Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:58

Чуулуу тасмага каршы митинг


Чуулуу тасмага нааразылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:08 0:00

“Бейкүнөө мусулмандар” тасмасына нааразылык билдирген 100 чакты жаран бүгүн Бишкектеги АКШ элчилигинин алдында митингге чыкты.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдына чогулгандар “Күнөөкөрлөр жазага тартылсын”, “Фильм интернеттен алынсын”, “Пайгамбарыбыз үчүн жаныбызды беребиз”, “Мусулмандарды шылдыңдоого жол берилбейт”, “Пайгамбардан колуңарды тарткыла” деген жазуусу бар плакаттарды кармап турушту.

Жоопко тартуу талабы

Нааразычылык акциясына “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу, аялдардын “Мутакаллим” бирлиги , "Акыл, эс, рух, ыйман” коомдук уюму, “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борбору, “Эркин Кыргызстан” партиясы, “Кыргызстанды сактоо кыймылы” жана башка коомдук уюмдар келди.

Алар АКШ жарандарын, тагыраак айтканда “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасынын авторлорун жоопко тартууну талап кылып чыгышканын “Акыл эс, рух, ыйман” коомдук уюмунун жетекчиси Дүйшөн ажы Абдылдаев билдирди.

- Ал адамдар кимдин үйүндө жашап жатса, ошол үйдүн кожоюну жооп бериш керек. Мисалы, ал адамдар АКШда жашап жатат жана анын жарандары. Андыктан буга түздөн-түз АКШнын жетекчилери, мыйзам чыгаруучулары жооп бериши зарыл.

Митингге чыккандарды 200гө чукул милиция кызматкерлери көзөмөлгө алып турушту. Жарым саатча тургандан кийин нааразычылыктын катышуучулары элчиликке кайрылуу тапшырды. Кайрылууда АКШ президенти Барак Обамадан жана Конгресстен диний кастыкты козуткан тасманын авторлорун жана YouTube сайтынын администрациясын кылмыш жоопкерчилигине тартуу зарылдыгы белгиленген.

Алар менен жолугушууга АКШнын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Дэвид Макормик чыкты. Өз талаптарын элчиликке тапшыргандан кийин депутат Турсунбай Бакир уулу буларды билдирди.

- Элчи өзү жок экен, анын орун басары чыкты. Биз билдирүүнү бердик, анда Барак Обамага жана Конгресске кайрылганбыз. Аны алганын көрдүңүздөр, өзү жообун беребиз деп айтты. Жообун күтөбүз. Эгер ушул иш боюнча АКШ чара көрбөсө, анда кайра чогулууга себеп болот. Анда элчиликке гана эмес, “Манастагы” америкалык базага чейин барсак болот.

Сабырдуулук зарылчылыгы

АКШда жеке жарандар тарабынан тартылып, интернетке жарыяланган тасмага нааразычылык мусулман өлкөлөрүнөн башталган. Алар тасма Мухаммед пайгамбарды мазактаганын айтып, АКШ элчиликтерине кол салууларды да уюштурган. Мындай кагылышуулардын биринде АКШнын Ливиядагы элчиси каза тапса, Ооганстандагы жанкечтинин жардыруусунан кыргызстандык Эсенбек Ниязалиев 11 киши менен бирге жан берген.

Бишкектик талдоочу Уран Ботобеков “Азаттыкка” курган маегинде тасманын авторлорунун жасаганын жол берилгис иш деп эсептейт. Ошол эле учурда ал кызуу кандуулук маселени чечпесин билдирди.

- Эки тарапка тең толеранттуулук маселеси абдан зарыл болуп турат. Дүйнөдө андан саясий упай топтойм деген кээ бир топторду көрүп жатабыз. Алар басып алып, адамдарды өлтүргөн окуялар да болду. Андан толеранттуулук орноп калбайт деп айтаар элем. Кыргызстандагы мусулман жамааттарына да ошону айтат элем.

Кыргызстанда бул чуулгандуу “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасына карата эки ача пикир бар. АКШ элчилигине чыккандардан айырмаланып, айрым динзарлар аталган тасма үчүн митинг өткөрүүнүн зарылчылыгы жоктугун белгилешүүдө. Маселен, буга чейин мындай оюн спикердин орун басары Төрөбай Зулпукаров парламентте айтса, муфтият да ушундай турумду карманат.
Митингден сүрөт баян

XS
SM
MD
LG