Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Кумтөр меморандуму парламентте


Жогорку Кеңеште Кумтөр боюнча меморандум каралып жатат. Жыйынга өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган министрлер, Башкы прокурор Аида Салянова, бир катар эксперттер катышууда.

Бул меморандумдун парламентте колдоо табышы кыйын болчудай. Караколдо элдин нааразылык акциясына чыгуусу ага кошумча түрткү бериши ыктымал. Меморандумду жокко чыгаруу талабы менен кошо өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгеси да парламентте көтөрүлө баштады.

Жантөрө Сатыбалдиев жана анын өкмөтү Кумтөр боюнча “Центерра голд” менен жетишкен макулдашууну компромисстин чеги катары белгилеп келатат. Меморандумга ылайык, эки тарап Кумтөрдү иштетүү үчүн биргелешкен ишкана түзүп, анда 50 пайыздан ээлик кылууну макулдашкан. Мына ушул меморандумду парламент 3-октябрда карай баштап, бирок 9-октябрда улантууну чечкен.

Өкмөттүн маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун билдирүүсүнө караганда, өкмөт 9-октябрда меморандумду парламентте колдоого чакырат:

- Депутаттар саясатка алып эле колдобой жатышат. Өкмөт Кыргызстандын кызыкчылыгын эң жакшы коргогон келишимге жетише алды. Эгер Жогорку Кеңеш колдоп берсе, Кумтөрдөн түшүп жаткан кирешенин 70% Кыргызстанда калат.

Бирок өкмөт жетишкен меморандум Кыргызстан коомчулугун жана парламентти канааттандырбаганы маалым.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рысбаевдин айтымында, алар Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүүнү талап кылышууда:

- 50 пайыздан бөлүүгө каршыбыз. Мындай болбойт. Ошон үчүн "сүйлөшүп туруп 67% чыгарасыңарбы, 70%га чыгарасыңарбы, анан алып келгиле. Болбосо келишимди бузууга барабыз" деп жатабыз.

Рысбаевдин айтымында, өкмөт буга көнбөсө, анда аны кызматтан кетирүү талабы күчөйт.

Чындыгында Жогорку Кеңеште бир да фракция меморандумду колдоп чыккан жок. Башкаруучу коалициядагы “Ата Мекен” фракциясы ачык каршы чыгып, Кыргызстандын үлүшү 67% болуш керек деген позициясын билдирген. Бул фракциянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы Эркин Алымбеков меморандумду айыптоо менен бирге өкмөттүн кызматтан кетирүү демилгесин көтөрөрүн билдирди.

Кумтөрдү Кыргызстанга толук кайтаруу же бери дегенде 67% ээлик кылуу талаптары Нарында, Караколдо митингдерде коюлду.

Кумтөр боюнча митингдер оппозициянын активдешүү мезгилине туура келүүдө. Маселен, учурда “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Кара-Кулжа, Аксы райондорунда эл менен жолугушууларды өткөрүп, Кумтөр боюнча чыккан митингчилерди колдоосун билдирүүдө. Ал эми "Каршылык көрсөтүү" кыймылы 10-октябрда Таласта митинг белгилегени маалым. Ал жерде да бийликке каршы чакырыктар менен кошо кендерге байланыштуу талаптар коюлары күтүлөт.

Бул арада "Кумтөр" ишканасынын жумушчулары мамлекет жетекчилерине ачык кат менен кайрылып, анда Кумтөр кенинин иши үзгүлтүккө учуратпоого чакырды.
Кыргызстан тоо-кенчилер кесиптик кошуундар уюмунун жетекчиси Элдар Тажибаев биринчи кезекте кендин иши үзгүлтүккө учурабаш керек дейт:

- Эң башкысы Кумтөр токтобош керек. Кумтөр иштеш керек. Биздин позициябыз ушундай. Мисалы, Кыргызстан дивиденд катары жылына 12 млн. доллар алат. Кенде иштеген 3.5 миңге жакын жумушчу жыл сайын өздөрүнүн айлыгынан Соцфондго киреше салык катары 15 млн. доллар төлөйт.

Тажибаевдин пикиринде, Жогорку Кеңеш шайлаган өкмөт тиешелүү меморандумга жетишти. Эгерде дагы сүйлөшүүлөр болуп, Кыргызстандын үлүшү көбөйтүлө турган болсо, анда ал сөзсүз кубаттоого алынат.

Ошентип Кумтөр жаңжалы Кыргызстанды дагы бир ирет оор кырдаалга дуушар кылды. Өзгөчө Жети-Өгүз районунда татаал жагдай түзүлүп, жергиликтүү калк менен бийликтин тирешүүсү күч алып баратат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG