Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Алай: жол буугандар менен сүйлөшүү башталды


Ош-Эркеч-Там жолун бууп турган Акматбек Келдибековдун жактоочулары. Алай, 3-июнь.
Ош-Эркеч-Там жолун бууп турган Акматбек Келдибековдун жактоочулары. Алай, 3-июнь.

Акматбек Келдибеков сегиз күндөн бери Алайда Ош-Эркеч-Там жолун бууп турган тарапкерлерин жолду ачууга үндөдү.

Коргоо комитетинин төрагасы Керим Сарбашев каршылык акциясында тургандар Келдибековдун суранычын аткаруудан баш тартканын билдирди. Элдик дипломатиянын негизинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мунасага келүү аракетинен азырынча жыйынтык чыга элек. Бийликтер жолдун бөгөлүп турушунан улам келип чыккан чыгымдын өлчөмү 150 миллион сомго барабар экенин жарыялады.

Келдибековдун өтүнүчүн жактоочулары четке какты

Келдибеков жактоочуларына кат жүзүндө кайрылып, алардын чындык издеген аракетине таазим кыларын айтып, бирок күрөштү ата-бабадан келаткан даанышмандык жана сабырдуулук менен жеңүүгө үндөдү. "Укук коргоо органдарынын жана бийликтин адилетсиздигине чыдабай, чындыкты талап кылып жол тосуп жатканыңыздарды түшүнүү менен кабыл алам” – деп бирок башкаларга ыңгайсыздык жаратпоо үчүн кан жолду ачууну суранган. Жолду буугандар өз ара кеңешип, негизги талап аткарылмайынча жолду ачпоо чечимине келишти. Келдибековду Коргоо комитетинин төрагасы Керим Сарбашев бул боюнча мына буларга токтолду:

- Мында чогулуп турган элге ал кайрылууну окуп бердим. Бирок эл аны кабыл алган жок. Бул жерде мына ошол талап аткарылмайынча эл таркабай, аягына чейин турабыз деп турат. Келдибековду бошотуп, мына ушул жерге алып келген соң гана жол ачылат.

Жакында жолду бөгөп алгандардын арасынан атчандар топтолуп чыгып, аларга байкоо салып турган тартип сактоо органдарынын кызматкерлерин кубалаган тасма жарыяланган. Ички иштер органдары бетин чүмбөттөп алган атчандар милицияны урганы боюнча иш козголгонун билдирген. Бирок ушул кезге чейин мына ушул иш боюнча тергөө иштери жүргүзүлө элек. Анткени жол буугандар өздөрүнүн арасына тартип сакчыларын киргизбей жатканы маалым. Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкы башкармалыктын башчысы Сүйүн Өмүрзаков тартип бузуучуларга мыйзамдын чегинде чара колдонула турганын айтты:

- Андагы тартип бузуу аракеттеринин бардыгы каттоого алынып жатат. Мына ошол өткөндөгү окуяда колдонулган аттардын түсү, белгилери, адамдардын өздүгү бардыгы бизге белгилүү. Анан эми ошолордун бардыгы эле ошол айылдын жигиттери да. Алар эми туура чечим чыгарат деп күтүп турабыз. Азыр эми сүйлөшүүлөр бүтсө, анан ошонун жыйынтыгына жараша чечим болот. Эгерде алар укпай койсо мыйзамда каралган тартипте иш алып барылат.

Кууш капчыгайда тургандардын талабы

Келдибековдун жактоочулары жолду Сопу-Коргондун башындагы кууш капчыгайдан бөгөшкөн. Бул капчыгай 19-кылымда Алымбек Датканын уулдары орус аскерин тосуп алып, оор сокку урганы менен тарыхта калган.

Жеңиш Ашырбаев.
Жеңиш Ашырбаев.
Жергиликтүү милициянын маалымат кызматынын өкүлү Жеңиш Ашырбаев жолду күч менен бошотуу оңой эместигин белгиледи:

- Жол жөндөн жөн эле ачылбайт. Алар өз ыктыяры менен ачып беришпейт. Ал жерде албетте күч колдонулушу мүмкүн. Андан бирөө жарым жабыркап, айрымдары майып болуп калышы да ыктымал. Андагы 120 адамды алып барып камаганда деле жолго алардын миңдей тууганы чыгып алышы мүмкүн. Ал жерде жетиштүү күч бар. Бирок бийлик күч колдонбой туруп, маселени чечүү позициясын карманып турат. Мунун сценарийи Аксы окуясынын сценарийине окшоп турат. Мында күч колдонулуп кеткенине кимдир бирөөлөр кызыкдар болуп жаткандай. Ошондуктан мына ошондогудай катачылык кетирбешибиз керек.

Жыйынтыгы белгисиз сүйлөшүүлөр

Мына ошондуктан бийлик сүйлөшүү аркылуу жолду ачтырууга аракет кылууда. Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен аксакалдардын мындай аракетинен майнап чыккан жок. Мына ошондуктан тараптардын ортосунда жабык сүйлөшүүлөр башталганы айтылууда. Ошондой сүйлөшүүлөрдүн бирин 5-июнда Ошко учуп барган тажрыйбалуу аксакал саясатчы Үсөн Сыдыков баштаган топ жүргүзүүдө. Бул тууралуу айткан “Жаңы Кыргызстан” партиясынын өкүлү Керим Макеев анын жыйынтыгы азырынча белгисиз экенин билдирди:

- Алар бүгүн Бишкектен келишти. Азыркы учурда Ошто. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Талап бирөө гана – Келдибековду бошотуу. Бирок азырынча сүйлөшүүнүн жыйынтыгы кандай болгону белгисиз. Жолду бөгөп тургандар вице-премьер-министрге талап коюшкан экен. Анан эми ал талапка жооп болбой турган болсо үч күндөн кийин жол тоскондордун жарымы Ошко жөө жүрүшкө чыгабыз деп турушат.

Ошто жүрүп жаткан жабык сүйлөшүүлөргө башка кандай саясий күчтөр же саясатчылар катышып жатканы белгисиз. Коррупцияга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу айыбына шектелип, камалган Келдибековдун ишин кароо 27-июнга жылып, ага чейин аны абакта кармоо чечими чыккан болчу. Ош-Эркеч-Там жолу Кыргызстан менен Кытайды байланыштырган эл аралык трасса болуп эсептелинет.

XS
SM
MD
LG