Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Тажикстандагы атышуулар кыргыз чек арасына чукулдады


Тажик армиясы февралда өткөн парад маалында
Тажик армиясы февралда өткөн парад маалында

Бейшембиде Тажикстандын Кыргызстанга чукул жайгашкан Исфара районунда атайын операция жүргүзүлдү. Чоркух айылында чакан куралдуу топ жашырынган деп шектелген үй курчоого алынып, ортодогу атышуудан кеминде 3 киши набыт болгону кабарланды.

Тажикстандагы атышуулар Баткенде жаңырып турду

Ал жердеги атышуулардын жаңырыгы Баткен облусунда угулуп, кыргыз аскерлери күчөтүлгөн режимде коопсуздукту күзөтүп жатканы кабарланды. “Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчысы Хиромон Бакозода бизге бейшембинин кечинде Исфарадагы окуялар тууралуу буларды айтып берди:

- Бизге Исфара районундагы Чоркух деген айылдын жамаат башчысы айтып берген маалымат боюнча, бул айылда жергиликтүү имамдын үйү курчоого алынган. Ал үйдө абдан мыкты куралданган бир нече киши жашырынып отурган имиш. Тажик армиясынын өкүлдөрү ал жерге барып, адегенде сыйы менен куралын өткөрүп берүүнү талап кылган. Үйдүн ичиндеги куралчандар өз ыктыяры менен багынып берүүдөн баш тартканда, тажик аскерлери ал жерге чабуул коюшкан. Айыл өкмөт башчысы бизге билдиргендей, ал үйдө камалган 5 кишинин экөө кыргызстандык, калган үчөө тажиктер деген маалымат тараган. Кечке маал аскерлер чабуул коюп, ортодогу атышуудан кийин үч кишинин сөөгү табылганын, алардын бирөө ошол Чоркух айылынын тургуну, 8 жылдан бери издөө салынган шектүү кылмышкер экени кабарланды.

Азырынча Исфара районунда тажик аскерлерине каршылык көрсөткөн куралчандар арасында, Чоркух айыл өкмөт башчысы айткандай, кыргызстандыктар да бар деген маалымат расмий, же бейрасмий булактар тарабынан бышыкталган жок.


Куралдуу эрегиштен тажик аскерлери да курман болду


Негизи соңку эки айдан бери Тажикстандан улам бир куралдуу кагылышуулар, армия менен ага каршылык көрсөткөн куралчандар тарабынан ондогон адам курман болгону тууралуу маалыматтар келип түшүүдө. Башында мындай маалыматтар Тажикстандын чыгыш тарабындагы Рашт өрөөнүнөн келип атты эле, соңку күндөрү куралдуу эрегиш оту Кыргызстанга чукул жердеги Исфара өрөөнүнө да жайыла баштаганы байкалат. Мурдараак, 21-октябрь күнү тажик бийликтери Исфара районунда бейрасмий Өзбекстан ислам кыймылынын активдүү эки мүчөсү өлтүрүлүп, ал жерде далай курал-жарак табылганын маалымдашкан.

Тажикстандагы мындай куралдуу кагылыштар августтун аягында Улуттук коопсуздук министрлигинин тергөө абагынан коркунучтуу 25 кылмышкер качып чыккандан башталган. Сентябрдын 6сына караган түнү Душанбедеги түнкү клубдардын биринде жардыруу болуп, төрт киши жараат алган. Эртеси Ромит капчыгайында түрмөдөн качкандарды кармоо операциясы маалында бир жоокер курман болгон. 10-сентябрь күнү тажик-ооган чек арасындагы атышуулардан бир чек арачы набыт болуп, 20дай согушкер өлтүрүлгөнү кабарланган.

Андан көп өтпөй, 19-сентябрь күнү Тажикстан армиясынын жоокерлери бараткан машинеге буктурмадан кол салынып, Рашт өрөөнүндөгү Камароб капчыгайында болгон ал чабуулдан бейрасмий маалыматтар боюнча, 40тай тажик аскери курман болгон. Расмий кабарларда 26 жоокер каза тапканы айтылат.

Тажик бийликтери ал кол салууну 1990-жылдардагы жарандык согуш маалында куралдуу оппозицияны башкарган Мулло Абдулло жана Али Бедака, же кадимки расмий ысымы боюнча Аловудин Давлатов уюштурган деп күнөөлөштү. Мулло Абдулло 2000-жылы Ооганстан тарапка ооп кеткен бойдон көпчүлүктүн көзүнө илине элек. Аловудин Давлатов 2008-жылга дейре Тажикстандын ички иштер министрлигинин Гармдагы бөлүмүндө иштеп, эки жыл мурда президент Рахмондун саясатына каршылык билдирип, кызматын таштаган.


Чет элдик күчтөргө жергиликтүү оппозиция кошулганбы?


Айтор, сентябрь-октябрь айында дээрлик апта сайын Тажикстандын ар башка аймагында аскерлер куралчан топ менен салгылашып-атышып, ортодо бир нече киши курман болгону кабарланып турду. Тажик бийликтери так маалымат бербей, чыныгы кырдаал жана жоготуулар саны жабык бойдон калууда.

Байкоочулар Пакистандын куралдуу күчтөрү өлкөнүн Вазиристан чөлкөмүндөгү куралчан талиптерге каршы кеңири операция жүргүзүп жаткандыктан, ал жактан ооган чек арасын көздөй сүрүлгөн согушчандар Тажикстан тарапка да өтүп жатканын айтышат. Ооганстан тараптан бийик тоолор аркылуу тажик аймагына куралчан топтор өтүп келатканы көптөн бери өнөкөткө айланган.

Анткен менен, жергиликтүү эксперттер Пакистан, Ооганстан тараптан оогон согушчан топторго Тажикстандын Исламдык кайра жаралуу партиясын кийинки 10-15 жыл ичинде таштап, тоо тарапка жашырынып кеткен жашыруун оппозиция мүчөлөрү кошулганын айтышат.

Тажик бийликтери коңшулаш Кыргызстандагыдай өлкөдөгү кырдаалга чагым салууга сырткы күчтөр, үчүнчү бир тарап кызыкдар деп кыйытышат. Ал тапта бейшембиде чек арага чукул тажик айылында болгон атышуудан улам Кыргызстан өз чек араларын кайтаруу, Баткен облусундагы коопсуздукту көзөмөлдөө ишин күчөтүштү. Жолдордо куралчан милиция, аскерлер көбөйүп, ары-бери өткөн унааларды токтотуп текшерип атканын Баткендеги кабарчыбыз Жеңиш Айдаров ырастады.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG