Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:16

Мөңгү мыйзамы “Центерраны” муздатты...


Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

Жогорку Кеңеш “Мөңгүлөр жөнүндөгү” мыйзамды кабыл алды. Мөңгүлөр жаткан жайларда геологиялык чалгындоо, өнөр жай иштерин жүргүзүүгө тыюу салган мыйзам Кумтөрдө алтын казган “Центерра голд инк” компаниясын түйшүккө салууда.

Парламент кабыл алган “Мөңгүлөр жөнүндөгү” мыйзам президенттин кол коюусуна жиберилген. Эгерде президент ага кол койсо, бул мөңгүлүү бийик тоолордо тоо-кен иштерин жүргүзүүгө чек коет. Азыркы кезде мөңгүлүү жерде Кумтөр кени иштетилип жатат. Ошондуктан бул мыйзам “Центерра голд инк” компаниясын өзгөчө тынчсыздандырууда.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары жана экология боюнча комитеттин төрагасы Сайдулла Нышановдун айтымында, бул мыйзам Кумтөрдөгү катачылыктарды эске алуу менен кабыл алынды:

- Кумтөр бизге чоң сабак болду. Себеби мөңгүнүн үстүнөн талкалашты. Мөңгү бул жаратылыштын уникалдуу, кооз, бай жери. Ошону сакташ үчүн келечекте кендерди казганда мөңгүнүн үстүнөн эмес, астынан кирип каза турган болушун камсыз кылдык. Мөңгүнүн үстүнөн тебелебесин дедик. Бул мыйзам жалгыз эле Кумтөргө тиешелүү десек туура эмес болуп калат.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, өкмөт Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн тизмесин түзөт. Ал тизмедеги мөңгүлөр беш жылда бир жолу текшерүүдөн өткөрүлүп турууга тийиш. Эгерде мөңгүнүн айлана-тегерегинде кен казуу же башка бир иштер жүргүзүлүп жаткан болсо, анда ал жыл сайын текшерилип турушу керек.

Мыйзам мөңгү жаткан жерлерде геологиялык чалгындоо жана өнөр жай иштерин жүргүзүүгө тыюу салат. Кандайдыр бир жол менен мөңгүгө зыян келтирилсе, аны жасаган адам административдик жана кылмыш жообуна тартылат. Ошол эле мезгилде келтирилген зыянды калыбына келтирүү жоопкерчилигинен бошотулбайт.

Кыргызстан тоо кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеев “Мөңгүлөр жөнүндөгү” мыйзам эл аралык стандартка туура келет деп эсептейт. Бирок Кумтөр иши башталганда бул мыйзам жок болчу. Ошондуктан мыйзамдын талаптары Кумтөргө тиешелүү болбой тургандай болуш керек дейт Дүйшеев:

-Муну Кумтөргө тиешеси жок деп чечим чыгарыш керек. Эгерде анын Кумтөргө да тиешеси бар десек, анда Кумтөр токтойт. Токтогондон кийин катастрофа болот.

Орозбек Дүйшеев.
Орозбек Дүйшеев.
Дүйшеевдин маалыматы боюнча, мына ошондуктан “Центерранын” жетекчилиги бул мыйзамдын күчүнө киришин абдан кооптонуу менен карап турат. Анын үстүнө Кумтөрдө азыркы кезде мөңгүнү бузуп, аны башка жерге которуудан кийин гана кен казуу иштери жүргүзүлө турган абалга келген .

Белгилеп кете турган нерсе, 8-майда Торонто шаарында “Центерранын” акционерлеринин жыйыны болот. Мына ошол жерде Кумтөр боюнча жаңы келишим, жагдайлар талкууланышы күтүлөт.

“Центерра голд инк” “Майниг уикли” жумалыгына берген маалыматында “Мөңгү жөнүндөгү” мыйзамдын кабыл алынышы аларды бүдөмүк абалга алып келгенин, эми алар мыйзамга президенттин кол коер, койбосун күтүп жатышканын билдирген.

Депутат Сайдулла Нышановдун айтымында, мыйзамдын Кумтөрдөгү өткөн иштерге таасири болбошу мүмкүн. Бирок мыйзам күчүнө киргенден кийин анын талаптарын Кумтөр да, башка компаниялар да аткарууга тийиш.

“Мөңгүлөр жөнүндөгү” мыйзамдын негиздемесинде көрсөтүлгөндөй, Кыргызстанда 6582 мөңгү бар. Алар Алай тоо кыркаларында, Кыргыз Ала-Тоосунда, Какшаал-Тоодо, Сары-Жаз жана Жаңгак дарыяларынын башатында, Талас тоо кыркасында, Күңгөй Ала-Тоодо жайгашкан.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG