Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Турсунбеков: Кумтөрдү өзүбүз иштетели


Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков парламенттин Кумтөр боюнча соңку чечимине байланыштуу суроолорго жооп берди.

- Кумтөр боюнча токтом парламентте бир добуштан кабыл алынды. Демек сиз жетектеген фракция да бул чечимди колдоду. Социал-демократтардын мындай позициясы эмнеге негизделди?

- Биз ага чейин фракциянын 15 мүнөттүк жыйынын өткөрүп, бул маселени талкууладык. Өтө чоң саясый оюн болуп жатканы, Кумтөр ошол оюндун шылтоосу, бул оюндун артында тургандар “Ким өкмөттүн чечимин кодосо, ал чыккынчы, саткын!” - деген идеологиялык куралын камдап турганы ачык айтылды. Ачыгын айтышыбыз керек, эртеңки күнү мындай жарлыкты моюнубузга илип алып, эл алдына чыккыбыз келген жок. Ошондуктан биз да бул популисттик чечимди колдоого аргасыз болдук. Куру кыйкырык, ураандардын баары дал ушул саясый спектакль үчүн даярдалганы, комитеттин башчылыгынан кетем деп кагазын жазып жүргөндөрдүн өзү да ушул оюндун бир деталы экени көрүнүп турду.

- Оюн оюну менен, бирок бул чечимдин кесепети кандай болушу мүмкүн Кыргызстан үчүн?

- Жыйырма жылдык тарыхыбыз жана соңку үч жылдагы окуялар көрсөтүп тургандай, Кумтөр дайыма саясый оюндун куралы болуп келатат. Муну токтотуш үчүн мен бир гана жол көрүп турам – Кыргызстан 100% алып, өзү иштетиш керек. Албетте, өз алдынча иштетиш өтө оор. Бирок Кыргызстандын эли жанагыдай саясый оюндардын куралы боло бербей, бир жолу белин бекем бууп, 100% алып иштеткенге, кыйынчылыктарга даяр болушу керек.

- Кыргыз өкмөтү өзү иштетип кете алышына сиздин көзүңүз жетеби?

- Дайыма эле ызы-чуунун ортосунда жүрө бербей, улам бир айылдын эли көтөрүлө бербей бул маселеге чекит коюш керек.

- Инвестор менен келишимди бузуу Кыргызстандын экономикасы үчүн кыйын болот деп айтылып жатат. Демек кыргызстандыктар окуянын ушундай өнүгүшүнө даяр боло беришибиз керек экен да?

- Кумтөрдүн тегерегиндеги оюнду токтотуунун бир гана жолун көрүп жатам – 100% өзүбүз иштетишибиз керек. Бул өтө оор жол болот. Бирок жанагыдай оюндарга чекит коёбуз. Башка арга жок.
XS
SM
MD
LG