Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:18

“Эркиндик” эстелигин алуу аракети болду


"Эркиндик" эстелигин алуу үчүн чогулган эл, 15-май.
"Эркиндик" эстелигин алуу үчүн чогулган эл, 15-май.

15-майда бир катар коомдук уюмдардын өкүлдөрү Бишкектин борбордук “Ала Тоо” аянтындагы "Эркиндик" эстелигин алып салуу аракетин көрүштү. Бирок мындай демилге кооомдук тартипти сактоочулар тарабынан колдоо тапкан жок.

Эстеликти алып салуу демилгечилеринин катарында “Кыргыз эл”, “Ак шумкар кут жаштар”, “Кырк кыз”, “Манас эл” кыймылдары, “Бакдөөлөт”, “Манас-Ата” жана башка коомдук уюмдардын өкүлдөрү бар. Алар “Эркиндик” монументи расмий катталган эмес, мыйзамга да, улуттук кызыкчылыктарга да төп келбейт деп негиздешип, эстеликти өз күчтөрү менен алып салууну чечишкен.

Демилгечилердин катарында турган Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев мындай дейт:

-"Эркиндик" эстелиги Европанын Рим, Амстердам, Санкт-Петербург жана башка шаарларындагы эстеликтердин кичирейтилген, уурдалган көчүрмөсү болуп калган. Бул эстелик уурдалган эстелик. Ошондой эле кыргыз элинин улуттук баалуулуктарына, мурастарына дал келбейт. Бул жерге Манастын эстелиги турушу керек.

Эстеликтин алып салынышын каалагандарга айрыкча эстеликтеги белгилер жакпайт экен. Маселен, манасчы Таланталы Бакчиевге аял эстеликтин түндүктү көтөрүп турушу жакпайт:

- Бул кылым карыткан калкыбыздын салтына жат. Боз үйдүн ээси эркек, анын башын кармай албаган эркек эч нерсе башкара албайт. Эзели аял көтөргөн түндүктүн алдында чыр-чатак, кан төгүү токтобойт деп айтылат. Бул дагы да болсо ободон түшкөн бир белгидир.

Ушундай негиздерге таянган аракеттерди колдобогондор, алардын ичинде тартип сактоону максат кылган коомдук кошундардын өкүлдөрү демилге орунсуз жана беймаал көтөрүлүп жатканын белгилешти. Айрымдары гендердик саясатты чектөө аракеттери жүрүп жатат деген ойдо.

Ал эми “Мекен үчүн” элдик коомдук кыймылдын жетекчиси Медет Ибраимовдун пикиринде, мындай маселелерди мыйзам чегинде тартип менен чечүү зарыл:

- Коомдук тартипти сактоочу бирикмелер элди ынтымакка чакырып, мындай маселелер мыйзам чегинде чечилүүсү керектигин белгилейбиз.

Жаш айкелчи Жоодардын пикиринде, мындай тарыхый эстеликти бүлдүрүү энени ыйык көргөн кыргыз элине абийир алып келбейт:

-"Эркиндик" эстелиги тарыхый чыгарма болгондуктан көп маанини билдирет. Муну аял түндүк көтөрбөйт деп бузуп салуу туура эмес. Кыргыздар энени, аялды ыйык көргөн элбиз. Эр-азаматтар эрөөлдө же Мекенин коргоо үчүн алыска кеткен учурларда аялдар түндүк көтөрүп, үй-бүлө түйшүгүн бүт мойнуна алган учурлар да болгон.

Эстеликти алып салууну каалагандар менен аянтта Биринчи май районунун акиминин милдетин аткаруучу Аскарбек Алиев жолугуп, маселени мыйзам чегинде чечүүнү, Бишкек шаар мэриясына кайрылууну сунуштады.

Буга чейин демилгечилер Убактылуу өкмөттүн төраймы Роза Отунбаевага кайрылуу даярдап, кол топтоп жаткандыгын маалымдашкан.

Борбордук аянттагы “Эркиндик” монументи боз үйдүн түндүгүн көтөрүп турган канаттуу аялдын сөлөкөтүнөн турат. Кыргыз эл баатыры, белгилүү айкелчи Тургунбай Садыков жасаган бул монумент "Ала-Тоо" аянтына 2003-жылдын жайында орнотулган.

Ага чейин бул жерде коммунисттердин жол башчысы саналган Владимир Лениндин эстелиги турган эле.

XS
SM
MD
LG