Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Милиция: былтыр реформа, быйыл реформа...


Жаштар жана жарандык активисттерден турган топ Ички иштер министрлигин реформалоо боюнча Концепциянын альтернативдүү долбоорун сунуштап жатышат. Буга чейин ИИМ байкоочу кеңеш менен бирге өзүнүн реформалоо концепциясын иштеп чыккан.

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Ички иштер министрлигинин илим изилдөө борборунун жетекчиси Шамшыбек Мамыров, Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун изилдөө бөлүмүнүн жетекчиси Азиз Иса жана көз карандысыз эксперт Искендер Шаршеев.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Азиз мырза, Ички иштер министрлигин реформалоо боюнча Концепциянын альтернативдүү долбоорун сунуштап жатасыздар. Ал эмне болгон концепция?

Азиз Иса: Биз жаңы кадамдарды сунуштап жатабыз. Биринчиден, кадрларды жаңыртуу керек. Анткени азыркы иштеп жаткан кадрлар турганда эч нерсе өзгөрбөйт. Мисалы, натыйжалуу реформаларды жүргүзгөн Эстония, Грузияда 80% чейин кадрларды алмаштырды.

Экинчи кадам – коомдук пикир эң негизги баалуу ыкма болуш керек. Бүгүнкү күндө ИИМ "биз жакшы иштеп жатабыз" деп өзүн өзү баалайт. Бирок алардын иши коомчулукту канааттандырбайт. Эл аралык институттун сурамжылоосу боюнча, коомдун 15% гана милицияга ишенет.

Биз милициянын кардары ким болгонун аныктап алышыбыз керек. Бул - коом, жарандар. Ошондуктан милицияны коом баалаш керек. Ошондо гана милиция өзгөрүп, жарандарга сылык мамиле жасай баштайт.

Биз концепция иштеп чыкканда Америка, Эстония жана Грузиянын тажрыйбасын алдык. Эксперттер аталган өлкөлөргө барып келишкен, бир жылдан бери бул концепция иштелип жатат.

“Азаттык”: Шамшыбек мырза, сиз реформалоонун ушундай жолуна макулсузбу?

Шамшыбек Мамыров: Бизде 13 миң кызматкер бар. Алардын 8 миңи таза милиция, ички иштер органдары жана аскерлери, окуу жайлары бар.

Биринчиден, эмне үчүн саясий ыңкылап болду? Ушул даярдалган көп материалдардын убагында каралбаганы, айтылбаганы үчүн.

Ал эми бул альтернативдүү концепция дегендин негизги багыты биз үчүн жаңылык эмес. Эгер Эстониядан, Грузиядан алдык десе, бизде 8 жылдан бери ИИМге көмөк көрсөтүү, реформа деген программа иштеп жатат.

Бизде жалпы жонунан 40тан ашуун мамлекеттен полиция эксперттер келип иштеп жатат. 2006-жылы ошол эле Эстония, Литва, Батыш Европа өлкөлөрүнүн негизинде өзүбүздүн сунушубуз берилген. Эгер Грузиянын чыныгы реформасын окуган киши болсо, ал жакта жеке эле полицияда эмес, жалпы мамлекеттик башкаруу системасында реформа болгон.

Биздин деле маалыматыбыз бар, сынак атаандаштыгы учурунда мурда иштеп жаткандардын 70% кайра эле кызматка алынган. Милициянын толук кандуу өнүгүүсү үчүн биз 5 млрд. сураганбыз. Өкмөт анын 2 млрд. 300 млн. сомун берди. Бул 43% гана. Анын ичинен 80% айлык акыга кетет.

“Азаттык”: Искендер мырза, милицияны реформалоо маселеси көп жылдардан бери козголуп келатат. Бул багытта ЕККУда өз көмөгүн көрсөтүүдө. Сиз көз карандысыз эксперт катары ИИМде реформа болуп жатканын байкап жатасызбы?

Искендер Шаршеев: ИИМди реформалоо аракеттери жүрүп жатат, бирок маңызына жетпей жатат. Буга системалуу жолтоолор болуп жатат, аны сындырыш үчүн саясий эрк керек. Анткени биздин милицияда мыкты эксперттер бар. Тилекке каршы алардын койгон максаттарынан жыйынтык чыкпай жатат.

Үч жума мурда ири ишкерлер тобу менен Грузияга барып келдим. Ошондо Грузиянын ички иштер министри менен жолуктук. Ал Кыргызстанга төрт жолу келиптир. Ал “Кыргызстандын бюджети биздин бюджет менен тең экен. Айрым жеринде ашат экен” дейт. Ошону менен бирге ал жакта милициянын орточо айлык акысы 700 доллар. Грузия министринен "ушундайга кантип жетиш керек" деп сурасам, "силерде менталитет өзгөрө элек" деп жооп берди.

XS
SM
MD
LG