Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Муфтият талапкерин тандады


Убактылуу муфтий Максат ажы Токтомушев. (Сүрөт муфтияттын сайтынан алынды)
Убактылуу муфтий Максат ажы Токтомушев. (Сүрөт муфтияттын сайтынан алынды)

Муфтийдин милдетин аткаруучу Максат ажы Токтомушев маалымат жыйынын өткөрүп, диний башкармалыктын алдыдагы иш-мерчемдерин айтып берди.

Муфтияттын жамааты болсо Максат Токтомушевди муфтийликке бекитип берүүнү 8-февралда курултайда суранганы жатат. Токтомушев Кыргызстанда “Таблиги жамааттын” жолбашчысы катары белгилүү. Диний чөйрөдө жана мамлекеттик органдарда “Таблиги жамаат” боюнча бирдиктүү пикир жок.

Жаңы муфтийден жаңы пландар

Муфтийдин милдетин аткаруучу Максат ажы Токтомушевдин айтымында, ал муфтият менен мамлекеттик бийлик органдарынын ортосундагы алаканы жакшыртуу, муфтиятты ичин туура эмес кадрлардан тазалоо, эң башкысы Кыргызстанда ханафи мазхабын жайылтып, бекемдөөнү максат кылат.

- Ишенимге, ыйманга байланыштуу маселелерде Имам Азамдын ханафи мазхабын таратууга гана аракет кылабыз. Анткени журт башчыбыз да муну колдоп жатат. Аалымдарыбыз да муну колдоп, түптөп келген. Мейли, Саудиядан, Пакистандан, Түркиядан, Египеттен, Ирандан же бул жактан окуган болсун, же дагы Америка, Англиядан диний билим алып келсин, бирок Кыргызстанда ислам динин таркатуу жана жайылтуу ханафи мазхабынын негизинде гана жүрүшү керек.

Ошондой эле Токтомушев жамааттар ортосундагы мамилени бекемдөөнү, ажылыкты уюштуруу иштерин жөнгө салуу боюнча иштерди жүргүзөөрүн билдирди. Мындан тышкары, ал кайрымдуулук менен алектенген чет элдик диний уюмдар тымызын өз идеологиясын жана саясатын жүргүзүүгө жол берилбеши керек деп эсептейт.

- Азыр четтен келип иштеп жаткан канча деген уюмдар бар. Бирок бир аз тартипсизирээк. Ушул багытта да башаламан болбой, Кыргызстанда ханафи мазхабы жана матруди ишеними гана таркатылсын деп жатабыз. Чет мамлекеттерден келип, мечит куруп жардам береби, башка кылып жардам береби, артынада идеология болбосун деп жарыя кылдык. Алардын берген жардамы үчүн биз албетте эки колубузду көтөрүп, колдойбуз, ыракматыбызды айтабыз. Бирок анын арты менен өздөрүнүн саясатын жүргүзгөнгө, өзүнүн идеологиясын таркатканга уруксат бербейбиз.

Ханафи мазхабы демекчи, ал исламдын сунни багытындагы төрт укуктук мектептин бири. Орто Азия элдери илгертен ишеним жана шарият маселелеринде ханафи мазхабынын чечимдерине таянып келген. Бирок акыркы кездери бул мазхабдан баш таркан, аны адашуучулук катары сыпаттаган адамдар, аалымдар да жок эмес.


КМДБ: биздин талапкер Токтомушев

Максат Токтомушев 7-январда уламалар кеңеши тарабынан муфтийдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Муфтият 8-февралдагы мусулмандардын курултайында анын талапкерлигин бекитип берүүнү суранганы жатат. Азырынча, андан башка талапкердин аты атала элек. Ошол эле кезде Токтомушев өз талапкерлигин койбостон, таза жана калыс шайлоону камсыздап бериши керек болчу деген пикирлер да бар.

Саясий илимдердин кандидаты, теолог Тимур Козукулов муфтийди шайлоо адилеттүү болорунан күмөнү бар.

- Бул жерде таза шайлоо, адилеттүү шайлоо деген болушу мүмкүн эмес. “Муфтият жөнүндөгү” мамлекеттик мыйзам болмоюнча бул нерселер улана бере турган болуп калды. Себеби, Кыргызстанда азыр бир канча диний мектептер (багыттар) бар. Алар өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн бул оюнга аралаша берет. Мисалы, Максат Токтомушев муфтий болбойм десе да, аркасынан “муфтий болосуң” деп түртүп жаткан мектеби жана жамааттары бар.

Токтомушев “Таблиги жамаат” уюмунун лидери, дааватчы катары да белгилүү.

Диний маселелер боюнча эксперт Канат Мурзахалилов Токтомушевдин бул билдирүүлөрү иш менен коштолушу керек дейт:

- Токтомушев салттуу исламды колдоп, ар тараптан өнүктүрөм, мамлекеттик органдар менен тыгыз иштешем жана кадрдык иштерди өркүндөтөм деген маанилүү билдирүүлөрдү жасады. Эгер өзүнүн айткан сөздөрүнүн өтөсүнө чыкса, албетте жакшы болмок. Эгер тескерисинче, бир эле жамаатты (“Таблиги жамаатты”) колдоп, анын мүчөлөрүн кызматтарга дайындай турган болсо, жакшы болбой калат.

Ал эми “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун директору Кадыр Маликов кезектеги курултай муфтияттын тегерегиндеги бардык оюндарга чекит койсо деген үмүттө:

- Мамлекеттик бийлик органдары бир канча жолу “Таблиги жамаат” боюнча маселе көтөргөн. Эгер муфтий ушул кыймылдан боло турган болсо, анда карама-каршы жагдай түзүлүп калчудай болуп турат. Дегеле бул маселеде абдан ойлонуп кадам ташталышы керек. Экинчиден, бийлик “Таблиги жамаатты” анын муфтияттагы кадырлуу адамдары аркылуу көзөмөлгө алгысы келет.

Бирок Максат Токтомушев аны кайсы бир уюмга таандык деп атаганга каршы жана жамааттар ортосундагы ынтымакты чыңдайм деп убада кылууда. Айрым маалыматтарга караганда, мамлекеттик органдар жана эксперттер учурда “Таблиги жамааттын” ишмердигин жана адабияттарын тыкыр изилдеп чыгышууда.

Токтомушев эки дипломдун ээси. Кыргызстандагы Айыл чарба академиясын жана Пакистандын Лахор шаарындагы Араб университетинин шариат бөлүмүн бүтүргөн. Буга чейин Бишкек шаарынын казысы, муфтийдин орун басары болуп иштеген. 4-5 тилде эркин сүйлөйт. Ал эми мурдагы муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө тасма чуусунан кийин кызматынан кеткен эле.

Убактылуу муфтий маалымат жыйынында, 13-январь

Муфтий: Тазаланууну өзүбүздөн баштайбыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:06 0:00
XS
SM
MD
LG