.Обама.

Ал андан ары баардык мамлекеттердин бул багыттагы каалоосу тараза ташында турган омоктуу маселе экенин айтып, "мен бул жерге сүйлөш үчүн эмес, келечекке кадам таштоо максатында келдим", - деди.

Ал ошондой эле, дүйнө жүзү боюнча кайсы мамлекет канча көлөмдө абаны булгаарын өлчөп, аныктай турган бирдиктүү эреже иштеп чыгуунун зарылдыгын айтты, ансыз бул багыттагы сөздөрдүн баары куру кыйкырык болуп калышы ыктымал.

Европа АКШны колдойт, Кытай болсо элин багышы керек

Кечээ жакында Еврокомиссиянын жетекчиси Жозе Мануэл Баррозу эгер Кошмо Штаттары абага газды чыгарууну азайтууга сөз берсе,
Эки мамлекетке чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Б.Обама менен Вэн Цзябао Копенгагендеги жолугушууда. 18-декабрда, 2009-жыл.
Европа мамлекеттери да аны колдоого ала турганын билдирген.

Бүгүн болсо Б.Обама «Копенгагендеги жыйын кандай гана жыйынтыкка келбесин Кошмо Штаттары өзүнө алган милдеттерди аткарып, абаны булгоочу газдардын өлчөмүн азайтат», деп сөз берди.

«Ошондуктан бул жыйынга катышып жаткандар жадына алсын - Копенгагенде эмне гана болбосун – Америка бул багыттагы ишин улантып, абаны булгоочу газдардын өлчөмүн азайтып, экономикада болсо экологиялык таза энергия булактарын колдонууга карай иш баштайт. Бизге бул иш кандай жакшы болсо, дүйнө үчүн да ошондой эле жагымдуу», - деди Обама.

Ал башка мамлекеттер дагы өз аймагынан канча көлөмдө газ чыгарып жатканын текшертүүгө эшикти кенен ачышы керек, деди. Бул сөз баарыдан мурда АКШ менен катар абаны эң көп булгап жаткан Кытайга багытталганы белгилүү.

Бул багыттагы иштерге Кытай да активдүү катыша турганын бүгүн Копенгагенде сүйлөгөн премьер-министр Вэн Цзябао да билдирди. Бирок ал абаны булгоочу газдарды азыркы көлөмдө чыгара берүүнү улантууга Кытай миллиарддан ашуун калкын багыш максатында барып жатканын да айтты.

Ал эми андан мурда Кытайдын дагы бир өкүлү өз аймагында абаны булгоонун өлчөмүн текшертүүнүн жаңы эрежелерине макулдугун бергендей болду.

Жыйынтыктоочу документ кабыл алынган күндө да ал жер шарындагы абанын 3 градуска ысышын токтото албастыгы айтылууда. Анткени эгер өнүккөн мамлекеттер абага чыгарып жаткан булганыч затты 2020-жылга карата азыркыдан 20 %ке эмес, 30 %ке азайтканда гана абанын ысышы белгиленген чекте токтойт.

Мунасага карай узак жол

Бул ирет Данияда өткөн саммитте эсте кала турган окуя - өнүккөн мамлекеттер менен өнүгүп келаткан мамлекеттердин ортосундагы пикир келишпестиктин курчушу болду. Тараптар мунасага келип, жыйынтыктоочу документ кабыл алабы же жокпу – ал азырынча белгисиз. Б.Обама жыйынга катышып жаткан дүйнө лидерлерин климаттын ысышына каршы жыйынтыктоочу документти ал идеалдан алыс болсо да кабыл алууга чакырды.

Саммит бүгүн ишин аяктайт

Өткөн түнү алдыңкы 25 мамлекеттин лидерлери жыйынтыктоочу документтин долбоорун даярдашкан. Ага ылайык мамлекеттер абаны булгоочу газдарды мындан ары азайтууга милдеттеме алышмакчы.

«Айтканымдан баары бир кайтпайм!». Копенгагенде полиция демонстрантты тартипке чакырууга аракет кылууда. Акция маалында 100дөн ашуун адам камакка алынды. 16-декабрь, 2009-жыл.
АКШ президенти Копенгагенде климаттын ысышына каршы маселени Улуу Британия, Франция, Германия, Бразилия, Индия жана башка бир катар мамлекеттердин башчылары менен талкууламакчы. Анын пикиринде, дүйнөнүн бардык мамлекеттери климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү керек, ал эми жаңы келишим менен дүйнө мындан да күчтүү, мындан да коопсуз болот.

Мындан мурда Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон АКШ климаттын өзгөрүүсү боюнча жарды мамлекеттерди колдоо фондусуна жыл сайын 100 млрд доллар жардам берүүгө даяр экенин айткан эле.

АКШ-Орусия сүйлөшүүлөрү

Ал арада президент Барак Обама Орусиянын мамлекет башчсы Дмитрий Медведев менен Копенгагенде жолугуп, өзөктүк куралдарды азайтуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү. Эки мамлекеттин ортосундагы мындан мурдагы келишим 1991-жылы кол коюлган. Анын мөөнөтү ушул жылы 5-декабрда аяктады. Июлда Москвадагы жолугушууда Обама менен Медведев өзөктүк куралдарды мындан да азайтуу багытында иштешүүгө макулдашкан болчу.

XS
SM
MD
LG