Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:55

“Интернет эрөөлгө” генерал Суваналиев чыкты


Милициянын генерал-майору Өмүрбек Суваналиев 2 саат бою түз байланышта окурмандар менен баарлашты.

Суваналиевге өлкөдөгү коопсуздук, коомдук-саясий кырдаал, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш, милицияны реформалоого байланышкан суроолор узатылды.


Өмүрбек Суваналиев буга чейин ички иштер министринин орун басары (2005-2006), ички иштер министринин милдетин аткаруучу (2006-2007), Президенттик администрациянын коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы (2007-2008), Нарын облусунун губернатору (2008-2009) кызматтарын аркалаган. Былтыр июнь коогасы учурунда аз убакыт Ош милициясын да жетектеген. Калк ичинде “комиссар Каттани” деген каймана аты бар.

Жалпы эрежебизге сыйбаган пикирлер жана суроолор кабыл алынбайт.

"Азаттык" үналгысынын "Интернет эрөөл" деп аталган түз жыйынына буга чейин Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов, Айгүл Рыскулова, Мелис Турганбаев, Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Эмилбек Каптагаев, Марат Султанов сыяктуу коомдук ишмерлер, мамлекет кызматкерлери жана саясатчылар, кинорежиссер Нурбек Эген конок болушкан.
XS
SM
MD
LG