Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

Караңгыда калган Бишкек, эскирген жабдыктар


Кыргызстандын энергетика тармагындагы жабдыктардын көпчүлүгү 40-60 жыл мурда орнотулган бойдон которула элек.
Кыргызстандын энергетика тармагындагы жабдыктардын көпчүлүгү 40-60 жыл мурда орнотулган бойдон которула элек.

Энергетика тармагындагы кырсыктан улам ишембинин кечинде ордо калаанын жана өлкөнүн бир топ аймактары электр кубатысыз калды.

Энергетика министринин орун басары Автандил Калмамбетов бул кырсыктын себеп, кесепеттери тууралуу суроолорго жоп берди.

"Азаттык":
8-январда Бишкектин бир топ аймагы жана Кыргызстандын кээ бир өрөөндөрүндөгү айылдар жарыксыз калды. Буга эмне себеп болду?

Автандил Калмамбетов: Кечээ кечки саат алты жарымдарда Бишкектин четиндеги Ленинский айылына жакын жайгашкан «Главное» деген подстанциядагы конденсатор деп аталган аппаратыбыз иштен чыкты. Ошондон кийин линия өчтү. Ал Казакстандын энергосистемасы менен кошулуп турган линия болчу. Ошол линия өчкөндөн кийин башка линияларга күч келип, энергосистемадагы кубаттуулуктун балансы өзгөрдү. Ал убакта Бишкектеги жылуулук электр борбору (ТЭЦ) 250 МВтка жакын кубаттуулук менен иштеп жаткан. Натыйжада ТЭЦтин электр энергия берүүсү бөлүнүп, абдан маанилүү жайларга гана энергия берип калды.

Ошол маалда элди коркуткан нерсе, бул борбордун кубаттуулугу кеминде 200 МВттык 100 МВтка чейин түшкөндө, бизде он казан иштеп жаткан, ошол казандын бууларын чыгарыш керек болду. Муну чыгарган учурда чыккан үндөн улам элдерде кооптуу ойлор жаралып кеткен экен.

Негизи жылуулук борборунда он буу казаны иштеп жаткан. Алардан экөө өчтү. Иштеп жаткан алты генератордон бирөө иштебей калды. Биз бир жарым сааттан кийин системаны башка электр булактарына коштук. Андан кийин электр энергиясы калыбына келди. Көбүнчө Бишкектин тегерегинде, Чүй өрөөнүндө электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Ысык-Көл, Нарындын айрым аймактарында да жарык өчтү

"Азаттык": Бул кырсыкка подстанциядагы конденсатордун иштен чыгышы себеп болгон экен. Бул конденсатор эмне себептен иштен чыкты?

Автандил Калмамбетов: Бул конденсатордун иштен чыгышын түзүлгөн комиссия иликтеп, себебин табат. Бирок абдан көп күч келүү болуп жатканы чын. Аябай көп күч келип жатпайбы. Азыр 53 миллион КВт/сааттын тегерегиндеги электр кубатын алып жатабыз. Былтыр ушул убакта 40 миллион КВт/сааттын тегерегинде эле электр энергия сарптачу элек. Эгерде линияларга күч көп келбеген болсо, өчкөн линияларды башка линиялар көп билгизбей эле көтөрүп кетет болчу. Казакстан менен бири-бирибизге берип турган төрт линиябыз бар болчу. Бир линия өчкөндөн кийин экинчи линия көтөрө албай калгандыктан болду да.

"Азаттык": Мына энергетика тармагындагы жабдыктардын иштен чыгышы эмнени көрсөтүп турат. Бул ошол жабдыктардын эскилигиненби, же оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес беле?

Автандил Калмамбетов: Чындап келгенде биринчи айтканыңыз эң туура да. Энергосистемадагы каражаттар, подстанциялар алтымыш жыл мурун жасалган. Жанакы биз оңдоп жаткан линия 1969-жылы курулган. Мына ойлоп көргүлө. Бул жабдыктарга кырк жыл болгон. Мына ошолордун баарына, энергетикага көңүл буруп, көбүрөөк каражат жумшашыбыз керек.

"Азаттык": Автандил мырза, бул акыркы жумадагы энергетика тармагындагы экинчи ири кырсык болуп жатат. Кыштын суугу да күч. Мындай кырсыктарды алдын алууга кандай чаралар көрүлөт?

Автандил Калмамбетов: Эң негизги чара - биз станцияларга күч келген учурларды көзөмөлдөп жатабыз. 220 киловольттук системалык подстанцияларды карап жатабыз. Мына былтырдан баштап илгерки коюлган жабдыктарды (включатель) заманбаптарына алмаштырып жатабыз. Подстанциялардын калган элементтерин аз-аздан алмаштыра беришибиз керек. Аны баштаганбыз. Тилекке каршы баарын бир убакта жасаганга каражат болбой жатат.

"Азаттык": Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG