Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:35

ИИМ паракорлордон арылууну көздөөдө


Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн имараты, Бишкек.
Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн имараты, Бишкек.

Министр Зарылбек Рысалиев жакын арада ИИМдин бир топ жогорку жетекчилерине кылмыш иштери козголоорун айтып чыкты.

Ички иштер министри муну милициядагы коррупцияга каршы күрөшүү иши катары сапаттады. Буга чейин ички иштер министринин орун басары Кашкар Жунушалиевге Башкы прокуратура иш козгогон болчу. Адистер бул министрликтеги реформадан айкын натыйжа болбогон сыяктуу эле, паракорчулук менен күрөшүүдөн да жыйынтык болбой тургандыгын айтышууда.

Паракорлор кимдер?

Ички иштер министрлигинде 10-мартта өткөн жыйналышта министр Зарылбек Рысалиев милициянын арасындагы жемкорлукка катышы бар бир топ жогорку жетекчилерге кылмыш иши козголо турганын айтты. Министрдин билдиргенине караганда, коррупцияга каршы күрөштө аскердик чинине, кадыр-баркына, дегеле кимдигине карабай милийса кызматкерлерине катуу чаралар көрүлөт.

Милиция өзүндөгү коррупция менен күрөшө албайт. Анткени, ошол эле баңгизаттын көпчүлүк бөлүгү милициянын жардамы менен ташылат. Булар баары бир түзүмдө иштешет. Анан кантип бири-бирин тазалашат. Өзү паракор болуп турса, анан өзүн-өзү кантип тазаламак эле.
Азиз Иса

Коопсуздук маселелери боюнча серепчи Токтогул Какчекеев министрдин демилгеси колго аларлык деп баалап, милиция эбак тазаланышы керек болчу деген пикирде.

- Рысалиевдин айткандары бул катардагы милдет болуп эсептелет. Буга чейин ИИМдеги, УКМКдагы жана Башкы прокуратурадагы иштерге парламент дайым көз салып, андагы өз шериктерин, туугандарын жана чогуу бизнес жасагандардын кылмыштарын токтотуп келишкен.

Кыргыз милициясын реформалоо иши көп жылдан бери жасалып, бирок анын натыйжасы болбой жатканын жарандык коомдун өкүлдөрү сындап келатат. Алардын айтымында, мунун эң башкы себеби - кыргыз милициясы өзүн-өзү реформалап жатканында. Ушул сыңары эле, милициянын өзүндөгү коррупция менен күрөшүү аракетинен майнап чыкпайт дешет адистер.

Борбор Азиядагы эркин базар институтунун изилдөөлөр бөлүмүнүн деректири, милициядагы чукул реформаны жактап келаткандардын бири Азис Иса буларды билдирди.

- Милиция өзүндөгү коррупция менен күрөшө албайт. Анткени, ошол эле баңгизаттын көпчүлүк бөлүгү милициянын жардамы менен ташылат. Булар баары бир түзүмдө иштешет. Анан кантип бири-бирин тазалашат. Өзү паракор болуп турса, анан өзүн-өзү кантип тазаламак эле.

Мындан тышкары, ИИМдин ишембидеги жыйынында 15-февралда Улуттук коопсуздук кызматынын алдына митингге чыккан мамлекеттик жол коопсуздугунун кызматкерлерине чара көрүлгөнү маалым болду. Маселен Бишкек шаардык жол көзөмөлдөө кызматынын башчысы Ыманалы Саркулов баштаган 4 кызматкери иштен бошотулуп, ички иштер органдарынын катарынан чыгарылган. Андан тышкары 54 кызматкер жумушунан төмөндөтүлүп, башка кызматтарга которулса, дагы 50 кызматкер ар кандай эскертүүлөрдү алышкан.

Иш козголгон орун басар иш үстүндө отурат

Бул адамдар өз кесиптеши, УКМКнын абагында кармалып турганда каза тапкан Айбек Эшбаевдин өлүмүнө тишелүү адамдарды жазалоо талабы менен нааразычылык акциясына чыгышкан болчу. Каза болгон МАИ кызматкери Айбек Эшбаевдин жубайы Шаангүл Эшбаева ИИМ жетекчилигинин аракеттерин адилетсиздик катары баалады.

- Айбек өзүн-өзү өлтүрө турган адам эмес болчу. Ал өзүн өлтүргөн эмес, аны башкалар өлтүрүп койду. МАИ кызматкерлери жандары кейигенинен митингге чыккан болчу. Аларды жумуштан кетирип, туура эмес кылып жатышат. Коррупция ошол чоңдордо жүрүп жатат.

Буга чейин Башкы прокуратура ички иштер министринин орун басары Кашкар Жунушалиевге кызматынан кыянат пайдаланган деп кылмыш ишин козгоп, өкмөт башчы Өмүрбек Бабановго иликтөө иштери акырына чыкканга чейин аны кызматынан убактылуу четтетип туруу сунушун эки ирет жиберген. Бирок Кашкар Жунушалиев бүгүн да өз ордунда иштеп келатат. Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов да, министр Зарылбек Рысалиев аны убактылуу кызматынан четтетип туруу чечимин кабыл алган эмес. Мындай кадамга Жунушалиев өзү да барган эмес. Бул көрүнүштү жума башында “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Дастан Бекешов сынга алган болчу.
XS
SM
MD
LG