Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Кыргызстан: ГКЧП, чыйралган демократия


“Кыргызстан” Демократиялык Кыймылынын өкүлдөрү Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарынын Борбордук аянтында нааразылык жыйынын куруп, советтик аскерлердин Балтика өлкөлөрүнөн чыгарылышын талап кылышты. Ураандардын биринде “Эсиңерге келгиле! Аскердик кол салуу – дем
“Кыргызстан” Демократиялык Кыймылынын өкүлдөрү Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарынын Борбордук аянтында нааразылык жыйынын куруп, советтик аскерлердин Балтика өлкөлөрүнөн чыгарылышын талап кылышты. Ураандардын биринде “Эсиңерге келгиле! Аскердик кол салуу – дем

ГКЧП деген ат менен белгилүү 1991-жылдын 19-августундагы СССРге өзгөчө абал киргизүү аракети оңунан чыкпай калганы менен, олуттуу тарыхый өзгөрүүлөрдү шарттаган.

Союздук республикалардын катарындагы Кыргызстандын мамилеси башка союздук республикалардан өзгөчө болгондугун ошол учурдун көп сандаган өкүлдөрү тастыктап келатышат. Бул биринчи кезекте Союздук республикалардын ичинен демократиялык баалуулуктар үчүн күрөштүн эртелеп башталышы менен түшүндүрүлөт.

Кыргызстан Демократиялык кыймылынын лидерлеринин бири Жыпар Жекшеевдин айтымында, ал кезде демократиялык баалуулуктарга ыктаган улуттук аң-сезим жана ишеним күчтүү болчу:

- Бизге Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Казакстанга караганда башкача эгемендик келди. Абдан чоң кыймыл пайда болду. Абдан чоң күрөш жүрдү. Биринчи жолу коммунисттик чоң режимди кулаттык. Биринчи жолу Акаевди илимпоз киши деп президент кылып алдык.

Ага жараша Кыргызстандагы демократиялык кубаттуу маанай кадимкидей сезилип турганын ошол кездеги гезиттерде жарыяланган материалдардан да байкоого болот.

Маселен, демократтардын бири Таалайбек Ылайтегин “Жаштык жарчысы” гезитине ал кезде “Биздин негизги милдет – коммунисттердин ушак-айыңдарына ишенбей, сабырдуулукту сактап, болуп жаткан өзгөрүүлөргө сергек мамиле кылуу, эгерде шарт талап кылса өзүбүздүн президентибизди сактап калууга даяр бололу” деп жазган.

Ушул эле гезитте басылган акын Анатай Өмүркановдун “Кооптонуу” деген ырында мындай деген саптар бар:

“Там-туң баскан демократияны
Танк талкалап, тамырынан кыябы?
Кечээ күнү кенен айткан кебибиз
Бүгүн кайра көзүбүздөн чыгабы?”

Чынында эле демократтар кыймылында Борбор Азия аймагында биринчилерден болуп жеткен жеңишин алдырып ийүү коркунучу бар болчу. Анткени коомчулук да, бийлик башындагылар да эки ача ой менен жашап, коммунисттик жана демократтык көз караштар тирешип турган.

Мына ушундай шартта демократтар дароо билдирүү таратып, анда СССР Жогорку Советинен саламаттыгы начар деп жарыяланган президент Михаил Горбачевдун өз кызматына чукул киришүүсү, окуяны мамлекеттик төңкөрүш деп баалап, катышкандарга чара көрүү, Союздук Ново-Огарево келишимине кол коюу талап кылынган.

Ошондой эле Кыргызстан аймагында жайгашкан СССР аскер күчтөрүнүн ыктымал аракеттерине каршы турууга белсенген демократтардын катарында кеминде 20 миң киши турган.

Демократтардын мындай батылдыгын, коргонуу үчүн бийликтен курал сураганын “Азаттыкка” курган маегинде ошол кездеги ички иштер министри Феликс Кулов да тастыктады.

Куловдун айтымында, Кыргызстандагы ички аскерий күчтөр да, танктар да Москванын башкаруусунда болчу. Ага жараша президент Аскар Акаев баш болгон расмий бийлик кезинде ГКЧПга кескин каршы чыга алган эмес:

- ...Президент ГКЧПны колдобой койгону бизге негиз болуп берди. Бирок ГКЧПга каршы да эч ким чыккан эмес анда. Эч кандай каршы маанайдагы билдирүүлөр болгон эмес....

Маалыматтарга караганда, президент Аскар Акаев ГКЧП маселесин Жогорку Советтин төрагасы Медеткан Шеримкулов, Коопсуздук комитетинин төрагасы Жумабек Асанкулов, ички иштер министри Феликс Кулов, президенттик администрация башчысы Эднан Карабаев менен 19-августта түшкө жуук талкуулап, калкка президенттин атынан кыскача кайрылуу жасоо менен чектеле туруу чечимине келишкен.

19-августтагы кайрылуусу тууралуу Аскар Акаев өзү “Азаттыкка” курган маегинде буларды айтты:

- Мына мен ошол эле 19-августта элге кайрылып, бул мамлекеттик төңкөрүш, бул советтик авторитаризмди сактап калуу аракети деп, Кыргызстандын калкын чакырдым.

Бирок мындай кескин билдирүүнү Аскар Акаев 19-августта эмес, ГКЧП жеңилгендиги тастыкталган мезгилде, 21-августтагы кайрылуусунда жасаганы айтылып жүрөт. Демократ Жекшеев Акаевдин алгачкы билдирүүсүн минтип баалады:

- Президент катары Акаев биринчи мамилесин билдириш керек да. Азыркыга чейин күлкүм келет, эч кандай тарыхый позициясы жок ал жерде. ГКЧП жеңип кетсе, алардын да кишиси болгусу келген, экинчи жактан алар жоопко тартылып кетсе, бияктын да кишиси болгусу келген маанайда да. Мындайча айтканда кереги жок, таасири жок билдирүү жасаган.

Жекшеев КДКдан кийин жасаган Жогорку Советтин төрагасы Медеткан Шеримкуловдун билдирүүсү Акаевдикинен алда-канча таасирдүү чыкканын айтат. "Азаттыктын" бул өңүттөгү суроосуна Медеткан Шеримкулов өзү минтип жооп берди:

- Менин көз карашым президент Акаевдин көз карашынан өзгөчө болду. Себеби мен ГКЧПнын иштерин антиконституциялык, мыйзамга туура келбеген мамлекеттик төңкөрүш деп эсептедим.
Анткен менен жетекчилердин чакан жыйынында пассивдүү позицияны кармап турууну биринчилерден болуп Шеримкулов сунуштаганы, ГКЧПны ачык колдогон Коопсуздук Комитетинин төрагасы Жумабек Асанкулов дароо кызматтан алынганы да айтылып келатат.

Ушу күнгө чейин ГКЧПны демократиялык өнүгүүгө эмес, СССРдин бүтүн өлкө катары өнүгүшүн кыйратты деп жектеп жүргөндөр да четтен чыгат. Маселен, легендарлуу парламенттин депутаты Мар Байжиев:

- Бизге окшогон кичинекей мамлекеттердин коргонуп калууга өзүнүн кудурети жетпейт. Сөзсүз тиягы Кытай, биягы Америка болуп, тияк-бияктан бирөө басып калат. Алтургай жакын эле кошуналарыбыз ошону кылат.

90-жылдары түптөлгөн кыргызстандык демократтар болсо өздөрүнүн 91-жылдагы ГКЧПга каршы туруму Кыргызстандын эгемендикке умтулуусу күч экенин далилдеди деген терең ишенимде. КДК кыймылына ал кезде Топчубек Тургуналиев, Казат Акматов жана Жыпар Жекшеев теңтөрагалык кылган. Кыймыл демократиянын башатында туруп, өнүгүүнүн кызыкчылыгы үчүн элге кубат берип, бийликке таасир этип турган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG