Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:05

Ташиевдин тарапкерлери жол тосту


Жалал-Абаддагы митинг, 4-октябрь, 2012.
Жалал-Абаддагы митинг, 4-октябрь, 2012.

Жалал-Абадда камалган 3 депутатты бошотууну талап кылган митинг өтүп, анын соңунан Бишкек-Ош жолу тосулду.

4-октябрда облустук бийликтин маңдайына Жалал-Абад жана Ош облустарынын шаар-кыштактарынан чогулгандар бийликке негизги талаптары камтылган тасмаларды кармап турушту. Алар Бишкекте 3-октябрда тополоң менен аяктаган митингден кийин камалган депутаттар: Ташиевдин, Жапаровдун жана Мамытовдун бошотулушун талап кылышты.

”Ата-Журт” партиясынын облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Рашит Сулайманов митингдин талаптары тууралуу буларга токтолду:


- Биринчи талап – Кумтөр боюнча элдин кызыкчылыгын коргогону үчүн камалган “Ата-Журт” партиясынын жетекчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов токтоосуз боштондукка чыгарылсын. Булар элдин кызыкчылыгы үчүн камалганын элдин баары көрүп-билип турушат. Өздөрүнүн кызыкчылыгын ойлогон жок да. Экинчи талап – Кумтөр маселеси кайрадан каралып, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынып,чечилсин! 3-октябрда Бишкекте митинг болгондо өкмөттөгүлөрдөн бирөө жарым элдин алдына чыгып, түшүндүрүп койсо, жакшы болот эле да. Кумтөр келишимин кайра карап чыгалы деп коюшса эле эл таркап кетмек да...

Чогулган элди Кара-Суу районунан келген Мээркан Бердибаева эне биримдикке чакырды.

Нааразылык акциясына ондогон тартип сакчылары жана Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү, элдик кошуундун мүчөлөрү көз салып турушту.

Өкмөттүн облустагы өкүлү Жусубалы Төрөмаматов митингчилер койгон талап боюнча жогорку бийлик менен сүйлөшөөрүн айтты.

Ал эми Акылбек Ташматов аттуу карыя өзү жашаган Ала-Бука районундагы алтын кендери өлкөнүн пайдасы үчүн иштөөсүн каалап, мыйзам жолу менен аракеттенсе туура болоорун билдирди:

- Ала-Буканын өйдө жагында Терек-Сай деген жер бар. Кытайдан келишип алтынын алып, кара ташы калган бир убактарда. Ушундай байлыгы бар жерлердин маселесин балдарым, тополоң кылбай, мыйзам чегинде чечели. Мыйзам чегинде элдин уулдарынын бошотулушун талап кылабыз!

“Ата-Журт” партиясынын Жалал-Абад шаарындагы төрагасы Жеңиш Токторбаев мамлекеттин кадр саясатына нааразы болду. Ал кармалган депутаттарды өзү үчүн эмес, өлкө калкынын келечеги үчүн митингге чыгып, партиядан шайланган бир депутатка кечээ желим ок тийип, экинчиси катуу уруп-согулуп кармалганын жар салды:

- Андай саясат кылбоо керек. Элге кадыры сиңген бир лидер чыкса,эл барктай баштаса, эмне, аны жок кылуу керекпи?

Шаардын айрым тургундары болсо азыркы тапта өлкөгө тынчтык өтө зарыл экенин "Азаттыкка" айтып жатышты. Айталык, жалалабаддык Анара Жумагулова Кумтөр маселесин нааразылык акциясы аркылуу чечүүнү жактабайт:

- “Центтерра голд” маселеси момундай түрдө, митинг менен чечилбеши керек.Себеп дегенде коомчулук деген,эл аралык уюмдар деген бар.Инвестиция бизге таптакыр келбей коёт. Момундай эле басып алсак, улутташтырсак деп жүрө берсек, Кыргызстан өнүкпөйт. Менин оюмча, минтип митинг уюштуруу таптакыр туура эмес, эч качан мындай иш-чара жасабоо керек. Митингдер бизди тажатты.

Митингге чыккандар эртең кайра чогулмак болуп, түштөн кийин тынч таркап кетти. Ага митингди алып баруучу Козукеевдин айтымында эки миң, байкоочулардын эсебинде 400дөй, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Насыркуловдун болжолунда жүздөн ашык адам катышты.

Ушул эле күнү кечке жуук жүз элүүдөй киши Бишкек-Ош жолунун Барпы айыл өкмөтүнө караштуу бөлүгүн тосуп, боз үй тигип алганы кабарланды. Жолдун эки тарабында заматта ондогон унаалар топтолуп, мындай жол тосуу жүргүнчүлөр менен айдоочулардын нааразылыгын жаратты. Жол тоскондор бийликке камалган депутаттарды бошотуу талабын коюшкан. Облустук милициядан кечки саат тогуздарда жол ачылганын "Азаттыкка" билдиришти.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG