Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Талапкерлер таза жеңишти таанууга чакырды


Президенттик шайлоого аттанган алты талапкер Кыргызстан калкына кайрылуу менен чыгып, ким жеңбесин акыйкат жеңишти таанууга чакырды.

Президенттик шайлоо Кыргызстанда 30-октябрга белгиленген. 25-сентябрдан тарта болсо үгүт өнөктүгү башталат. Буга саналуу күндөр калды.


Мурунку күчтөргө кимдер кирет?


Үгүт өнөктүгүнүн алдында атаандаштардын ортосунда таймаш, компроматтар согушу күч ала баштады. Ал эмес бийликтин өкүлү, ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев “Ата Мекен” фракциясынын 21-сентябрдагы жыйынында мурунку күчтөр бийликке келе турган болсо “атышууга” даяр экенин билдирди. Мурунку күчтөр деген түшүнүккө 7-апрелден кийин бийликке келген күчтөрдүн талапкерлеринен башкалар кире турган болсо, анда бул чындыгында абдан опурталдуу билдирүү.
Таза утулсаң, ага тан бериш керек. Кайрылуу ошол мааниде. Ал эми административдик ресурсту толугу менен иштетип, күчкө салса, анда башкача болот... Исхак Масалиев

Мына ушундай шартта президенттик шайлоого катышууну көздөп жаткан алты талапкер жана “Ар-Намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов Кыргызстан калкына кайрылуу менен чыкты.

Кайрылуунун максаты тууралуу ага кол койгон Марат Иманкулов
буларды билдирди:

- Таза шайлоо менен, таза утуш менен боло турган болсо бири-бирибизди куттуктап, бири-бирибизди сыйлагандай кылалы дедик. А эгерде башкача боло турган болсо, анда коом башкача реакция кылат.

Кайрылууга кол койгон дагы бир саясатчы Исхак Масалиев буларды айтат:

- Таза утулсаң, ага тан бериш керек. Кайрылуу ошол мааниде. Ал эми административдик ресурсту толугу менен иштетип, күчкө салса, анда башкача болот. Анда Бакиев-Сакиев дебей эле нааразы болгон адамдар нааразычылыкты көрсөтөт. Кеп ушунда болуп атпайбы. Анан негизгиси, чындыгында бири-бирибизди таза шайлоого баралы деп чакырып жатабыз.


Административдик ресурс колдонулуп жатабы?

Азыр деле колдонулуп жүргөн мурдагы эле ыкмалар мындан ары дагы колдонулат дегендей сезилип жатат... Кубатбек Кожоналиев


Административдик ресурсту пайдалануу жана мөөнөтүнөн мурун үгүттү жүргүзүүдө деген айып өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин дарегине көп айтылууда. 22-сентябрда парламентте мына ошондой айыптардын бири депутат Анарбек Калматов тарабынан айтылды:

- Бишкек шаарынын мэри акимдерди чогултуп айтыптыр, мынча добуш болбосо кетесиңер деп. Кечээ мына Октябрь районунун акими квартал башчыларын жана башкалардын баарын чогултуп айтыптыр, мынчадан добуш алып келесиңер деп. Мына Башкы прокуратурада арыз жатат. Мунун баарын токтотпойлубу...

Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов таза жана адилет шайлоого Атамбаев кызыкдар экенин билдирди:

- Менин оюмча, Кыргызстанда таза, эркин шайлоолор мүмкүн болушуна Атамбаевдин ролу чечүүчү экенин эч ким деле талашпайт болуш керек. Ал дайыма эл өз тагдырын шайлоодо чечүүсүнө кызыкдар. Эл кандай чечсе, Атамбаев элдин тандоосуна ыраазы болот.

Талдоочу Кубатбек Кожоналиев азыркы бийлик мурунку бийликтегилердин жолоюн жолдоп жатат, ошондуктан кайрылуу жөн гана кыял бойдон калат дейт:

- Шайлоо алдында эле “Абийир кодекси", журналисттер кара пиарга барбайбыз деп калабыз. Мына кечээ болуп аткан иштерге карайлычы, Токтайымдыкын, Наримандыкын. Топтолгон колдорду 6-сентябрда бериптир. Он күндүн ичинде текшерилип бүтсө, жообун бериш керек эле. Бирок Боршайлооком өзү бузуп атпайбы. Демек, бул жерде мурдагы эле ыкмалар мындан ары дагы колдонулат дегендей сезилип жатат.

Таза шайлоодо ким жеңбесин, аны жеңиши менен куттуктоого даяр болгондордун катарында Нариман Түлеев, Адахан Мадумаров, Марат Султанов, Анарбек Калматов бар. Алар шайлоо элди бөлбөй, бириктирүүгө тийиш деген чакырыкты ташташууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG