Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:25

Ливия БУУнун Коопсуздук кеңешинин бутасында


Экинчи ири шаар Бенгазинин көчөсү. Ливия. 25-феврал, 2011-жыл.
Экинчи ири шаар Бенгазинин көчөсү. Ливия. 25-феврал, 2011-жыл.
Кырк бир жылдан ашуун убакыттан бери бийликте турган Муаммар Каддафини кулатууну көздөгөн демонстранттар менен ага жан тарткан күчтөрдүн кагылышынан миңдеген адам өлдү деп болжолдонууда.

Кан төгүү уланып жатканына байланыштуу АКШ, Улуу Британия, Франция биргелешип резолюция долбоорун даярдап, ал жума күнү (25-февралда) БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө өлкөлөр арасында таратылып берилген.

Анда тынч жарандарга кол салуууну адамзатка каршы кылмыш катары эсептөө керектиги айтылат.

Мындан улам Ливиядагы окуяларды иликтеп, тергөө жүргүзүү Эл аралык Кылмыш сотунун карамагына берилиши ыктымал.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин ишембиде (26-февралда) чукул чакырылган жыйынына чейин Европа лидерлери Евробиримдик жана Бириккен Улуттар Уюму Ливиядагы режимге каршы тезинен чара көрүүсү керектигин макулдашкан.

Немис канцлери Ангела Меркел, британ премьери Дэвид Камерон, Италия премьер-министри Силвио Берлускони, түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган бул маселени телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүндө талкуулаган.

Мунун алдында БУУнун Коопсуздук кеңешин Ливиядагы кан төгүүнү токтотуу үчүн тезинен чара көрүүгө БУУнун Башкатчысы Пан Ги Мун да үндөгөн эле:

- Биз кырдаал дагы курчуйт ко деп жоромолдоп жатабыз. Дүйнөлүк Азык–түлүк программасы Ливиянын азык–түлүк кору түгөнүп бара жаткандыгын эскертүүдө. Мен аймактын жана дүйнөнүн лидерлери менен сүйлөшүүлөрүмдө, жеке жана коомчулукка жасалган билдирүүлөрүмдө түз жана ачык–айкын айттым: зордук-зомбулуктар токтотулуусу керек. Бейкүнөө адамдардын канын айоосуз төккөндөр жазалануусу зарыл, адамдын өзөккү укуктары урматталуусу керек.

Пан Ги Мун Ливиянын БУУдагы элчисинин Коопсуздук кеңешине жардам сурап кайрылуусу тарыхый бурулуш экендигин жана эми Кеңеш токтоосуз чара көрүүсү керектигин белгиледи.

Ливиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү, өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри, Каддафинин бала кезден берки досу саналган Абдурахман Мохаммад Шалгам Триполидеги режимден кол үзгөн акыркы жогорку даражалуу расмий өкүл болуп калды.

Ал Каддафиден кол үзгөнүн жарыялаган жума күнү кабарчылар менен маегинде буларга токтолду:

Каддафинин режиминен кол үзгөн Абдурахман Шалхам
- Менимче биздин дүйнөдөгү элчиликтерди 90%ы азыр Каддафи менен эмес.

Биз азыр Ливия үчүн иштеп жатабыз. Алар мени өз тышкы иштер министри катары карашууда. Анткени мен тогуз жыл тышкы иштер министри болгом.

Алардын баары түздөн түз мени менен иштешүүдө. Оторчулук (колониализм), кулчулук, бир адамдын бийлигинин доору бүтүүдө, бүттү. Биздин дүйнө толугу менен өзгөрдү. Каддафи качкандабы же башка учурда болобу, мен билбейм, айтор, бүткүл араб дүйнөсү эркиндикке карай тездик менен жылат.

Ливия лидери Муаммар Каддафинин өзү болсо азырынча акыркы ирет сыналгыдан жума күнү кечке жуук Триполинин Жашыл аянтында жүздөгөн жактоочулары алдына сүйлөп жаткан жеринен көрүндү.

Ал сөзүндө жактоочуларынын куралдандырууга даярдыгын жар салды:

- Биз душманды талкалоого жөндөмдүүбүз. Душманды элдин эрки менен куралчан топтор аркылуу жок кылабыз. Зарыл болсо курал–жарак Ливиянын бардык элине, Ливиянын бардык урууларына берилет. Ливия жалындаган отко айланат. Мен бул жерге силерди, силердин каармандыгыңарды кубаттоо үчүн келдим. Аларга жооп берүү үчүн мен эл арасындамын, топтун ичиндемин. Анткени Муаммар Каддафи президент же падыша эмес. Анда конституциялык бийлик жок. Бирок эл аны сүйөт жана аны көргүсү келет.

Ливия лидери жана үй бүлөсү өлкөдөгү элдик көтөрүлүш “ал-Кайиданын” терроорчулары жана радикал исламчылар тарабынан уюштурулду деп ырастоодо.

Каддафинин балдарынын бири Сайф Каддафи жума күнү кечинде кабарчылар менен маегинде алар террорчулар менен күрөшүп жатканын белгилеп, армия козголоңчуларга сүйлөшүү жүргүзүүнү сунуштаганын айтты.

Ал ошондой эле демонстранттарга кол салгандардын арасында чет элдик жалданмалар бар деген маалыматтары четке какты, өкмөттүк күчтөр жакынкы аралыкта өлкөнүн чыгыш бөлүгүндө кайрадан көзөмөл орнотот деп белгиледи.

Ливиянын мунай кендеринин көпчүлүгү чыгышта жайгашкан. Чыгыш тараптын басымдуу бөлүгү жана экинчи ири шаар – Бенгази азыр Каддафиге каршы чыккан элдин колунда.

Ливиядагы баш-аламандыктар өлкөдөн чет элдиктердин кетүүсүн шарттоодо.

БУУнун Башкатчысы Пан Ги Мундун жума күнкү сөздөрүнө караганда, Египетке 22 миң, Туниске 15 миң киши өтүп кетүүгө үлгүргөн.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынына чейин АКШнын өкмөтү Муаммар Каддафинин режимине каршы бир тараптуу чектөө киргизип, Каддафинин, анын үй–бүлө мүчөлөрүнүн жана ага жакын адамдардын АКШдагы банк эсептерин, баалуу кагаздардагы үлүштөрүн тоңдурмай болду.

Ливияга каршы курал эмбаргосун киргизүү, Каддафинин расмий өкүлдөрүнүн чет мамлекеттерге келүүсүнө тыюу салуу, баалуу кагаздардагы үлүштөрүн тоңдуруу чаралары БУУнун Коопсуздук кеңешине сунуш кылынган резолюция долбоорунда да айтылган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG